Мыйзам долбоордун негиздемесинде күрөө колдонуу механизмин өркүндөтүү максатында бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталганы жазылган.
Ошондой эле мыйзам долбоорунда сот жыйналыштарына катышкан жактардын өтүнүчү же өз демилгеси менен сот отурумун теле, радио жана (же) интернет аркылуу түз эфирде көрсөтүүгө уруксат берүү сунушталат.
"Ошону менен бирге мыйзам долбоорунда соттук териштирүүлөрдү жүргүзүүдө аудио жана видео жазып алууну колдонуу нормасын күчөтүү жана аны милдеттүү кылуу сунушталат. Анткени иш жүзүндө көпчүлүк учурларда соттор тарабынан видео жазуу жүргүзүү колдонулбайт. Соттук отурумун аудио жана видео жазуусуз өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала турган учурларды кошпогондо аудио жана видео жазуу жабдууларынын жоктугу же бузук экендиги соттун чечимин өзгөртүү, кайра карап чыгуу же жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналары мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле көбүрөөк кылмыштын бетин ачуу, иш кароо убактысын кыскартуу, укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, кылмыштуулукту азайтуу үчүн тергөө менен кызматташуу жаатында бир катар өзгөртүүлөр сунушталган.
Мыйзам долбоору менен толук шилтеме аркылуу таанышууга болот.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев