Москвада мигранттарды урган топ кармалды
Москва метросунда кыргызстандык мигранттарга кол салууга шектелген төртөө кармалды. Айрым маалымат каражаттары аларды скинхеддер деп жазышса, полиция футбол фанаттары деп билдирүү таратты.
Полициянын билдиришинче, Москва метросундагы вагондун ичиндеги окуя 18-апрелде кечинде болгон.
Ур-токмокко алгандар 5-майда кармалып, жанынан аңчылык бычагы, электрошокер табылды. Кылмышын мойнуна алышканын Москва шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Алексей Мишляев “Азаттыкка” билдирди:
- Жабыркагандардын экөө тең кыргыздар. Ыкчам иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аларды ур-токмокко алган деп шектелип, төртөө кармалган. Алгач 213-берененин 2-бөлүгү менен “адамдар тобунун бейбаштыгы” деген негизде кылмыш иши козголгон. Алардын үчөө жашы жетелек болгондуктан мындан аркы иш Тергөө комитетине өткөрүлүп берилди.
Толук маалымат шилтемеде: http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_russia_migrants_crime/27717404.html
Видео: РЕН ТВ Новости
Показать еще
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше интересных видео и найти новых друзей.