I БӨЛҮМ
ИМАМ САРАХСИНИН ТУУЛГАН ЖЕРИ ЖАНА ТУУЛГАН ЖЕРИНИН ГЕОГРАФИЯЛЫК АБАЛЫ.
Шамсул Аимма Абу Бакр Мухаммад бин Ахмад бин Абис Сахл Ас
Сарахсинин туулган жери Сарахс шаары болгон. Бул шаарча Хорасан
өрөөнүндөгү Машхад менен Марвдын арасында, т.а. Машхаддын 146 км түндүк чыгышында жана Россия менен Иран чегарасын бөлүп турган Теженд дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. Бул жердин жери жакшы болгону менен кургакчылыктын айынан жалаң жайыт жерлер гана бар болуп, эл жашаган жерлери аз эле. Жергиликтүү эл негизинен төө багышкан. Убагында
пахта, жибек жана кездеме токуу менен алектенишкен. Шаардагы үйлөр көбүнчө топурактан жасалган кирпичтен курулган.
ИМАМ САРАХСИНИН ЫСЫМДАРЫ.
Имам Сарахсинин азан чакырылып коюлган аты - Мухаммад, лакап аты – «Имамдардын күнү» маанисин түшүндүргөн «Шамсул Аимма». Бул лакапка татыктуу болгондугу үчүн Имам Сарахсини бул лакап менен биринчи жолу устазы Абдул Азиз бин Халвани чакырган. Кунясы* – «Абу Бакр» (Түшүндүрмө:*Куня - Арап маданиятында Абу (эркектер үчүн), Умму (аялдар үчүн) сөздөрүн кошуп айтууну «куня» деп
коюшат. Мисалы: Абу Бакр-Бакрдын атасы, Умму Салама-Саламанын апасы.)
ЖАШООСУ ЖАНА ЗЫНДАНГА САЛЫНУУСУ.
Имам Сарахси 1009-жылдары (хижрий 400-жылдары) жашап өткөн, Караханий доорунун аалымы болгон. Анын балалык чагы жана үй-бүлөсү жөнүндө 10 жашында соода-сатык кылган атасына шерик болгондугу жөнүндө бир гана маалымат бар.
Мамлекет башкаруучулары менен аалымдардын ортосунда келишпестиктер, талаш-тартышуулар жүрүп турган Караханиддердин өкүмдарлыгы учурунда жашаган Ас Сарахсинин өмүрү көбүнчө көчмөндүк жашоо менен өтүп, ошол эле учурда бир жагынан кресттүүлөр жортуулу, экинчи бир жагынан кичине өлкөлөргө айланып талкаланган Ислам ааламында күндө-күнгө адилетсиздик менен салыктар көбөйүп, ызы-чуулар чыгып турган убакка туш келген.
Ислам ааламы тыштан келген кол салуулар менен опузаланган учурда Караханиддерде да ички башаламандыктар аз эмес эле. Бул өлкөдө эң диндар факихтердин айрымдарын дарга астырган бийлик менен уламалардын арасында келишпестиктер болуп турган. Күндөн-күнгө салыктын баасы жогорулап, Имам Сарахси буга каршылыгын билдирген жана салыктын көбөйүшүн кабыл кылбаган адамдардын чечимин туура көрүп, мунун аларга пайдалуу экендигин эскертип турган. Бул эл көтөргүс ашыкча салыкты төлөбөөгө үндөгөн фатва чыгарган. Ошентип душмандары Хакан Амир Хасанга Ас Сарахсини элди көтөрүлүшкө чакырды деп чагымчылык кылып, Хакан Амир Хасан тарабынан 1073-жылдары (хижрий 466-жылдары) Имам Сарахси Өзгөн шаарындагы зынданга салынат.
Имам Сарахси "Шархус Сиярул Кабиир" аттуу чыгармасынын аягында өзүнө нааразы болгондорду жана Хакан Амир Хасанга ушак ташыгандарды айтуу менен бирге аларга "Азгырылган адамдар" деп наалат айтып, аларды эң төмөн, эң начар адамдар катары көрсөткөн. "Бүт мээсиз бузукулардын чагымы, жаман максаттын артындагы коркунучтуу адамдардын жана жаман чагымдарынын натыйжасында мекенинен айрылган жана Султан тарабынан зынданга ташталган күнөөкөр байкуш кул... Аллах алардын баарын уят кылсын. Чоң-кичине баарына сабак кылсын"- деп жазган.Имам Сарахси өзүнүн эң таанымал жана эң чоң чыгармасы "Ал Мабсутта" өзү жөнүндө "Жарык чачкан, чындыкты айткан, ушул себептен зынданга ташталган, жалганды жок кылууну каалаган, ошол себептен камакка алынып сүргүнгө айдалган жана элден алыс кул..." деп жазган.
Адамды таң калтырган күчтүү эс-тутумга ээ болгон Имам Сарахси зынданга алынган учурда ага китепканасын колдонууга тыюу салынган. Күчүнүн жетишинче, жокчулукка карабай, мүмкүнчүлүгүнө жараша чыгармаларын ушул терең зынданда жазган. Бир дагы китепке карабай, даярданбай туруп эсинен зындандын жогору жагында турган окуучуларына «Ал Мабсут», «Усуулул Фикх», «Шархус Сиярул Кабиир», «Зиядатуз Зиядат», «Шарху Жамиис Сагиир», «Шарху Жамиил Кабиир» чыгармаларын жаздырган.
Шамсул Аимма Ас Сарахси күндүзү орозо кармап, түндө узун нафил намаздарды окуган. Ысык-суукка карабастан, көптөгөн кыйынчылыктарга сабыр кылып, илимий иштерин уланткан. Зынданда сабак жаздырып жаткан күндөрдүн биринде бир окуучусунун жок болгондугун байкап калып, анын кайда экендигин сурайт. Жанындагы окуучусу анын даарат алганы кеткендигин жана сууктун айынан өзү даарат алуудан баш тартканын айтат. Окуучусунун бул айтканын уккан улуу факих окуучусуна мындайча жооп берет: "Аллах сени кечирсин. Ушул сууктун айынан эле даарат алуудан баш тартуудан уялбайсыңбы? Дагы деле эсимде. Мен Бухарада окуучу болуп жүргөн кезимде бир күнү ичим өтүп, ажатканага бир күндө кырк жолу барууга мажбур болгонмун. Ар бир жолкусунда даарат алуу үчүн арыкка барат элем. Ушунчалык суук болчу, бөлмөмө келгенимде сыям тоңуп калчу, аны алып көкүрөгүмө сүртүп жылытчумун. Көкүрөгүмдүн ысыгы сыяны эриткенден кийин гана сабагымды жаза баштайт элем."
Имам Сарахси факих эле эмес, мыкты чечен, сөзмөр жана Алланын өтө такыба кулу болчу. Жогоруда айтылган окуя анын такыбалыгына ачык далил. Ансыз деле факих аалым Аллахтан өтө корккон такыба жана баш ийүүчү болмоюнча аалым деп саналбайт. Себеби, өзөксүз кабык сымал болору бышык.
Он беш жылдык зындан жашоосунан кийин 1087-жылдары (хижрий 480-жылдары) боштондукка чыккан соң, Имам Сарахси факих Имам Сайфуддин Абу Ибрахим Исхак бин Исмаилдин меймандостугун сыйлап, Маргананга барып, эмгектерин ушул жерде бүтүрөт.
Имам Сарахси чындыкты айтууда эч кимден тартынбаган зат болгондой эле, Маварааун Нахрдагы чоң аалымдарыбыздан да болгон. Жашоосунун акыркы үч жылын боштондукта өткөргөн. Таң калыштуусу, ал эң чоң чыгармасын он беш жылдык зындандагы оор жашоосунда жазган. Имам Сарахсинин Алланын өкүмдөрүн бузбоосу, чындыкты жашырбоосу, жамандыктан кайтаруусу, чындык менен жалгандын аралашпоосу үчүн көрсөткөн аракеттери, чындык үчүн тарткан кыйынчылыктары азыркы замандагы мужтахиддерге , өздөрүн аалым көрсөткөндөргө, кээ бирөөнүн көңүлүнө
жагуу үчүн фатва чыгаргандарга, шарияттан тышкары ижтихад кылып чечим чыгаргандарга чоң үлгү болот.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев