Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөн районунун Зергер, Жалпак-Таш айылдарында жер көчкүдөн жапа чеккен үй-бүлөлөр үчүн курулуп жаткан турак жайларды көрдү. Электр, таза суу менен камсыз кылуу, жол салуу иштеринин жүргүзүлүп жатканына күбө болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жалпысынан 1039 кожолук табият кырсыгынан жапа чеккени аныкталып, аларга башка айыл акмактарынан жер тилкелери бөлүнгөн. Өлкө башчы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, жаңы айылга жашоо үчүн бардык шарттар түзүлөрүн баса белгиледи. Өзгөн районунун жашоочулары менен жолуккан соң Президент Алмазбек Атамбаев иш сапарын Чоң-Алай районуна улантты. Кенен кабарчыбыз Кайрат Кенжебаевдин материалында.
Показать еще
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше интересных видео и найти новых друзей.