🌺
🍃БЕЙИШ 🍃
КУРАН АЯТТАРЫНДА БЕЙИШ (уландысы)
Ага: «Бейишке кир» деп айтылды. Ал болсо: «Менин коомум да бир билгенде кана» деди. «Раббимдин мени кечиргенин жана коноктолгондордон кылганын.» (Йасин Сүрөсү, 26-27)
Мына бүгүн эч кимге (эч) бир нерседе зулумдук кылынбайт жана силер да кылгандарыңардын акысын аласыңар. Чындыгында, бүгүн бейиш калкы – «кубаныч жана бакыт толо» бир алаксуу (жашоо) ичинделер. Өздөрү жана жарлары көлөкөлөрдө, тактылар үстүндө жазданышкан. Ал жерде жапжаңы мөмөлөр алардыкы жана каалагандарынын баары алардыкы. Өтө боорукер Раббиден аларга айтылган «Салам» да (бар). (Йасин Сүрөсү, 54-58)
Бирок чын ыкластуу кулдар башка. Мына ошолор; алар үчүн белгилүү бир ырыскы бар. Ар түрдүү мөмөлөр. Алар даам татышат. Немат-жакшылыктарга толгон (наим) бейиштерде. Маңдай-тескей тактылар үстүндө (отурушат). Булактан (куюлган) чөйчөктөр менен айланаларында айланышат. Аппак, ичкендерге ырахат (тартуулаган бир ичимдик). Анда баш балээси да, акылдарын жоготуу да жок. Жана жандарында көздөрүн жубайларына гана бурган ири көздүү аялдар бар. Алар сакталган бир жумуртка сыяктуу (сулуу жана жылмакай). (Саффат Сүрөсү, 40-49)
Бул бир зикир. Күмөнсүз такыбалуулар (Аллахтан корккондор) үчүн албетте бара турган сонун бир мекен бар. Адн бейиштери; эшиктер аларга ачылган. Ичинде жазданып-сүйөнүшкөн; ал жерде көптөгөн мөмө менен шарап каалашат. Жана жандарында көздөрүн жубайларына гана бурган бир курактагы аялдар бар. Сурак күнү силерге убада кылынган мына ушул. Күмөнсүз, бул Биздин ырыскыбыз, эч түгөнбөйт дагы. (Сад Сүрөсү, 49-54)
Бирок Раббилеринен коркуп-тартынгандар болсо; аларга бийик сарайлар бар, алардын үстүндө болсо бийик сарайлар курулган. Алардын астында дарыялар агып турат. (Бул) Аллахтын убадасы. Аллах убадасынан кайтпайт. (Зумар Сүрөсү, 20)
Раббилеринен коркуп- тартынгандар бейишке топ топ киргизилишти. Аягында ал жерге келишкенде, эшиктери ачылды жана аларга (бейиштин) кароолчулары айтышты: «Силерге салам болсун, кош жана таза келдиңер. Түбөлүк калуучулар катары ага киргиле.» (Алар) Айтышты: «Бизге берген убадасында бекем болгон жана бизди бул жерге мураскор кылган Аллахка мактоолор болсун. Бейиштен каалаган жерибизде конок боло алабыз. (Чын ыкластуу) Иштерди жасагандардын сыйлыгы – кандай сонун. Периштелердин да Арштын айланасын торошкон абалда Раббилерин мактоо менен аруулап жаткандыгын көрөсүң. Араларында чындык менен өкүм чыгарылды жана: «Ааламдардын Раббисине мактоолор болсун» деп айтылды. (Зумар Сүрөсү, 73-75)
Аршты көтөргөндөр жана айланасындагылар Раббилерин мактоо менен тасбих кылышып, Ага ыйман кылышууда жана ыймандууларга кечирим тилешүүдө: «Раббибиз, мээрим жана илим жагынан бүт нерсени ороп-курчадың, тообо кылгандар жана Сенин жолуңду ээрчигендерге кечирим кыл жана аларды тозоктун азабынан корго. Раббибиз, аларды Адн бейиштерине киргиз, аларга (муну) убада кылдың; аталарынан, жубайларынан жана урпактарынан чын ыкластууларды да. Чындыгында Сен улуу жана кудуреттүүсүң, өкүмдар жана даанышмансың. Жана аларды жамандыктардан сакта. Ал күнү Сен кимди жамандыктардан сактаган болсоң, чындыгында Ага мээримдүүлүк кылган болосуң. Улуу «кутулуу жана бакыт» мына ушул. (Момун Сүрөсү, 7-9)
Ким бир жамандык кылса, ошого тең гана жаза тартат; ким –эркек же аял болсун- бир ыймандуу катары чын ыкластуу бир ишти жасаса, мына ошолор ичинде сансыз ырыскы тартуу кылынуу үчүн бейишке киришет. (Момун Сүрөсү, 40)
Күмөнсүз: «Биздин Раббибиз Аллах» деп анан туптуура жолдо жүргөндөр (бар эмеспи); аларга периштелер түшүп (айтышат:) «Коркпогула жана кайгырбагыла, силерге убада кылынган бейиш менен кубангыла. Биз дүйнө жашоосунда да, акыретте да силердин досторуңарбыз. Ал жерде напсиңер (көңүлүңөр) каалаган нерселердин баары силердики жана каалаган нерселериңердин баары да силердики. Өтө кечиримдүү, өтө боорукер (Аллах)тан бир сый катары. (Фуссилат Сүрөсү, 30-32)
Мына Биз сага ушундай арапча бир Куран вахий кылдык; шаарлардын энесин (болгон Мекке калкын) жана айланасындагыларды эскертишиң үчүн жана эч күмөн болбогон чогулуу күнүн (кабар берип аларды) эскертишиң үчүн да. (Ал күнү алардын) Бир бөлүгү бейиште, бир бөлүгү алоолоп күйгөн оттун ичинде. (Шура Сүрөсү, 7)
(Ал күнү) Заалымдарды кылгандарынан улам коркуп, титиреп жатканын көрөсүң; ал (кылгандары) аларды басып калды. Ыйман келтирип ыкластуу иштерди жасагандар болсо бейиш бакчаларында. Раббилери Кабатында эмне кааласа баары алардыкы. Мына улуу пазилет (жакшылык жана жогорулук) ушул. Аллах ыйман келтирип, чын ыкластуу иштерди кылган кулдарына мына ушундай сүйүнчү кабар берет. Айт: «Мен бул (эмгегим) үчүн жакындарга сүйүүдөн башка силерден эч кандай акы сурабайм.» Ким бир жакшылык кылса, Биз андагы жакшылыкты көбөйтөбүз. Чындыгында, Аллах кечиримдүү, шүгүр кылганга жакшылыгынан берүүчү. (Шура Сүрөсү,3 22-23)
«Эй кулдарым, бүгүн силер үчүн коркуу жок жана силер кайгырбайсыңар. Алар Менин аяттарыма ыйман кылгандар жана Мусулмандар. Силер жана жубайларыңар бейишке киргиле; кубаныч ичинде коноктолосуңар. Алардын айланасында алтын идиштер жана кумуралар менен айланып турушат; ал жерде көңүлдөрү эңсеген жана көздөр ырахат алган бүт нерселер бар. Жана силер ал жерде түбөлүк жашайсыңар. Кылгандарыңар үчүн мураскор болгон бейишиңер мына ушул. Ал жерде силер үчүн көптөгөн мөмөлөр бар; алардан жейсиңер.» (Зухруф Сүрөсү, 68-73)
Такыбалуулар (Аллахтан корккондор) болсо; сөзсүз алар коопсуз бир макамда. Бейиштерде жана булактарда, жеңил жибектен жана өтө жасалгаланган атластан (сатинден) (кийимдер) кийишет, маңдай-тескей (отурушат). Мына ушундай; жана Биз аларды чоң көздүү үр кыздар менен үйлөндүрдүк. Ал жерде коопсуздук ичинде, ар түрдүү мөмөлөрдү каалашат; ал жерде биринчи өлүмдөн башка өлүм татышпайт. Жана (Аллах) аларды тозок азабынан коргогон. Сенин Раббиңден бир берешендик катары. Улуу «бакыт жана кутулуу» мына ушул. (Духан Сүрөсү, 51-57)
Күмөнсүз: «Биздин Раббибиз – Аллах» деп, анан туура жолдо жүргөндөр (бар эмеспи); эми алар үчүн коркуу жана кайгы-капа да жок. Мына ошолор бейиш калкы; кылгандарынын сыйлыгы катары ичинде түбөлүк жашашат. (Ахкаф Сүрөсү, 13-14)
Мына ушулар; кылгандарынын эң сонунун кабыл алабыз жана жамандыктарынан кечебиз; (булар) бейиш калкы ичинде. (Мына ушул) Аларга убада кылынган чыныгы бир убада. (Ахкаф Сүрөсү, 16)
Аларды туура жолго салат (хидаят берет) жана абалдарын оңдоп-түзөлтөт. Жана аларды сүрөттөп-тааныткан бейишке киргизет. (Мухаммад Сүрөсү, 5-6)
Күмөнсүз, Аллах ыйман кылып чын ыкластуу иштерди жасагандарды астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Чындыкты тануучулар (каапырлар) болсо пайдаланышат жана айбандар жегендей жешет; от алар үчүн бир коноктолуу жери. (Мухаммад Сүрөсү, 12)
Такыба ээлерине (Аллахтан корккондорго) убада кылынган бейиштин мисалы (мындай): ичинде бузулбаган суудан дарыялар, даамы өзгөрбөгөн сүттөн дарыялар, ичкендер үчүн ырахат берүүчү шараптан дарыялар жана таза балдан дарыялар бар жана ал жерде алар үчүн мөмөлөрдүн ар түрдүүсүнөн жана Раббилеринен бир кечирим бар. (Мындай сыйланган бир адам) Оттун ичинде түбөлүк кала турган жана ичегилерин «майдалап үзүүчү» кайнак суудан ичирилген адамдардай болобу? (Мухаммад Сүрөсү, 15)
Ыймандуулардын жүрөктөрүнө ыймандарына ыйман кошуп-көбөйтүшсүн деп, «коопсуздук сезими менен бейпилдик» түшүрүүчү Ал. Асмандардын жана жердин аскерлери Аллахтыкы: Аллах билүүчү, өкүмдар жана даанышман. (Булардын баары) Ыймандуу эркектерди жана ыймандуу аялдарды ичинде түбөлүк жашай турган, астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизиши жана жамандыктарын жашырып-кечириши үчүн. Мына ушул Аллах Кабатында «улуу кутулуу жана бакыт». (Фатх Сүрөсү, 4-5)
Сокурга кыйынчылык (жоопкерчилик) жок, чолокко да кыйынчылык жок, оорулууга да кыйынчылык жок. Ким Аллахка жана Элчисине моюн сунса, (Аллах) аны астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Ал эми ким жүз бурса, аны оор бир азап менен азаптандырат. (Фатх Сүрөсү, 17)
Бейиш болсо такыба (адам)дар үчүн алыста эмес, (ал күнү) жакындатылган. Силерге убада кылынган ушул; (чын көңүлдөн Аллахка) багытталып бурулган (Исламдын өкүмдөрүн) аткарган, көрбөсө да Рахмандан «ичи титиреп корккон» жана «чын көңүлдөн Аллахка багытталган» бир жүрөк менен келгендер үчүн. Ага аман-эсен жана тынчтык (салам) менен киргиле. Бул түбөлүктүүлүк күнү. Ал жерде каалаган нерселеринин баары алардыкы; Кабатыбызда андан да көбү бар. (Каф Сүрөсү, 31-35)
Күмөнсүз муттакилер (Аллахтан корккондор) Раббилеринин аларга бергенин алышып, бейиштерде жана булактарда. Себеби алар мындан мурда ихсан (сонун иштерди) кылышкан. (Зарият Сүрөсү, 15-16)
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев