Яхуди жана христиан басылмалары азыр колдорундагы ыйык китептин, б.а., “Тоорат” жана “Инжил” деп аталган китептердин үч бөлүмүнүн Сулайман пайгамбардын китебинен алынгандыгын айтышат. Бул бөлүмдөр “Ахди атик”тин курамындагы“Сулайман-дын макалдары”,“Үгүттөөчү” жана “Ырлардын ыры” аттуу китептери болуп эсептелет.Тооратта Сулайман алейхиссаламдын шамалга, куштарга жана башка айбанаттарга да буйрук бергендиги, алардын тилин билгендиги, куштар менен жапайы айбандардын анын буйругун дароо орундагандыгы, кол
астындагы жиндердин көмөгү менен салдырган бардык имараттарынын
тез салынып бүткөндүгү тууралуу айтылат.
Сулайман алейхиссалам кайтыш болгондон кийин Исраил уулдары он эки коомго бөлүнүп кетет. Бул бөлүнүү иши Сулайман алейхиссалам тирүү кезде эле башталган болчу. Бирок, ал Аллаху тааланын жардамы
менен, жакшылыгы менен аларды бириктирип кармап турган эле. Сулай-
ман алейхиссаламдын ордуна уулу Рехобоам отурат. Ага он эки коомдун экөө гана баш ийет. Исраил мамлекети экиге бөлүнөт. Бул мамлекеттин бири “Исраил”, ага он коом кирген. Калган эки коом “Яхуда” мамлекети деп аталды. Алар Кудуста жашашкан. Алар жолдон тайышып Аллаху тааланын азабына учурашкан. Көп убакыт Ассирия мамлекетине көз каранды болгон. Ассирия бийлөөчүсү Бахтуннасар (Навухадоносор)
б.з.ч. 587-жылы Кудус шаарын талкалаган. Исраил уулдарын Кудустан мажбурлап чыгарып, Вавилонго сүргүнгө айдаган. Бирок, Иран падышасы Кейхусрав (Кир) ассириялыктарды жеңгенден кийин яхудилердин кайрадан Кудуска кайтууларына уруксат берет. Яхудилер Кудуска жайгашып, өрттөнгөн шаарды бир аз жөнгө салышат. Алгач Ирандыктарга,
кийин Македониялыктарга көз каранды болуп жашашкан. Б.з.ч. 64 жылы Римдиктер Кудуска кирет. Шаарды кайрадан талкалап салышат. Римдиктер экинчи жолу 70-жылы Кудусту талкалашат. Рим императору Титус
Кудусту толугу менен жойгон.Яхудилер Римдиктердин кол астыда болгон кезде Иса алейхиссалам
туулган. Баягы апааттардын, согуштардын убагында чыныгы Тоораттын
нускалары жок кылынган. Кийин “Тоорат” деген ат менен ар түрдүү китептер жазылган. Аларга бөтөн нерселер аралашкан, жаңылыш ишенимдер киргизилген эле. Ошондуктан, Аллаху таала яхудилер менен башка
коомдорго туура жолду көрсөтүү үчүн Исаны (алейхиссалам)пайгамбаркылып жиберген.Яхудилер Исаны (алейхиссалам) пайгамбар деп таанууну каалашпайт. Бирок, алар Тооратта жазылгандай бир пайгамбар келе
тургандыгын билишчү эле жана аны күтүп жатышкан эле. Бирок, күтүп жаткан пайгамбардын күчтүү, баатыр, кармаганын талкалай турган алп
жана аларды Римдиктердин зулумдугунан куткара турган адам болушу
керек деп ойлошкон эле. Мүнөзү өтө жумшак болгон Иса алейхиссаламды алар ошондуктан жактырышкан эмес. Аны “жалган пайгамбар”
деп, энеси Хазрети Мариямга жалаа жабышты. Азыркы кезде дүйнөдө 15 миллионго жакын яхуди бар.Алардын эч бирөөсү чыныгы Тооратка баш ийишпейт. Ансыз деле Тоораттын түп нускасы (оригиналы) жок. Эл аралык статистика болгон “Britanica of the year” альманахында айтылышы боюнча: “Алардын карманган диндеринин жалпы бир дин экени да күмөндүү”, - деп билдирилген. Анткени, яхудилердин ичинде ар түрдүү топтор (секталар) бар.АКШнын Калифорния университетинин профессору Еллиот Фред-
мандын авторлугунда 1987-жылы жарыяланган “Тооратты ким жазган?” деп аталган китеп яхуди жана христиан дүйнөсүн дүрбөлөңгө түшүрдү. Ал Тоорат деп эсептелген беш китептин бөлөк-бөлөк адамдар тарабынан жазылгандыгын, Муса алейхиссаламга түшүрүлгөн Тоорат
китебинин түп нускасы менен эч салыштырууга болбой тургандыгын айткан. Христиандар ишенген “Китаби Мукаддастын” (касиеттүү китептин) “Жаңы осуят” жана “Эски осуят” бөлүмдөрүнүн бири-бирине каршы экенин билдирген профессор Фредман китебинде ушуга байланыштуу мисалдарды келтирген. Ошондой эле Тоораттын ичиндеги ки-
тептердин да бири биринин арасында, жада калса, ичиндеги бабдарынын арасында да карама-каршылыктар толуп жатканына көңүл бурган профессор Фредман мындай чыгармаларды “Аллахтын китеби” деп сыпаттоого болбой тургандыгын айткан. Тооратты курай турган беш китептин
түшүндүрүү стили да бири-бирине окшобойт.
Профессор Еллиот Фредмандын пикири боюнча азыркы Тоорат Муса алейхиссаламдан бир нече кылым кийин жашаган беш хахам (раввин) тарабынан жазылган, кийин аларды Азра деген хахам бирден жыйнап, “Эски осуяттын” түп нускасы деп көбөйткөн. Профессор Фредман өзүнүн эмгегинде мындай дейт:
“Азыркы кезде Тоораттын үч нускасы бар.Яхудилер менен протестанттар кабыл кылган ибраний тилиндеги нуска.Католиктер менен православдар кабылдаган грек тилиндеги нуска.
Самирийлер кабылдаган самирий тилиндеги нуска.
Булар Тоораттын эң көөнө жана ишенимдүү нускалары деп кабыл кы-
лынганы менен бир нусканын ичинде жана нускалардын арасында бир катар карама-каршылыктар бар. Эч бири илахий (Аллахтан келген) динде жок болгон, адамдарга зулумдук кылууга үгүттөөчү тексттер, пайгамбарлардын кээ бирөөлөрүнө каршы өтө жаман жана аттарына жарашпай турган сүрөттөмөлөр бар. Ал эми чыныгы Тооратта карама-каршылыктардын, төмөн сүрөттөмөлөрдүн болушу мүмкүн эмес. Чыныгы Тооратта карама-каршылыктар болбойт”.
Француз попторунун бири болгон Ричард Симон “Historia Critique
du Vieux Testament” китебинде Тоораттын Муса алейхиссаламга вахий кылынган Тоорат эмес экендигин, кийин ар түрдүү мезгилдерде жазы-лып, бир китеп катары жыйналгандыгын айтат. Аталган поптун бул ки-
теби жыйнап алынып, өзү чиркөөдөн айдалган.
Илимдин доктору Джеан Аструк “Conjectures il parait que Mouse sest
Servi pour composer le livre dela Genese” деп аталган эмгегинде Тоораттын беш бөлүмүнүн ар түрдүү жерлерден жыйналган китептер экенин жазат. Джеан бир бөлүмүндөгү аттардын эки-үч жерде өзгөртүрүлүп,кайталана тургандыгына айрыкча назар салган. “Таквиндин” биринчи бабынын 11аятында жана уландысында өсүмдүктөрдүн адамдан мурда жаратылгандыгы жазылган. Экинчи бабынын 5,6,7,8 жана 9-аяттарында адамдын жаратылгандыгы жана ал кезде жер бетинде эч кандай өсүмдүктүн болбогондугу тууралуу жазылган.Ушул сыяктуу көптөгөн карама-каршылыктар, чоң жаңылыштыктарды
ашкерелеген Джеан Аструк чиркөө тарабынан динсиз деп жарыяланган.
Готфред Эйчхорн “Таквинден” башка кийин келген беш китептин да
тарыхы жана тили бири-биринен өзгөчөлөнгөндүгүн 1775-жылы жарыяланган китебинде жазган. Бирок, анын өзү да, китептери да “динсиздик”деп караланган.
Немис акыны жана философу Херден (1744-1803) “Von Geiste den hebraischen Poesie’’ аттуу эмгегинде “Эски Осуяттын” “Мазмурлар” китебинин ичиндеги ырлардын бир канчасы ибраний акындарына таандык экенин, түрдүү убакыттарда жазылгандыгын жана кийин бир китепке
жыйналгандыгын жазат. Ошондой эле “Ырлардын ыры” китебинин да
дүйнөлүк жана адептүүлүккө каршы махабат тууралуу ыр экенин, бул ырлардын Сулайман алейхиссалам сыяктуу бир пайгамбарды мактоо үчүн окуунун туура эмес экендигин айтат. Буга бул китепти окуган кез келген адам анык көз жеткизе алат.
XIX-кылымда ибраний тилинде кылынган изилдөөлөрдүн саны арт-
кандан кийин Тоораттагы беш китептин Муса алейхиссаламга таандык
эмес экендиги жана “Эски осуяттагы” китептердин ар кандай убакыттарда жыйналгандыгы далилденген. Ошол тема боюнча Европалык
көптөгөн тарыхчылар, поптор жана епископтор өздөрүнүн чыгармала-
рын жарыялашкан.
Муд Инжил Институтунан доктор Грахам Скродж “Инжил Кудайдын сөзүбү?” деп аталган китепте “Эски осуят” жана “Жаңы осуяттын”Кудайдын сөзү эмес экендигин моюнга алган.Ал “Таквин” китеби санжырага толгон. Ким кимден туулган? Кандай туулган? Ушулар тууралуу айтылат. Булардын мага эмне кереги бар.
Булардын ибадат жана Аллаху тааланы сүйүү менен кандай байланы-
шы бар? Кандай кылып жакшы адам болуу мүмкүн? Кыямат күнү деген эмне? Кимге кандайча эсеп беребиз? Бул маселелер тууралуу өтө аз жазылган. Көбүнчө ар түрдүү легендалар берилген”, - дейт. Мындай китеп кантип Аллахтын сөзү болсун?Азыркы мезгилде яхудилердин “Тора”, христиандардын “Эски осуят” деп атаган китептерин окуган адам жогорудагы аты аталган поптордун айткан сын пикирлерине толугу менен кошула алат жана бул китептердин Аллахтын сөзү эмес экендигине чындап көздөрү жетет. Муну түшүнгөн бир нече батыштык поптор жана аалымдар көптөгөн китеп-терди жазып, акыйкатты адамдарга билдирүүгө аракет кылышууда.
Яхудилердин Тоораттан кийинки ыйык китептери “Оозеки буйруктар” деп аталган китеп. Талмуд эки бөлүмдөн турат. Алар Мишна жана Гамара. Яхудилердин колунда чыныгы Тоорат жок. Тоораттын нускалары толугу менен өзгөртүлгөн. Курани карим бардык китептердин өкүмдөрүн жойгон. Азыр бүткүл адамзат моюн суна турган китеп эч өзгөртүлбөгөн Курани карим.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев