Танкага каршы пайдаланылган россиялык "Рефлекс-М" комплекстери атайын операцияда жакшы натыйжаларды берүүдө. Бул туурасында аскердик эксперт Александр Хроленко танкага каршы колдонулган "Рефлекс-М" комплексинин артыкчылыктары тууралуу айтып берди.
Т-72Б3М, Т-80БВ, Т90А/М, БМП-3 жана БМД-4М согуштук техникаларын башкаруу системаларына "Рефлекс-М" бириккенде танкалык жана мотоаткычтар бөлүктөрүнүн кубаттуулугу артат. Таамай тийген "Инвар-М1" ракеталары 125 миллиметрлик калибрлүү куралдар менен кое берилип, жарым автоматтык лазер нуру менен башкарылат. Мээленген бутанын узактыгы 5,5 чакырымга чейин жетип, каршылаш тараптын сооттолгон техникасын ок чыгарган чектерге жеткирбей 2,5 чакырым аралык
Ушул жылдын 1-апрелинен тарта Россияда жашап турууга уруксат же Россия жарандыгын ала турган чет элдиктер бул мамлекеттин айдоочулук күбөлүгүн алышы керек. Бул тууралуу PG Partners юридикалык фирмасынын улук башкаруучу өнөктөшү Петр Гусятников "Прайм" агенттигине билдирген.
Анын айтымында, келерки аптадан тарта "Жол коопсуздугу жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Документке ылайык, чет өлкөнүн айдоочулук күбөлүктөрүн Россияныкына алмаштыруу керек болот.
Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр улуттук айдоочулук күбөлүктөр жарактан чыгат дегенди түшүндүрбөйт. Аларды алмаштырууга толук бир жыл берилет. Башкача айтканда, 2025-жылдын 1-апрелине чейин алмаштыруу керек. Бул мыйзамды
⚡️Бишкектеги катуу шамалда дарактар кулап, унааларды басып калды
Күбөлөр жиберген сүрөткө караганда, Жаш Гвардия бульвары менен Эркиндик проспектисиндеги дарактар кулаган.
📌 Такталган жаңылыктарды биринчи болуп окуңуз. Sputnik агенттигинин Телеграм каналына жазылыңыз https://t.me/sputnik_kyrgyzstan_kg
Кыргызстанда 2021-жылдан тартып сот, укук коргоо органдарында реформа жүрүп келет. Алсак, укуктук-нормативдик база оңдолуп, түзөтүүлөр киргизилүүдө. Sputnik ошол иш менен алектенип жаткандардын бири, президенттин алдындагы Соттук жана укук коргоо органдарынын ишин жакшыртуу боюнча кеңештин эксперттик жумушчу тобунун мүчөсү Ялкун Даутов менен маектешти.
❗️Чырпыктыдагы үрөй учурган кырсыктан Ысык-Көл райондук Санэпидборборунун башкы дарыгери, жолдошу жана айдоочусу каза болду. Маалыматты Мамлекеттик санэпидборбору тастыктады.
Алина Токтоназарова кызматы боюнча Чолпон-Атадан Балыкчыга чогулушка бара жатып кырсыктаган. Маркум 52 жашта болчу, бул тармакта 26 жылдан бери иштеп келе жаткан. Райондук санэпидборборун 2021-жылдан тарта башкарып турган.
Унаанын ичинде башкы дарыгердин күйөөсү да болгон. Айдоочу үчөө ошол жерде үзүлгөн.
Ысык-Көлдүн түндүк тарабында жол боюндагы дарактар кыйылууда
Бийлик Корумду — Балбай (80 чакырым) трассасын реконструкциялоого даярдык көрүлүп жатканын айтты.
Курулуш иштери менен кытайлык “Чайна Роуд” компаниясы алектенет. Долбоор 106 млн долларга бааланган. Анын 93,9 млн долларын Араб координациялык тобу бөлгөн.
Натыйжада трасса кеңейтилип, чекесине веложол да салынат. Курулуш 2026-жылдын аягында бүтөрү пландалууда.
📌 Такталган жаңылыктарды биринчи болуп окуңуз. Sputnik агенттигинин Телеграм каналына жазылыңыз https://t.me/sputnik_kyrgyzstan_kg
Кыргызстан ЕАЭБ талабына ылайык келген өткөрүү пунктуларынын баарын модернизацилап бүттү. Бул тууралуу ЕЭК министри Элдар Алишеровдун айтымына таянып, комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Алишеров адистер тобу менен кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы болуп жаңыланган "Кызыл-Бел" өткөрүү бекетин текшерген.
"Кыргызстан көзөмөл-өткөрүү пунктуларындагы шарттарды жакшыртуу, материалдык-техникалык жабдуу боюнча ЕАЭБдин протоколунда каралган талаптын баарын аткарып, өткөрүү жайларын модернизациялап бүттү", — деген ал.
Маалым болгондой, көзөмөл-өткөрүү жайлары заманбап жабдуулар менен камсыз болгон. Бул транзиттик потенциалды өнүктүрүүгө көмөктөшүп, бажы көзөмөлүнүн ишт
🇰🇬Кыргызстанда ноутбук, хромбук жана планшеттер чогултула баштайт
Жумушту “Кыргызэлектроника” (“Кыргызиндустриянын” туунду компаниясы) ЖЧКсы аткарат.
Компания буга чейин атактуу кытайлык Clovertek Industries компаниясынан (Acer, Lenovo сыяктуу дүйнөлүк бренддер үчүн тетиктерди чыгарат) сыноо үчүн айрым тетиктерди алып келген.
Өлкөдө чогултулган техникалар рынокко "Билим" жана "Илим" деген бренд менен арзан баада чыгары айтылды.
📌 Такталган жаңылыктарды биринчи болуп окуңуз. Sputnik агенттигинин Телеграм каналына жазылыңыз https://t.me/sputnik_kyrgyzstan_kg
Ысык-Көлдө бус менен Санэпидемборбордун кызматтык унаасы кагышып, 3 адам каза болду
Көз жумгандардын бирөө айдоочу, экөө жүргүнчү болгон. Үрөй учурган жол кырсык кечээ түшкө маал Чырпыкты айылында катталган.
Жол милициясы жаракат алгандар дагы бар экенин билдирди.
📌 Такталган жаңылыктарды биринчи болуп окуңуз. Sputnik агенттигинин Телеграм каналына жазылыңыз https://t.me/sputnik_kyrgyzstan_kg
  • Класс
Показать ещё