Предыдущая публикация
Жылдар жылып өтүп жатат билинбейт,
Көрдүм далай татаалын, да жеңилин.
Азыр деле ошол бойдон сени издейт,
Ал көктөмдө сени сүйгөн көңүлүм.
Өзгөрү бар турмушумда ырымда,
Өзгөрттү жыл жердин дагы өмүрүн.
Баары өзгөрдү өзгөргөн жок бир гана,
Ал көктөмдө сени сүйгөн көңүлүм.
Кайда достор, кайда күлкү азилдер,
Кече гана сайран курган шеригим.
Жүрөгүмдө бүрдөп турат келгин көр,
Ал көктөмдө сени сүйгөн көңүлүм.
Аша кечтим күлкүдөн, да уйкудан,
Арзып сен деп ашып барат тоо гүлүм.
Баарын берем калса болду бир гана,
Ал көктөмдө сени сүйгөн көңүлүм.
"И-М".
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев