Бактылуулуктун акыйкаты
Бактылуулук сөзүнүн түпкү мааниси , Ыраазылык; көңүлдүн ырахатта болуусу , бактысыздыкка карата карама -карашы түшүнүк.
Бактылуулукту бардык адамдар талап кылышат. Алсак, жеке адамдар , үй бүлөлөр, коомчулуктар ал гана эмес өлкөлөр дагы . Айтылып өткөндөрдүн бардыгы бактылуулукту издешет.Жашоолору кыйынчылыксыз, кайгы капасыз болуп, ар дайым саламаттыкка , бейпилдикке,тынчтыкка жана ырахатка толуусун каалашат. Андай болсо, адамдар талап кылган бактылуулук кайсыл, аны жүзөгө ашыруу мүмкүнбү? Эгер мүмкүн болсо, анда ал үмүттүү бакытка кайсыл жол менен жетүүгө болот?..
Кээде адамдардын кээ бири бактылуулук байлык топтоодо жана андан пайдаланууда деп ойлошот.Бирок ушул жолду тандап , бул дүйнөдөгү үлүшүнө жетип,байлыкты топтогондор чыныгы бактылуулукту таба алышпай тескерисинче, бактысыздыкка жана азап менен кайгыга кабылышкан. Андай адамдарды Алла таала Куранда төмөнкүдөй сыпаттаган:
Мааниси: «3Алардын мал-мүлкү жана балдары сени суктандырбасын!4.
Чындыгында, Алла ошол аркылуу аларды дүйнө тиричилигинде азапка салууну
каалайт ...» (Тавба :55)
Бир акын бул тууралуу мындай деген экен Мааниси:
Эң жакшы азык- такыбалык Аллага
Такыбалыксыз эч ким жетпес бакытка
Байлык топтоо бактылуулук жолу эмес
Такыбага көп жакшылык Алла алдында
Кээ бир адамдар болсо, бактылуулукту жашоонун көркү болгон уул перзенттеринин көптүгүндө деп ойлошот. Моюн сунуп, урмат көрсөткөн уулдар ата-эненин бактысынын башаты экендигине карабастан, көпчүлүк уулдар ата- энесинин жакшылыгын актоонун ордуна , аларды чанып, кайгыга салып ак болушат. Азыркы учурда ар түрдүү илимдерди камтыган жаңы заманбап маданият пайда болуп, адамдарга бардык нерсени пайдаланууга шарт түзүп берүүдө. Ал гана эмес, практикалык илимдер, динге каршы кээ бир атеисттердин Алла тааладан тышкары сыйынуучу «кудайы» болуп калган. Алар ошол илимге жетүүнү жана ачылыштарды жасоо чыныгы бакыт деп эсептешет. Бирок адамдардын ичинен акылдуулары илимдин жеке өзү инсанга руханий жактан пайда бербестигин жана толук бактылуулукка жеткире албастыгын аңдап билишкен. Себеби канчалык материалдык жактан ырахаттануунун, көңүл ачуунун түрдүү ыкмаларын таап, ал боюнча ачылыштарды жасашса дагы, булардын бардыгы адамдын ички дүйнөсүн, дилин бактылуу кылууга алсыздык кылат.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев