Предыдущая публикация
Кабарыңды билсем деймин тезирек,
Жазган каттын жообу неге кечигет.
Балким сен да кат күтүп жүрөсүңбү,
Өткөн күндү бирден санап менчилеп.
Кызык тагдыр бизди кеч жолуктурду,
Бирге кылды улаштырып акыл ойду.
Түш сыяктуу элестерди калтырды да,
Экөөбүздү эки жакка бөлүп койду.
Түшүнбөдүм эмнең бар элден артык,
Коюптурмун дароо эле сырымды айтып.
Канча ирет эстебейин десем дагы,
Ойлор турат сени көздөй ала качып.
Көңүлүм турат кайра эле сага тартып!
"И-М"
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев