Тоо бооруна толкуп уруп шарпылдап,
Күн чагылат көл бетине жаркылдап.
Карап турсам көзгө сүйкүм көрүнөт,
Сүзүп жүргөн каз, өрдөгү каркылдап.
Көз талдырат аркы өйүзү алыстап,
Көл жээгинде көпкө турдум таңыркап.
Балык улап кайык менен жүргөндөр,
Келе жатты көл жээгине жакындап.
Күлкү шаттык бүт айлана жаңырык,
Күн жылмайды сулуу көлгө чагылып.
Көл үстүндө чабак урат бир бийкеч,
Калган өңдүү көлдү абдан сагынып.
Көл жээгинде элдер толо таңдана,
Бийкеч чыкты суу жээгине жай гана.
Баары карайт суктанышып суусашып,
Сулууга да, суусуна да тамшана.
Тунук суунун тамчыласа бермети,
Ал бийкечтин чытырады келбети.
Өмүр бою кетпез болду каректен,
Ак-куу сымал ал сулуунун элеси.
"Ислам".
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев