"Кытайлык манасчы Жусуп Мамайдын вариантында Манас баатыр калмак болуп көрсөтүлгөн. Кыргыздар анын 1100 беттен турган көлөмдүү китебин толук окуп чыкпай эле дүрбөп жатышат. Алгач Жусуп Мамайдын "Манас" эпосун толук окуп чыгып, анан дүрбөсөк болмок. Баса, Жусуп Мамай жазгыч манасчы, ал манас айтуучу эмес", - деп билдирди бүгүн, 12-июнда филология илимдеринин доктору, профессор Жылдыз Орозобекова.
"Жусуп Мамайдын "Манас" китеби 2012-жылы Синзяндан (Кытайдан) чыккан. Ушунун 6-8-беттеринде мындай маалымат берилген. “Угуздун тукумунан Калаш деген кан чыгат, ал өзүнүн жалгыз уулу ала болуп ооруганы үчүн, аны өлүмгө буюрат. Увазири баланы өлтүрбөй алыскы тоого алып барып, жанына ташталган балдарды кошуп, бул жерден кайтсаңар өлөсүңөр дейт. Мына текст.
“Барбагын элге сен болсо,
Атың “Кыр кез” болсун-деп.
Айдап кое бериптир,
Тоо бойлоп кетти жаш балдар,
Кичүүсү бар, чоңу бар,
Эркек кызы бир-бирден,
Жуп болушту ушулар.
Калаш кандын уулунун,
Алганы эркек тууптур.
Киши көрбөй тоодо өскөн,
Оозуна келген кепти айтып,
Атын Бөйн коюптур,
Бөйөндөн Чаян төрөлдү.
Чаяндан туулду Каракан,
Каракандан “Кыр кездин”
Бир далайы тараган” [Китептин 7-бетинде]
Таштанды балдар эр жетип калганда, кандын баласы күңдүн (кулдун) кызын алат, андан Бөйөн туулат, Бөйөндөн Чаян, анан Каракан. Каракандан Орозду, беш аялынан он уул. Жердеген жери Энесай. Жусуп Мамайдын китебиндн дагы мындай эки сап жазылган.
“Хан Ногой калмак Жакыпты
Жактырып абдан калыптыр” [Китептин 9-бетинде]
Бул текст боюнча кыргыздын нагыз теги жоголот. Дагы бир цитата.
“Анда Алооке деген бар экен,
Кара кытай, калмакты
Бийлеп турган кан экен.
Алооке ээлеп турган жер,
Нарын деген шаар экен” [Китептин 7-бетинде]
Кыргыздын бир да жери кыргызга таандык эмес болуп, моңгол менен калмакка аралашып кетет экен. Кийин Орозду кытайлардан жер талашып согушат, кыргыздарды жетектейт, ал өлгөндөн соң кытайлар кайра басып алып, ошондон ары калмак Жакыптан Манас туулат. Жусуп Мамайдын китебиндеги “Манастын төрөлүшү” деген бүлүктө ушундай “версия”. Ата-энеси жериген таштанды баладан, аны менен кошо куулган күндүн (кулдун) кызынан кыргыз таралып, анан баскынчылыктын азабынан калмак тектүү болуп чыга келген экенбиз. Тобо, ушул акылга сыйбаган окуя ушу даремети менен Кытайдан басылып бизге жетип олтурат.
“Манас” эпосунун 80 вариантынын биринде да мындай түрдөгү санжыра тарыхыбыз жок. Ушундай “калмактанган” сюжетти жараткан авторго Кыргыз Республикасынын “Эл баатыры” деген наамды бердик. Азыр Арабаев университетиндеги Манас таануу институтунда студенттер Мамайдын вариантын негизги окуу курал катары пайдаланып жатышат. Муну институттун директору Т.Тургуналиев маданият министирлигинде өткөн жыйында “жетишкендиктин үлгүсү” катары баса белгиледи. Мындай көрүнүштөргө “баракелде” деп айталбайбыз", - деди профессор Жылдыз Орозобекова.
Булак:
Кyrgyztoday.kg