🌺
35-Х А Д И С ИСЛАМ БИР ТУУГАНДЫК
Абу Хурейранын (А.Ы.Б.) айтымында: Алланын Элчиси айтты: «Бир – бириңерге кызганчаак болбогула! Бири- бириңерге бааны көтөрбөгүлө! Бир –бириңди алдаба! Бир-бириңдин ачууңу келтире турган сөз сүйлөбөгүлө! Бир –бириңе кастык кылып артынан (ушак –айың, бузук)
1 Мына ушул хадисте айтылгандардын биринчи жана экинчи талабын аткаруу азыркы учурда ар бир мусулман үчүн өтө маанилүү! (Котормочунун эскертүүсү). кеп айтпагыла! Бир –бириңердин соодаңардын үстүнө экинчиңер соода кылба! Кудайга (Ал үчүн) пенделикте бир тууган болгула! Мусулман мусулманга бир тууган: ага зулум (жамандык) кылбайт, аны кордобойт, ага калп айтпайт, аны жаман да көрбөйт, Такыбалык мына бул жерде»- деп айтып (Алланын Элчиси) үч ирет көкүрөгүн көргөздү: -Жамандыктын чоңу –өзүнүн тууганы мусулманды жек көрүү. Ар мусулман үчүн башка бир мусулмандын каны да, мал-мүлкү да, ар-намысы да харам (арам, кол тийгис). (Муслимден).
📚КЫРК ХАДИС китебинен алынды.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев