21-кылым экенине карабай памирлик кыргыздар азыркы күндө да жайы-кышын боз үйдө жашап келет. Алар байырлаган тоолордо жада калса, кереге-уук жасалчу тал-терек өспөйт, баарын сатып алат. Катаал шартта жашап кыйналган кыргыздар Кыргызстанга кетүүнү эңсейт.
Кичи жана Чоң Памирди байырлаган кыргыздар бай жана кембагал болуп илгеркидей экиге бөлүнгөн. Аял алуу - бул жерде чоң маселе, кембагалдары калың төлөй албай, айрымдары өмүр бою бойдок жашагандары да учурайт. "Кыргыз кызын малга сатат, көзү кызарган чалга сатат"- бул памирликтердин макалы. Мал-жаны арбындары 2-3 аял алат. Шарттын жоктугунан өзгөчө аялзаты өлүмгө кабылат.
Оогандык кыргыздар сабатсыз, айрымдары канчага чыкканын деле билбейт . Кыздарды балагатка жете элек кезинде эле жашың келип калды деп күйөөгө берет. Тукум улантуу аракети менен жакын туугандар деле баш кошкондор бар. Кыздар 13-14 жашынан турмушка чыгып, айрымдары 30 чыкканда 10 баланын энесине айланат. Атүгүл 10 жашка чыга элек кезинде төрөгөн кыздар да кездеше калат.
Показать еще
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше интересных видео и найти новых друзей.