Пайгамбарыбыз (ﷺ ) бир күнү сахабаларына орозо кармоону буюруп, артынан мынтип катуу эскертет:
- "Мен уруксат бермейинче кечке эч ким оозун ачпасын!"
Элдин баары жалпы ооз бекитип орозо кармайт. Кеч батканда бир-бирден келип ооз ачууга уруксат сурашат. Дал ошол кезде бир киши жакындап келип:
- Оо, Расулаллах (ﷺ )! Эки кызым күнү бою орозо кармаган эле. Уялгандыктан өздөрү уруксат суроого келе албай атышат, уруксат берсеңиз, орозолорун аяктап, ооздорун ачса жакшы болот эле,- деп өтүнүч билдирет.
Бирок уруксат берилбейт.
Баягы киши дагы эки жолу келип уруксат сурайт. Үчүнчү жолу келгенде Пайгамбарыбыз (ﷺ ) :
- Өкүнүчтүүсү, алар бүгүн орозо кармаган жок...Күнү бою "киши этин жеген" (ар кимдин сыртынан сөз айтып, ушактаган) адам кантип орозо кармасын!? Бар да аларга айт: эгер ниет кылып орозо кармагандары ырас болсо, дароо кусуп салышсын,- дейт.
Баягы киши айтылган сөздүн бирин калтырбай кыздарына жеткизет. Кыздары буйрукту орундап, өздөрүн күчтөп кесек-кесек кан кусуп жиберишет. Баягы киши келип бул жайды Пайгамбарыбызга (ﷺ ) билдиргенде, ал:
- "Кудурети күчтүү Алла таалага ант этейин, эгер алар баягы уюган канды кусуп салбаганда, тозокто күйдүрө турган от жешкен болоор эле, - "деди..
Ооба, бир тамакка гана эмес,колубуз,бутубузга да, көзүбүзгө, тилибизге да орозо болсо, ошондо гана анык орозо болмок.....
Которгон: Б.Дүйшөбаева
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1