ИМАМ САРАХСИНИН ИЛИМИЙ ЖЕТИЛҮҮСҮ
Шамсул Аимма Ас Сарахси узак жылдар бою Бухарада Абдул Азиз Ал Халванийдин сабактарына катышкан, Халванийдин эң көрүнүктүү окуучусу болгон.Имам Сарахсинин Абдул Азиз Ал Халваний, Шейхул Ислам Абул Хусейн Али бин Ал Хусейн бин Мухаммадис Сууди Ал Ханафи жана Абул Хафс Умар бин Мансурул Баззаз деген аалымдардан билим алган. Халванийдин жолу менен устаздарынын чынжыр тизмеги төмөнкүчө уланат; Ас Сарахси Ал Халванийден; Ал, Абдуллах бин Якуб Ас Сабазмуунийден; Ал, Абу Хафсис Сагирден; Ал, атасы Абу Хафс Кабирден; Ал Имам Мухаммад Аш Шайбанийден. Шамсул Аимма Ас Сарахси өзү окуган Бухарада устаздык кылып окуучу өстүргөн.
ИМАМ САРАХСИНИН МАДАНИЯТЫ ЖАНА ИЛИМИ
Ханафий факихтеринин эң алдынкыларынан болгон Имам Сарахси «Шамсул Аимма» деген ат менен да таанылат. Ал чыгармаларынын өлчөмү жагынан эң улуу мусулман аалымы болуп эсептелет. Абу Ханифа жана Имам Мухаммаддан кийинки Ал Хассаф, Ат Тахави, Ал Кархи жана Ал Халванийдин катарындагы үчүнчү даражадагы аалым. Ас Сарахси Ханафи мазхабында мужтахид болуп кабыл алынган.
Анын Ал Мабсут деген чыгармасы Ханафи мазхабындагы эң негизги төрт китептин бири болуп кабыл кылынган. Өзүнүн көз карашынын тууралыгын эле далилдебестен, башка бардык көз караштар жөнүндө да бир системада анализ жүргүзгөн чоң чыгарма. Имам Сарахси шарият маселелерин салыштырмалуу анализ жүргүзүү жолу менен жазган биринчи аалым болгон.
Баяндамалардын биринде зындандан чыккандан кийин (кээ бир маалыматтарда зынданга кирээрден мурда деп жазылат) шаардын акими имам Сарахсини башка факихтер менен бирге конокко чакырат. Аким балалуу күңдөрүн (Уммул Валад ) көз карандысыз эркек кызматчылары менен баш коштурат. Аким аалымдардын бул маселе жөнүндө көз караштарын сурайт. Баары «Жакшы кылдың» деп, анын бул ишин макташат. Бирок Имам Сарахси бул маселеге көңүл коюп, "Ката иш кылдың. Себеби бул күңдөрдүн (Уммул Валад) күйөөлөрү булардан мурда күң эмес, эркин аялдарга үйлөнүшкөн болчу. Сен алардын эркин аялдарына бирден күң аялды күндөш кылып койдуң" деп жооп берет. Аким "Андай болсо алар менен ажырашам, эркиндик берем" деп, алардын баарын кое берип, күңдөрүнүн никелерин кайрадан жаңылайт. Аалымдардыкайрадан чакырып, суроо узатат. Аалымдардын баары дагы «Жакшы иш кылдың» дешет. Бирок бир гана Имам Сарахси дагы каршы чыгып, "Дагы ката иш кылдың. Себеби Уммул Валад сени менен ажырашкандан кийин, экинчи үйлөнүүдөн мурда шариятта көрсөтүлгөндөй, идда күтүүсү заарыл. Мындай абалда иддасы бүтө элек аялдарга нике кыюу туура эмес. Бул маселени изилдеп көрүү керек, ошон үчүн мындай нике жараксыз" дейт. Аллах Таала Имам Сарахсини ушундай таң калтыруучу жооптору менен башка аалымдардан жогору кылган.Имам Сарахси араб тилин жакшы билген. Чыгармаларын жалаң араб тилинде жазган. Кээ бир учурларда гана фикх маселелерин ачыктоо үчүн фарс тилин да колдонгон. Ал математика жана география илимин да мыкты өздөштүргөн. Ыр менен да алектенип, көп учурда ыр саптарын жазган. Анын ыр саптарын «Мабсут» китебинен да кездештирсе болот.
Ал башка аалымдардын китептерин айрымдарын гана кайрадан чечмелеп жазып чыккан. Ал факих Имам Мухаммаддын чыгармасын кайрадан чечмелеп жазып чыккандыгы бизге маалым. «Ал Мабсут», «Китабул Усул» жана «Шархус Сиярул Кабиир» китептериндеги Имам Сарахсинин жазуу эрежелери анын мыкты адабий ыкманы колдонгонун көрсөтүп турат. Чыгарма жазууда окуучу устазынын үйрөткөн каада, эрежеси менен жазат. Имам Сарахси китеп жазууда башка китептерди колдонбогондугу белгилүү.
Имам Сарахсинин сабак үйрөтүү үчүн окуучулардан бир жамаат түзгөндүгүн айткан элек. Анын эң таанымал окуучулары төмөнкүлөр:
1. Усман бин Али бин Мухаммад бин Мухаммад бин Али Абу Умар ал Байкандий ал Бухарий.
2. Абу Бакр Мухаммад бин Ибрахим Ал Хасарий.
3. Шамсул Аимма Махмуд бин Абдил Азиз Ал Узгандий.
4. Бурханул Аимма Абдул Азиз бин Мааза.
5. Масуд бин Ал Хусайн Ибнил Хасан бин Мухаммад бин Ибрахим Ал Каштаний.
6. Абу Хафсис Сагир Умар бин Хабиб.
7. Рукнуд Дин Масуд бин Ал Хасан ал Кашаний.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев