Жайыл районуна караштуу Сосновка айылында 26 баланы багып, тарбиялап жаткан үй-бүлө бар. Айылдын четинде Вадим Яшин жубайы Наталья экөө жашоонун ар кандай сыноосунан улам, тагдырлары татаалданган 26 баланы багууда. Алардын ичинен бешөө өзүнүн балдары. Көп улуттан турган бул үй- бүлөөдө тарбиялангандар үй жана айыл чарбасына байланышкан жумуштарды аткарат.
Вадим Яшиндин үй- бүлөсү бул жерди бекеринен тандап алган эмес. Адегенде алар ишмердүүлүгүн баштаган Кара-Балта шаарында балдарга сабактан кийин алектенчү жайдын жоктугунан, аларды эмгекке үйрөтүүнү максат кылышып ушул жерге көчүп келишкен. Албетте, бардыгы эле алар ойлогондой боло калган жок. Үй-бүлө бардык кыйынчылыктарга даяр эле.
Показать еще
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше интересных видео и найти новых друзей.