Каналга катталыңыздар, сөзсүз конгуроочону басканды унутпаңыздар, ой-пикир, сын-сыпаттаганды унутпаңыздар! JokiBrother TV каналs сиздер үчүн кызматта
Аалы Төлөгөнович Туткучев 1983-жылы 9-декабрда Талас облусундагы Манас районунун Арал айылында жарык дүйнөгө келген.
2005-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн.
2002-жылы кыргыз маданиятын бир бөлүгү болгон акындардын төкмөчүлүк өнөрүн жандандыруу максатында түзүлгөн “Айтыш” коомдук фондунда кыргыз элинин чыгаан төкмө акындары Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиевден сабак алып, азыркы муундун көрүнүктүү төкмө акындары Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Токтобеков, Элмирбек Иманалиев, Азамат Болгонбаев менен биргеликте акындык өнөрдү улап, кыргыз маданиятында чоң салым кошуп келе жатышат.