ИМАМ САРАХСИНИН ЧЫГАРМАЛАРЫ.
«Сифату Ашратис саъа» жана «Макаматул Кыяма»
Имам Сарахси бул чыгармасын окуучулук кезинде жазган. Муну Шамсул Аимма Халваний жазып, Ас Сарахси түзгөн, тартипке келтирип жазып чыккан. Бул китептин эң сейрек кездешкен нускасы Парижде Bibliotheque Nationale (nr. Arabe 2800, барак 44 2B-46 5B, чоң көлөмдө, ар бир бетте 31 сап жазылган журналдын ичинде) китепканасында сакталып турат. Бул чыгарма Ислам Калам илиминин мөмөсү сыяктуу колдонулат.
«Шарху Зиядатуз Зиядат»
Хижранын 1378-жылы Хайдар-Абадда Абул Вафа тарабынан басылып чыгарылган бул чыгармада Имам Сарахси зындан жашоосу жөнүндө төмөнкүлөрдү жазган:
"Кыямат күнү мага кирешелүү болсун жана мен да пайда тапкан адамдардан болоюн деп, түз жолго кеткендердин жолун карманып, насыят айткандардын арасында мен да ак сөз сүйлөп, зынданга салындым. Дүйнөдө кыйынчылык азаптардан кутулуудан үмүтсүз абалдамын. Аллах Азза ва Жалла жалаң такыба ээлеринен ыраазы болот. Ал саалих кулдарын өзүнө өкүл кылат. Саткын чыккынчыларды куулуктарынын жана айла-амалдарынын себебинен улам максатына жеткирбейт. Жакшы адамдардын сыйлыктарын азайтпайт. Башында жана аягында мактоолор Аллага болсун."
«Усулу Сарахси» («Китабул Усул»)
Имам Сарахси бул чыгармасын Өзгөндө зынданда жазган. Чыгарманын "Бабуш Шурут" бөлүгүнө жеткенде зындандан чыгарылган. Зындандан чыгккандан кийин Маргананга (бир баяндамага караганда Фарганага) барып, чыгармасынын калганын ал жакта бүтүргөн.
«Ал Мабсут»
Бул чыгарманы Имам Сарахси эч бир китептен колдонбой жазган. Ал Мабсут Хакимуш Шахиддин "Ал Кафи" аттуу чыгармасынын кайрадан чечмеленип жазылганы.
Имам Сарахси "Ал Мабсут" аттуу китебинин киришүү бетинде"Фикх илимин биринчи болуп классификацияга жана бөлүктөргө бөлгөндөр - Имам Азам Абу Ханифа жана анын шакирттери. Окуучусу Имам Абу Юсуф Ахбар илимин эң жакшы билген аалымдардын катарына кирет. Дагы бир окуучусу Хасан бин Зияд Ал Лу Луи суроо жана тафри илиминде эң жакшы жетишкендиктерге жеткен алдыңкы аалымдардан. Имам Зуфар жана калган окуучуларынын ар бири, ар башка илимдерди мыкты өздөштүргөн алдыңкы аалымдардан болгон.
Имам Аззам Абу Ханифа сахабалардын доорунда туулган. Сахабалардан Абу Туфайл Амир бин Васила, Анас бин Малик жана Абдуллах бин Хайр Забидилерди (Аллах алардан ыраазы болсун) көргөн. Табииндердин доорунда илим үйрөнүп, факих даражасына жеткен. Имам Сарахси «Ал Мабсут» чыгармасын Өзгөндө зынданда жатканда жазган. Бул жөнүндө«Ал Мабсут»китебинин талак бөлүмүнүн аягында "Китабул Мукатабанын шархы да зынданда жазылган. Ал эки жылдан бери үзгүлтүксүз уланып жазылып жаткан болчу. «Китабул Валанын» шархы түрдүү мээнет, кыйынчылыктардын ичинде жазылган. Аллах Тааладан мени бул балээден, мекенден айрылуудан урматым жана шарапатым менен куткаруусун тилеймин. Ал каалаган нерсесин кылууга күчү жетет"деп жазган.
Имам Сарахсинин китептеринин ичинен эң көлөмдүү жана эң таанымал китеби 30 томдук «Ал-Мабсут»китеби.
«Шархус Сиярул Кабиир»
«Сиярул Кабир» Имам Мухаммаддын Ирактан кеткенден кийинки жазган китеби. Имам Сарахси бул чыгарманы зындандан чыккандан кийин шарх түрүндө жазып баштап, Маргананга келгенден кийин бүтүргөн.
Имам Сарахси бул чыгармасын качан каерде жазгандыгын төмөнкүчө баяндайт: "Бул чыгарманы хижранын 479-жылы Зил Каъда айынын биринчи күнүндө (дүйшөмбү күнү) Өзгөндө Сабыр Амир Күн лакабы менен таанылган Абу Али Ал Хусайн бин Абил Касымдын үйүндө окуучуларына жаздырып баштаган. Бул Аман темасынын аягына чейин жазылды. Кийин ошол эле Өзгөндүн зынданында калганын жеринен улап баштадык. Бул жерде Шурут темасына чейин жазылды. Зындандан 20-Рабиул Аввал күнү бошотулуп чыгып, Сайфуддин Ибрахим Исхак бин Исмаилдин үйүндө жашап калдык. Шейх Сайфуддин жана башка факихтер бизден бул чыгарманы жазып бүтүрүшүбүздү суранышты. Ошентип Шурут темасынан улап, калганын Алланын жардамы менен хижранын 480-жылы 3-жумадил ула күнү бүтүрдүк."
Бул чыгарма Византия топурактарында жана Орто Азия өлкөлөрүндө кызмат кылган мусулман аскерлерге керектүү чыгарма. Ал доордун аскерлеринин муктаж болгон маалыматтары бул чыгармада бар эле. Бул чыгармада Византиянын Балгар падышалыгы жана көптөгөн согуштар жөнүндө жазылат. Исламда, соода-сатык, аскердик топтордо кызмат кылгандар, оорулууну караган аял-кыздар, ал доордогу акчалар, согушта алынган олжо буюмдарынын арасындагы бүркүт куштары, аңчылыкта колдонгон Индиянын жапайы мышыктары жөнүндө да жазылган.
ИМАМ САРАХСИНИН ААЛАМДАН ӨТҮШҮ
Имам Сарахси чындыкты кесе айткан өткүр аалым болгондуктан, анын ачуу чындыкты айткан сөздөрү өз заманындагы бийлик төбөлдөрүнө жакпай калып куугунтукка алынып, зынданга салынат. Зынданда 15 жылдык өмүрү өтөт. Аалым Сарахси жергесинен Фаргана өрөөнүндө жайгашкан, ошол кездеги караханийлер мамлекетинин чыгыш борбору болгон Өзкент (азыркы Өзгөн шаары) шаарына көчүп келип, өмүрүнүн акырына чейин ушул жерде жашоосун улантат жана ушул жерде ааламдан өтөт. Аалымдын сөөгү Өзгөн шаарына коюлган. Улуу факих Шамсул Аимма Абу Бакр Мухаммад бин Аби
Сахлис Сарахси 1090-жылдары (хижрий 483-жылдары) 81 жашында көз
жумат.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев