🌺
🍃БЕЙИШ 🍃
КУРАН АЯТТАРЫНДА БЕЙИШ (уландысы)..
Эч күмөнсүз, такыбалуулар (Аллахтан корккондор) бейиштерде жана немат-сый ичинде; Раббилеринин бергендерине кубанып, бактылуу (жүрүшөт). Раббилери аларды «алоолоп күйгөн тозоктун» азабынан коргогон. «Кылгандарыңар үчүн ырахаттанып жеп, ичкиле.» Тыкандык менен тизилген тактылар үстүндө сүйөнүшкөн. Жана Биз аларды чоң-жейрен көздүү үр кыздарга үйлөндүрдүк. (Тур Сүрөсү, 17-20)
Аларга каалап-эңсеген мөмөлөрүнөн жана эттен көп-көп бердик. Ал жерде чөйчөк кагышып-ичишет, анда «бош жана тантык бир сөз» да, күнөөгө кирүү да жок. Алар үчүн (кызмат кылган) кыздар айланасында айланып турушат; (ар бири) седепте сакталган бермет сымал таптаза, жаркыраган. Кээ бири кээ биринен сурашат; мындай дешти: «Биз чындыгында мурда үй-бүлөбүз (жакын туугандарыбыз) арасында да санаа болуп-коркчубуз. Эми Аллах бизге берешендик кылды жана «клеткаларга чейин жетүүчү кууруй турган» азаптан сактады. Күмөнсүз, биз мындан мурда Ага дуба (кулчулук) кылчубуз. Чындыгында Ал жакшылыгы көп, өтө боорукер.» (Тур Сүрөсү, 22-28)
Ант болсун, аны башка бир түшүүдө да көргөн эле. Сидретүъл-Мүнтеханын жанында. Меъва-Бейиши анын жанында. Сидрени жапкан жаап турганда, көз жылып-адашкан жок жана (чектен) чыкпады. Ант болсун, ал Раббиңдин эң чоң аяттарынын бирөөсүн көрдү. (Нажм Сүрөсү, 13-18)
Эч күмөнсүз, муттакилер (Аллахтан корккондор) бейиштерде жана дарыя (айлана)сында. (Комар Сүрөсү, 54)
Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Раббиңдин макамынан корккон адам үчүн болсо эки бейиш бар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Ар кандай «назиктиктерге жана кооздуктарга» (же ар түрдүү коюу дарактарга) ээ. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Экөөсүндө тең агып турган эки булак бар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Экөөсүндө тең ар мөмөдөн эки жуп бар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Астылары өтө жасалгаланган атластан төшөктөр үстүндө жазданышат. Эки бейиштин тең мөмөсүн-алуу (ал жердегилерге) жакын (оңой). Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Ал жерде көздөрүн жубайларына гана бурган аялдар бар, булардан мурда аларга бир адам да, бир жин да тийген эмес. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Алар жакут менен маржан сымал. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Ихсандын (жакшылыктын) акысы ихсандан башка нерсе болобу? Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Бул экөөнөн башка дагы эки бейиш бар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Болушунча жапжашыл. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Ичтеринде тынымсыз атылып-агып турган эки булак бар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Ичтеринде (ар түрдүү) мөмө, теңдешсиз курма жана теңдешсиз анар бар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Ал жерде мүнөздөрү сонун, жүздөрү сулуу аялдар бар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Чатырлар ичинде корголгон ур аялдар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Булардан мурда аларга бир адам да, бир жин да тийген эмес. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Жашыл жаздыктарга жана өтө кооз төшөктөргө жазданышат (сүйөнүшөт). Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Улуу жана берешен Раббиңдин аты кандай Улук. (Рахман Сүрөсү, 45-78)
Жарышып алдыга чыккандар болсо алга чыккан алдыңкылар. Мына ошолор жакындаштырылгандар (мукарреб). Нематтарга толо бейиштер ичинде; көпчүлүгү өтмүш (үммөттөрдөн), бир азы кийинкилерден. «Өтө кылдат баалуу таштардан жасалган» тактылар үстүндө. Маңдай-тескей жазданышкан болот. Айланаларында өлүмсүздүккө жеткен жаштар айланып турат; булагынан (толтурулган) кумуралар, көөкөрлөр жана чөйчөктөр (рюмкалар), андан баштары да оорубайт жана өздөрүн жоготуп акылдары да буланбайт. Каалап-тандай турган мөмөлөр, жандары тарткан куш эти. Жана чоң көздүү үр кыздар, корголгон берметтер сыяктуу; кылгандарына сыйлык катары (аларга тартууланат); ал жерде «тантык жана бош бир сөз» да угушпайт, күнөөгө кирүү да жок. Бир сөз гана (угушат:) «Салам, салам.» «Асхаб-ы Йемин», кандай (куттуу ал) «Асхаб-ы Йемин.» Оор бутактары ийилген алча (дарактары). Үстү-үстүнө тизилген мөмөлөрү төгүлгөн банан дарактары. Жайылып-созулган көлөкөлөр, токтобой аккан суу(лар); жана (дагы) көптөгөн мөмөлөр арасында түгөнүп-азайбаган жана тыюу салынбаган (мөмөлөр). Бийиктерге салынган төшөктөр. Чындыгында Биз аларды жаңы бир жаратуу менен куруп-жараттык. Аларды дайыма кыз бойдон кылып жараттык, жубайларына ашык (жана) бирдей куракта, «Асхаб-ы Йеминдер» үчүн. (Булардын) Көпчүлүгү өтмүш (үммөт)төрдөн, көпчүлүгү кийинкилерден. (Вакыа Сүрөсү, 10-40)
Эгер ал (өлө турган киши) жакын кылынгандардан (мукарребдерден) болсо, анда бейпилдик, сонун ырыскы жана немат-жакшылыктарга толо бейиш (аныкы болот). Жана эгер «Асхаб-ы Йеминден» болсо, анда «Асхаб-ы Йеминден» сага салам. (Вакыа Сүрөсү, 88-91)
Ал күнү ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды нурлары алды жана оң тараптарында чуркап баратканын көрөсүң. «Бүгүн силерге сүйүнчү, ичинде түбөлүк жашай турган, астынан дарыялар аккан бейиштер.» «Улуу кутулуу жана бакыт» мына ушул. (Хадид Сүрөсү, 12)
Раббиңерден болгон бир кечиримге жана бейишке (жетүү үчүн) «аракет кылып-жарышкыла», (ал бейиш) кенендиги асман менен жердин кеңдигиндей болуп, Аллахка жана Пайгамбарына ыйман кылгандар үчүн даярдалган. Мына ушул Аллахтын берешендиги, аны каалаганына берет. Аллах өтө берешен. (Хадид Сүрөсү, 21)
Аллахка жана элчисине баш көтөргөн адамдар менен бир жакшы көрүү (жана достук) байланышы болгон Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирген эч бир коом (топ) таба албайсың; алар аталары, балдары, бир туугандары, өз урпактары болсо дагы. Алар ушундай адамдар: (Аллах) жүрөктөрүнө ыйман жазган жана аларды Өзүнөн бир рух менен колдогон. Аларды астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет; ал жерде түбөлүк жашашат. Аллах алардан ыраазы болгон, алар да Андан ыраазы болушкан. Мына ошолор Аллахтын тобу. Көңүл бургула; күмөнсүз Аллахтын тобу – фелах (үмүттөрү ишке ашып кутулуу) тапкандар мына ошолор. (Мужадала Сүрөсү, 22)
От калкы менен бейиш калкы бир болбойт. Бейиш калкы – үмүт кылганына жетип бактылуу болушкандар. (Хашр Сүрөсү, 20)
Ал болсо силердин күнөөлөрүңөрдү кечирип, силерди астыларынан дарыялар аккан бейиштерге жана Адн бейиштериндеги сонун жайларга жайгаштырат. «Улуу бакыт жана кутулуу» мына ушул. Жана силер жакшы көргөн нерсе (нээмат) да бар: Аллахтын жардамы жана жакында келе турган бир жеңиш. Ыймандууларга сүйүнчүлө. (Сафф Сүрөсү, 12-13)
Силерди чогулуу күнү үчүн бир жерде топтой турган күнү; мына ошол алдануу (тегабүн) күнү. Ким Аллахка ыйман кылып чын ыкластуу бир ишти жасаса, (Аллах) анын жамандыктарын жашырат жана ичинде түбөлүк жашай турган астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Улуу «бакыт жана кутулуу (февз)» мына ушул. (Тагабун Сүрөсү, 9)
Ыйман кылып, чын ыкластуу иштерди жасагандарды караңгылыктардан нурга чыгарышы үчүн Аллахтын апачык аяттарын силерге окуган бир элчи да (жөнөттүк). Ким ыйман кылып, чын ыкластуу бир ишти жасаса, (Аллах) аны ичинде түбөлүк жашай турган астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Аллах чындыгында ага кандай сонун ырыскы берди. (Талак Сүрөсү, 11)
Эй ыймандуулар, Аллахка чыныгы (насух) бир тообо менен тообо кылгыла. Балким, Аллах силердин жамандыктарыңарды жашырып, астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизээр. Ал күнү Аллах Пайгамбарды жана аны менен бирге ыйман кылгандарды уят кылбайт. Нурлары алдыларында жана оң тараптарында жаркырап-коштойт. «Раббибиз, нурубузду толукта, бизди кечир. Күмөнсүз, Сен бүт нерсеге кудуреттүүсүң» дешет. (Тахрим Сүрөсү, 8)
Аллах ыймандууларга болсо Фараондун аялын мисал берди. (Ал) Мындай деген эле: «Раббим мага Өз Кабатыңда, бейиште бир үй жаса; мени Фараондон жана анын кылгандарынан куткар жана мени ал заалымдар коомунан да куткар.» (Тахрим Сүрөсү, 11)
Чындыгында муттакилер (Аллахтан корккондор) үчүн Раббилери Кабатында немат-жакшылыктарга толо бейиштер бар. (Калам Сүрөсү, 34)
Эми китеби оң колуна берилген адам: «Алгыла, китебимди окугула. Себеби мен чынында суракка кабылам деп ойлогом (түшүнгөм)» дейт. Эми ал ыраазы боло турган бир жашоо ичинде. Бийик бир бейиште. Үзө тургандары (мөмө жана теңдешсиз түшүмдөр) өтө жакын. «Артта калган күндөрү алдын-ала бергендериңерге акы катары ырахаттануу менен жегиле жана ичкиле.» (Хакка Сүрөсү, 19-24)
Мына ошолор бейиштер ичинде коноктолгондор. Каапырларга эмне болду, моюндарын сага созуп чуркашат. Оң тараптан жана сол тараптан бөлүк-бөлүк болуп. Алардын баары немат-сыйларга толо бейишке киребиз деп үмүт кылып жатышабы (күсөп жатышабы)? (Маариж Сүрөсү, 35-38)
Ар бир напси (жан) кылгандарына карата бир барымта. Бирок Асхаб-ы Йемин (оң тараптагылар) тышкары. Алар бейиштерде... (Мудассир Сүрөсү, 38-40)
Эми Аллах аларды мындай бир күндүн жамандыгынан коргогон жана аларга жаркыраган бир нур жана бир кубаныч берген. Жана сабыр кылганы үчүн бейиш жана жибек менен сыйлады. Ал жерде тактылар үстүндө жазданып-сүйөнүшөт. Ал жерде (күйгүзүүчү) бир күн да жана тоңдуруучу бир суук да көрүшпөйт. «(Мөмөлөрдүн) Көлөкөлөрү аларга өтө жакын жана үзүлүшү өтө жеңилдетилген.» Айланаларында күмүштөн кристалл чынылар, идиштер айландырылат. Ал күмүштөн кристалл чыныларды белгилүү бир өлчөө менен белгилешкен. Ал жерде аларга бир чөйчөк (рюмка) ичирилет; аралашмасы имбирь. (Ал) Бир булак, ал жерде «селсебил» деп аталат. Айланаларында (жаштыгы жана сергектиги) түбөлүктүү кылынган сулуу кыз-жигиттер айланып турушат; сен аларды көргөндө чачылган берметтер экен деп ойлойсуң. Кайсы тарапты карасаң, бир немат-жакшылык жана зор бир мүлк көрөсүң. Алардын үстүндө жеңил жибек менен тыкан жасалгаланган атластан (сатинден) жашыл кийимдер бар. Күмүштөн билериктер менен жасанышкан. Раббилери аларга таптаза бир шарап ичирген. Күмөнсүз, бул силер үчүн бир сый. Силердин аракет кылышыңар шүгүргө ылайык көрүлдү. (Инсан Сүрөсү, 11-22)
Ким Раббиңдин макамынан коркуп, напсисин каалоо-эңсөөлөрдөн тартса, эми күмөнсүз бейиш (ал үчүн) бир турак жай. (Назиат Сүрөсү, 40-41)
Бейиш да жакындатылганда, (эми ар бир) напси эмне даярдаганын билип-көрөт. (Таквир Сүрөсү, 13-14)
Күмөнсүз жакшылар (эбрар) албетте нематтар(га толо бейиштер) ичинде. (Инфитар Сүрөсү, 13)
Тактылар үстүндө карап-көз жүгүртүшөт. (Мутаффифин Сүрөсү, 23)
Аларды көргөндө болсо: «Булар албетте жолдон адашкан-бузукулар» дешчү. (Мутаффифин Сүрөсү, 32)
Күмөнсүз ыйман кылып, чын ыкластуу иштерди жасагандар болсо; алар үчүн астынан дарыялар аккан бейиштер бар. Улуу «кутулуу жана бакыт» мына ушул. (Буруж Сүрөсү, 11)
Ал күнү ушундай жүздөр бар: нематта (чоң бир бакыт ичинде). Кылган аракеттеринен улам ыраазы. Бийик бир бейиште. Ал жерде маанисиз бир сөз укпайт. Ал жерде токтобостон аккан бир булак бар. Ал жерде бийиктерде курулган тактылар да бар; коюлган (суусундук толо) идиштер, катар катар тизилген жаздыктар, жана салынган төшөктөр. (Гошия Сүрөсү, 8-16)
Эй көңүл ток (ыраазы болгон) напси, Раббиңе ыраазы кылган жана ыраазы болгон болуп кайт. Эми кулдарымдын арасына кир. Бейишиме кир. (Фажр Сүрөсү, 27-30)
Ыйман кылып, чын ыкластуу иштерди жасагандар болсо; мына ошолор жаратылгандардын эң жакшылары. Раббилери Кабатында алардын сыйлыгы – бул ичинде түбөлүк жашай турган астынан дарыялар аккан Адн бейиштери. Аллах алардан ыраазы болду, алар да Андан ыраазы болушту. Мына ушул Раббиңден «ичи титиреп корккон адам» үчүн. (Баййина Сүрөсү, 7-8)
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы.
АЯГЫ.... ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев