Предыдущая публикация
Мен бүгүн сага арнап ыр жазайын,
Мен бүгүн сени менен сырдашайын.
Бир келген беш күндүк бул өмүрдө,
Ашыгым сени менен сыйлашайын.
Сен мага керек болдуң аба суудай,
Ашыгып баратамын жолукчуудай.
Сен абдан боорукерсиң эркем менин,
Мерез эмессиң көңүлүмдү оорутчудай.
Мен сени жактырамын сен билесиң,
Түндө уктасам түшүмө да сен киресиң.
Ойгонсом эң биринчи эске түшүп,
Таңдан кечке кыялымда сен жүрөсүң.
Мен сени ушунчалык сүйүп жүрөм,
Айтчы эркем аа, сен кимди сүйөсүң?
"ИСЛАМ".
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев