ТЭЦтеги жарылуудан жабыркаган эки бейтап Бишкекке алып келинип, Тез жардам ооруканасында дарыланууда
Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, эми алар Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илим-изилдөө институтуна которулмакчы.
"Учурда алардын абалы туруктуу, бирок алдыда реабилитация, андан кийин этаптуу реконструкциялоо операциялары талап кылынат", — деп жазылат билдирмеде
Жалал-Абад шаарындагы "Шабдалы-Зар" соода-базар комплекси мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал Кадыржан Батыровдун аффилирленген жактарына таандык болуп, баасы 412 миллион 111 миң сомду түзөт.
"Жалал-Абад мэриясы 1994-жылы "Дустлик" ААКсы менен аффилирленген жеке компанияга мыйзамсыз жер тилке бөлүп берген. Аталган акционердик коомдун акцияларынын контролдук пакетинин 85 пайызы Кадыржан Батыровго таандык болгон. Тактап айтканда, аталган жер тилкеси Батыровго мыйзамсыз сатылып, ал өз кезегинде 2009-жылы жалган бүтүм аркылуу М.А. жана Р.Ш. (К.Батыров менен аффилирленген жактар) менен сатып алуу-сатуу келишимин түзгөн", — деп жазылган маалыматта.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстандан ЕАЭБ аймагынан тышкары кумшекер экспорттоого убактылуу тыюу салууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн аталган продукцияга болгон муктаждыгы 145,7 миң тоннаны түзөт.
"Бүгүнкү күндө кампаларда 74 миң тонна кант бар. Россиядан 28,5 тонна ташып киргизүү квотасы менен 102,5 тоннага жетет. Баанын кескин өсүп кетишине жол бербөө үчүн жана Россия, Казакстан камыш (тростник) же кызылча кантын ташып чыгууга убактылуу тыюу салганын эске алып, кантты Кыргызстандан (реэкспортту, транзитти, ошондой эле министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды
Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим 15-16-майда расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Маалыматка ылайык, Анвар Ибрагим Борбордук Азия боюнча сапарынын алкагында Кыргызстанда болот.
Өлкөдө ал жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт. Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алаканы жакшыртуу талкууланары белгиленди.
Өлкө башчы президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин жакындары да отчет берерин "Кабар" агенттигине берген маегинде айтты
"Мөөнөтүм бүтүп кызматтан кетип жатканда өзүм эле эмес, бир-туугандарым, бала-чакамдын кимиси өлкөбүзгө канча каражатты кайдан инвестиция кылып алып келгени, кайсы мекемелерди курушканы, кайсы тармакка канча каражат салганы, кыргыз элине, мамлекетибизге кандай пайда алып келишкени жөнүндө ар бирине отчёт бердирем. Ошондо көп чындыкты билесиздер. Азырынча айтпай турайын", — деген Садыр Жапаров.
❗Кызыктуу, ыкчам жана так маалыматтар биздин Telegram каналда 👉👉👉 https://t.me/sputnik_kyrgyzstan_kg
  • Класс
Кыргызстандан эч ким бир грамм да алтын уурдай албайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигиндеги маегинде билдирди.
Өлкө башчыга журналист "Асхат Осмонов аттуу жаран социалдык тармакта кыргыз алтынын чет өлкөгө жашыруун чыгарып кетишүүдө деген видео таратты. Ал сиздин байкеңиз Сабыр Жапаровду бул ишке тиешеси бар деп айыптоодо. Буга эмне дейсиз?" деген суроо узаткан.
Жапаров өлкөдөн алтын уурдоо мүмкүн эмес экенин белгиледи.
"Ал видеону көрүп күлкүм келди. Алтын уурдап башка өлкөлөргө чыгарып жаткан кишилер ошондой видео жасап, анан социалдык тармакка өздөрү таратат беле? Бүгүнкү күндө биздин өлкөдөн тоннасын бул жакка коёлу, бир грамм алтынды эч ким уурдай албайт! Өкмөт
  • Класс
Өлкөдө жарым жылга жумуртканын импортуна тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги коомдук талкууга койду.
Мындай чечимди жергиликтүү ишкерлердин кайрылуусунан кийин кабыл алуу каралган. Алар ички муктаждыкты толук камсыздай турганына ынандырышууда. Максаты азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, бааны турукташтыруу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо экени айтылган.
"Кыргызстанда ири жана үй-бүлөлүк майда чарбаларда жумуртка өндүрүлөт. Бул сектор өлкөнүн айыл чарбасынын олуттуу үлүшүн түзүп, көптөгөн айыл тургундары үчүн кирешенин маанилүү булагы болуп саналат", — деп жазылган документтин негиздемесинде.
Респуб
Показать ещё