12-күн
"АЛЛАХКА ТОБОКЕЛ КЫЛУУ "
Аят: Ошол учурда эки топ каратынан тая түштү. Аллах алардын арка-жөлөгү. Момун-мусулмандар Аллахка гана Тобокел кылып, таянышсын (Аали Имран: 122).
Хадис: Эгер силер Аллахка чын жүрөктөн Тобокел кылып таянсаңар, ал силердин ырыскыңарды канаттуу-куштарга ырыскысын ыроологондой ыроолойт (Ибн Мажа, Зухд:14).
Окуя: Ырыскыны Аллах берет!
Күндөрдүн биринде Ибрахим бин Адхам олуядан бир поп:
-Эмне менен жан сактайсың?- деп сурайт.
-Кай жактан жибергенин менин ырыскымды берген Заттан сура! Мен билбейм.
-Күн сайын ибадат кыласың. Эмне жеп, эмне ичип жан сактайсың?
Анда Ибрахим бин Адхам ага жооп ирээтинде тиштерин көргөзөт. Олуя муну менен "тегирменди жасаган зат суусун дагы жиберет" деген маанини айткысы келген.
УММАТИ МУХАММАД тайпасы. https://ok.ru/ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев