Христиандык
Иса алейхиссалам Хазрети Мариям деген кыздан туулган биз сыяктуу эле адам. Курани каримде бул маселе ачык көрсөтүлгөн жана ыйык
рух тууралуу айтылган. Бирок, бул христиандар ойлогондой “Иса Аллахтын уулу” дегенди билдирбейт.
“Ыйык рух” (рух-ул-кудс) түшүнүгү Аллаху тааланын Иса алейхиссаламга жогорку куткаруучу кудуретинен бергендигинин белгиси. Иса алейхиссалам яхудилерге жаңылыш жолдо экендиктерин, туура жолдун өзү билдирген жол экендигин билдирген.Бирок, яхудилер күткөн куткаруучунун өтө катуу, айбаттуу, кармаганын
талкалай турган алп жана яхудилерди башка улуттардын кулдугунан
куткара турган адам болуусун күтүшкөн эле. Иса алейхиссаламга ише-
нишпеди. Аны жалган пайгамбар деп эсептеп, Римдиктерге кабар берип, ага каршы чыгышкан. Өздөрүнүн ишенимдери боюнча аны крестке
асышты. Ислам дини крестке асылган адамдын Иса алейхиссалам эмес
жана аны аз акчага Римдиктерге саткан Асхарют Яхуда (Judas) экендигин билдирет. Азыркы кездеги христиан тарыхчылары тарабынан кылынган изилдөөлөр Иса алейхиссаламдын крестте өлбөгөнүн далилдөөдө. Джон Ребан деген адам ушул маселе тууралуу 1978-жылы өтө көп сатылган бир китеп жарыялаган эле. Бул изилдөөлөр христиандардын “Иса крестте жан берди. Ата Теңир жалгыз уулун күнөөкөрлөр үчүн фида (курман)кылды” деген легендасына балта чабууда. Ошентип христиан тарыхчылары чиркөөлөргө чоң сокку берүүдө.Иса алейхиссаламга Инжил китеби түшүрүлгөн. Бирок, яхудилер бул китепти сексен жылда жок кылышкан. Кийин жазылган христиандардын Аллаху таала тарабынан жиберилгенине ишенген “Китаби мукаддас” (Ыйык китеп) эки бөлүмдөн турат. Биринчиси “Эски осуят” (Old Testament) китеби ошол доорго чейин келген пайгамбарлардын, айрыкча, Муса пайгамбардын насыяттарын камтый тургандыгына ишенилет.
Экинчиси “Жаңы осуят” (New Testament) Иса алейхиссаламга ишенгендердин ичинде Мартта (Matthew), Марк (Mark), Лука (Luke) жана Иоанн(Jahn) тарабынан жазылган китептер болуп, Иса алейхиссаламдын өмүр баянын, кылган иштерин жана айткан насыяттарын камтыйт.
Инжилди даярдоодо Курани каримдин жазылуусунда сакталган кылдаттык сакталган эмес. Чыныгы маалыматтарга бир канча жаңылыш түшүнүктөр, ырымдар, легендалар киргизилген. Х.1303, м.1885-жылы кайтыш болгон монастырдык мугалим ажы Абдуллах Абдибектин араб
тилинде жазылган “Рисала-и самсамийа” жана түрк тилинде жазылган
“Изах-ул-марам” китептеринде Инжилдер тууралуу кеңири маалымат берилген. Чыныгы Инжилге өтө жакын Инжил нускаларынын да бар
экендиги азыркы кезде байкалууда.Алардын эң маанилүүсү Барнабас Инжили. Барнабас Кипрдик яхуди болчу. Чыныгы аты Жозеф эле. Ал Иса алейхиссаламга ишенгендердин алгачкыларынын бири жана хаварийлердин (апостол) арасында
маанилүү орунга ээ. Ага карата айтылган “Барнабас” аты“насыятчы”,“жакшы-лыкка чакыруучу” деген маанини билдирет. Христиан ааламы
Барнабасты Павлос менен (Saint Paul) бирге христиан динин жайган кадырлуу адам деп тааныйт жана ар жылы мезгилдин он биринчи Июнунда пасхасын майрамдашат. Барнабас Иса алейхиссаламдан уккандарын,үйрөнгөндө-рүн өзгөртпөй ошол бойдон жазып жүргөн. Бул Инжил христиандыктын алгачкы үч жүз жылында калган Инжилдер менен бирге колдон-колго өтүп окулган. 325-жылы Изникте (Nicene-Никея) поптордун руханий жыйыны ибраний тилиндеги бардык Инжилдерди жоюуга
чечим кабыл кылган кезде Барнабас Инжили да жок кылынган. Анткени, төрт Инжилден башка Инжилди окуган жана сактаган адамдарды өлтүрүү тууралуу буйрук чыгарылган эле. Калган Инжилдер латын тилине которулган жана бир гана Барнабас Инжили өтө купуя түрдө жок болгон. 383-жылы папа Дамасус кокусунан колуна түшүп калган Барнабас Инжилинин нускасын папалыктын китепканасында сактаган. Х.993,м.1585-жылга чейин ошол жерде турган Барнабас Инжилин папа Сикстанын (Sextus) досу Фра Марино (Fra Marino.) “Fra” итальян тилинде “эркек тууган” жана “поп” дегенди билдирет) китепканадан таап алып, аны өтө кылдаттык менен изилдеп чыккан. Себеби, атактуу христиан дин жетекчиси Иранеус (130-200) болжол менен 160-жылы Аллахтын бир экенин, Исанын Аллахтын уулу эместигин айтып: “Павлос Римдиктердин бир нече теңирлерге сыйынуу адатын алып, үч Кудайга сыйынуу ишенимин христиан ишенимине киргизүүнү каалаган”, - деп, Павлосту сынга алганда буга далил катары бир кудай ишенимин үгүттөгөн Барнабас Инжилин көрсөткөн эле. Аны билген Фра Марино Барнабас Инжилин кылдаттык менен окуп, болжол менен 1585-1590 жылдардын арасында аны итальян тилине которгон. Ошол итальянча кол жазма ар кимдин колуна өтүп, акыры Пруссия королунун кеңешчиси Кремердин колуна тийген.Кремер аны х.1120, м.1713-жылы түрктөрдү Зентада жеңгендиги жана алардан Мажаристан (Венгрия) менен Белградды алгандыгы үчүн Европада атагы чыккан принц Юган де Савойга (1663-1736) белек кылган.Ал кайтыш болгондон кийин Барнабас Инжили анын жеке китептери менен бирге 1738-жылы Венадагы королдук китепканасына(Hofbibliothek)өткөрүлгөн.
Алгачкы жолу бул китепканадан Барнабас Инжилин итальянча ко-
тормосун таап алган Роггар (Ragg) жубайлары аны англис тилине котор-
гон. Ошол англисче котормосу х.1325, м.1907-жылы Оксфорддо басылып чыгарылган. Бирок, бул котормо да таң калыштуу болуп жок болгон. Анын бир нускасы “Бритиш музейинде”, бир нускасы да Вашингтондо
Америка конгрессинин китепканасында бар. Пакистандын Курани карим коому “Qoran Council” англисче нускасын 1973-жылы кайрадан басып чыгарган. Барнабас Инжилинин 70-бабында: “Иса өзүнө: “Сен Аллахтын уулусуң”, - деген Петруска ачууланды. Аны урушуп: “Кет, жогол! Сен
шайтансың, мага жамандык кылайын деп турасың”, - деди. Андан кийин хаварийлерине карап: “Мага минтип айткандарды каргыш урсун. Анткени, Аллах мага аларга каргыш айтууга буйрук берди”, - деди”, - деп айтылган.
71-бабында: “Мен эч кимдин күнөөсүн кечире албаймын. Жалгыз
Аллах гана күнөөлөрдү кечирет”, - дейт. 72- бабында: “Иса: “Мен бул дүйнөгө Хак тааланын дүйнөгө саламат алып келүүчү расулунун жолун даярдоо үчүн келдим. Бирок, силер абайлагыла, ал келгенге чейин алданып калбагыла. Анткени, менин сөздөрүмдү алып таштап, Инжилимди буза турган жалган пайгамбарлар
чыгат”, - деди. Ошол кезде Андреастын: “Ошол расул тууралуу бизге айтып бересиңби?” - деген суроосуна: “Бул расул силердин дооруңарда
келбейт. Силерден бир нече жылдан кийин менин Инжилим өзгөртүлүп жана чындыкка ишенген болжол менен 30 чактуу адам калган убакытта келет. Мына, ошол кезде Хак таала адамдарга ырайымдуулук кылып, элчисин жиберет. Анын үстүндө ар дайым ак булут болот. Ал өтө кудуреттүү болот, буттарды талкалайт,бутпарасттарды жазалайт.Анын аркасынан адамдар Аллахты таанышат. Аны өтө урматташат жана мен дагы чыныгы адамдык абалым менен тааныламын. Менин
адамдан башка нерсе экендигимди айткандардан өч алат”, - деп жооп берет”, - делген.
96-бабында: “Аллах тирүү. Аллаху таала биздин атабыз Ибрахимге:
“Сенин тегиңен чыккан бардык адамдарды ниматтарыма бөлөймүн”, - деп убада кылган. Бирок, ал Месих (Расул) мен эмесмин. Аллаху таала
мени дүйнөдөн алып кеткен кезде шайтан бүт адамдарды мени Аллахтын өзү же болбосо Аллахтын уулу экендигиме ишендирет. Ошол каргыш-ка дуушар болгур фитнаны кайра чыгарат. Сөздөрүм менен ишенимим
бузулуп, ушунчалык өзгөрөт, отуз чактуу гана чыныгы ыймандуу адам
калат. Ушундай заманда Аллаху таала адамдарга ырайым кылып, бардык
нерсени ошол үчүн жараткан расулун жиберет. Бул расул түштүктөн чыгат. Өтө чоң кудуретке ээ болот. Ал буттарды талкалайт, бутпарасттарды жана шайтандын адамдарга болгон бийлигин жыгат. Анын сөзүнө ишенгендер Аллаху тааланын түрдүү ниматтарына ээ болот”, - дейт.
97-бабында: “Айткан Месихиңдин аты ким жана анын келе турган-
дыгынын белгилери кандай?” - деп сураган көрөгөч бакчыга Иса мындай деди: “Месихтин аты таң калууга татыктуу. Аллаху таала анын рухун
жараткан кезде ага ушул ысымды берди жана аны өзүнүн асмандагы өтө
сонун жерине койду. “Күт, эй, Ахмед, сен үчүн мен Бейишти, ааламды жана көптөгөн нерселерди жаратамын. Аларды сага белек кыламын. Сени
баркатаган адамды мен да барктаймын. Сага ишенбей куфурда болгон
адамдар менин каргышыма дуушар болушат. Мен сени ааламга менин куткаруучу расулум катары жиберемин, сенин сөзүң акыйкаттан турат.Жер менен асман жок болсо да сенин ыйманың түбөлүккө калат”, - дейт.
Анын аты Ахмед болот. Ошондуктан, Исанын тегерегинде жыйналган
эл: “Эй, Ахмед! Ааламды куткаруу үчүн тезирээк кел!” - деп кыйкыра
башташты”, - деп жазылган.
128-бабында: “Досторум! Мен топурактан жаратылган адаммын.
Силер сыяктуу жерде басып жүрөм. Күнөөңөрдү билип, тообо кылгыла. Шайтан Римдик аскерлердин жардамы менен силерге менин Ку-
дай экенимди айтып, силерди алдайт. Алардын жасалма жана жалган теңирлерине сыйынуу аркылуу Аллахтын каргышына учурай тургандыгын көрүп, аларга ишенбегиле”, - деп айтылган.
136-бабында: “Тозок тууралуу түшүндүрмө берилип, Мухаммед
алейхиссаламдын өзүнүн үммөтүнүн Тозоктон кандайча куткара турган-
дыгы жөнүндө айтылган.
163-бабында: “Хаварийлердин: “Келе тургандыгы тууралуу айткан адамың ким?” деген сууросуна Иса жүрөгү титиреп туруп: “Анын аты Ахмед. Ал келгенде көп убакыт жаан жаабаса да жерлерде мөмө жемиштүү бактар өсөт. Ал алып келген Аллахтын рахматынын аркасында адамдарда жакшы, кайрымдуу амалдарды кылууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Аллахтын мээримдүүлүгү адамдарга жаайт”, дегени билдирилген.Иса алейхиссаламдын соңку күндөрү тууралуу Барнабас Инжили мындай маалымат берет (215-222-бабдар): “Рим жоокерлери Исаны туткундоо үчүн ишке киришкен маалда төрт улуу периште Жабраил,Исрафил, Микаил жана Азрайил Аллаху тааланын буйругу менен аны кучактап алып, терезеден чыкарып асманга алып чыгып кетишет. Рим жоокерлери өздөрүнө жол көрсөтүп жүргөн Яхуданы (Иуда, Judas) “Сен Исасың!” - деп кармашат. Анын каршылыгына, кыйкырып жалбарганына карабай сүйрөп алып барып крестке асышат. Кийин Иса алейхиссалам энеси менен хаварийлерге көрүнөт. Мариямга: “Апа, көрүп турасың го. Алар мени эмес, саткын Яхуданы асып өлтүрүштү. Шайтандан коргонгула! Анткени, ал дүйнөнү туура эмес ишеним менен алдап, жаңылыш жолго түшүрүү үчүн бардык нерсени жасайт. Көргөн, уккан нерселериңер
үчүн силерди күбө катары көрсөтөм”, - деди. Андан кийин ишенгендердин коргонуулары жана күнөөкөрлөрдүн өкүнүп тообо кылуулары үчүн
Аллаху таалага дуба кылды. Шакирттерине карап: “Силерге Аллаху тааланын ниматы жана мээрими болсун”, - деди. Анан төрт периште аны
шакирттери менен апасынын көз алдында кайрадан асманга алып кетишти”.
Барнабас Инжили акыркы пайгамбар Мухаммед алейхиссаламдын
келе тургандыгын андан 1000 жыл мурда айтып турат. Аллаху тааланын
жалгыз экендигин айтып, үч кудай ишенимин жокко чыгарууда.Барнабас Инжили Мухаммед алейхиссаламдын келүүсүнөн 700 жыл
мурда “куфур(капырчылык)” деп караланып, жыйналып жок кылынган.Демек, ошол кездин өзүндө эле анын ичинде фанатик христиандарга жакпай турган, б.а., Аллаху тааланын жалгыз экендиги, Иса алейхисса-
ламдан кийин башка Пайгамбардын келе тургандыгын билдирген сөздөр болгон. Аны итальян тилине которгон Фра Марио католик поп эле. Мына бул нерсени унутпоо керек, көп убакыт мурда, б.а., б.з.ч. 300-325-жылдардын арасында бир топ христиан дин адамдары Иса алейхиссаламдын
Аллахтын уулу экендигин кабыл кылбай, анын да биз сыяктуу эле адам
экенин далилдөө үчүн Барнабас Инжилин алдыга тартышат. Алардын эң таанымалы Антиохия епископу Лучиан эле. Анын шакирти Ариус (270-336) андан да атактуу болгон. Ариус Александрия епископу, кийин Стамбул патриархы болгон Александр тарабынан “капыр” деп жарыяланып,куугунтукталган. Ушундан улам, Ариус досу Измит епископу
Еусбюстун жанына барат. Ариустун ишениминин тегерегине көптөгөн
жактоочулар жыйналышат. Жада калса, Византиянын императору Константин менен анын карындашы да ал негиздеген ариандар мазхабына кирет. Ариустан кийин жалгыз Мухаммед алейхиссаламдын заманында папа болгон Гонорий гана (Gonorius) Иса алейхиссаламдын адам баласы экенин жана үч теңир ишениминин туура эмес экенин айткан. 630-жылы кайтыш болгон папа Хонориус 48 жылдан кийин 678-жылы Константинополдо жыйналган Руханий жыйын тарабынан официалдуу түрдө “капыр” деп жарыяланган. (Anathematised) 1547-жылы Сицилиялык поп Камиллонун таасири астында болгон Л.Ф.М. Соззини христиандардын эң чоң дин аалымы жана Келвинизмдин куруучусу француз Джан Келвинге
(1509-1564): “Мен үч теңирге ишенбейм”, - деп, Ариустун мазхабын тан-
дай тургандыгын билдирип, маанилүү христиан ишеними болгон Адам алейхиссаламдын чоң күнөөсү жана Исанын ошол күнөөнү кечиртүү
үчүн дүйнөгө келгендиги тууралуу ишенимди кабыл кылган эмес.Ошол адамдын жээни болгон Ф.П. Соззини 1562-жылы бир китеп жарыялап, Иса алейхиссаламдын кудай эмес экендигин анык көрсөткөн.1577-жылы Соззини Трансилванияда Клаусенбург шаарына барган эле. Анткени, ошол мамлекетти башкарып турган Сигисмунд үч кудай ишенимин кабылдачу эмес. Ошол жерде епископ Францис Давид
(1510-1579) үчтүк ишенимге толугу менен каршы чыгып, бир мазхаб курган эле. Бул мазхаб Польшадагы Раков шаарында негизделгендиктен алар “раковиандар” деп аталган. Алардын бардыгы Ариустун
мазхабын карманышчу эле. Көптөгөн ынсаптуу, акылдуу христиан дин жетекчилер колдорундагы Инжилдерге ишенишпей, туура Инжилдин Барнабас Инжили экендигин моюнга алышууда. Аны көргөн папалар жана алардын тегерегиндеги топтор Барнабас Инжилин жок кылууга болгон күчтөрүн жумшоодо.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев