Автор :
Хамад Хасан Ракийт
Которгон :
Касым Сыдыков
Корректор :
Кенжебаев Дайыр
Колуңуздагы бул китепче «Бакыт жолу» деп аталып, окурмандарга бул дүйнөнүн жана акыреттин бакытына жетүүгө себеп боло турган баалуу наасааттар камтылган. Китеп жалпы окурмандарга арналат.
Бакыт жолу
Бардык мактоолор Алла таалага болсун! Аны даңазалайбыз, Андан гана жардам сурайбыз жана кечирим тилейбиз.Ошондой эле Анын акыркы
пайгамбары Мухаммад алейхис салаамга, анын үй бүлөсүнө жана сахабаларына
салават саламдарды жолдойбуз.
Колуңуздагы бул китепче, бактылуулук тууралуу түшүнүктөр жана анын себептери жөнүндө баян этмекчи.Негизинен, бакыт тууралуу көз караштарынын ар башкачалыгы боюнча адамдар эки топко бөлүнүшөт :
Биринчи топтогулар - туура жолго түшкөн момун мусулмандар. Алар бактылуулукка бир гана ыймандуулук жана шариятка ылайык келген туура жүрүм-турум менен гана жетүү мүмкүн экендигин билишкен. Муну Алла тааланын ушул сөзү тастыктап турат:
Мааниси: «Ким ыймандуу болуп, ошол ыйманын зулумдук менен
аралаштырбаса, ошолор үчүн тынчтык болот. Алар – Туура Жол табуучулар.»
(Анъаам: 82)
Экинчи топтогулар - ыйман келтирбей, туура жолго түшпөгөндөр.Алар өздөрү адашып, өзгөлөрдү да адаштырышкандар. Себеби алар бактылуулукту ар түрдүүчө түшүндүрүшүп ,натыйжа-да, башкаларды жарыктан караңгылыкка түртүп, алардын кыйроосуна алып келишкен.
Бул тууралуу Алла таала Куранда мындай деген:
Мааниси: «Ал эми ким Менин эскертүүмдөн баш тартса, анда, ага машакаты оор турмуш берерим шексиз. Андайларды Кыяматта сокур кейипте
жыйнайбыз.» (Тоха: 124)
Демек, адамдар өздөрү кабылышкан бактысыздыктан бир гана Алла таалага кайтуу менен, Анын динине жана китебине бекем кармануу аркылуу гана кутулуп, чыга алышат. Бул сөздү Пайгамбарыбыздын (ﷺ) келерки хадиси да ырастап турат : Мааниси: «Мен силерге эки нерсени калтырдым. Ал экөөсүн бекем кармансаңар
эч убакта адашпайсыңар.Алар: Алланын китеби жана Анын пайгамбарынын
сүннөтү» (Имам Маликтин Муватта китебинен)
Ал эми кээ бир адамдар бул дүйнөдө бактылуулук деп эсептеп жаткан жыргалчылык жана ырахаттар болсо, азабы узак ырахаты кыска убактылуу бакыт экендиги шексиз.Себеби турмушубузда байкалгандай кээде бир саатчалык жыргалчылыктын аягы узакка созулган кайгы жана өкүнүчкө алып келет. Эми башаты Алла таалага болгон ыймандуулук жана бекем ишенимдин негизиндеги Ислам принцибин камтыган бактылуулук бир нече өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып турат. Мисалы: эки дүйнөнүн , атап айтканда өтүп кетүүчү бул дүйнөнүн жана түбөлүктүү акыреттин бакытын камтыгандыгы;
ал бактылуулук жүрөктүн түпкүрүнөн терең жана бекем орун алгандыктан, курсантчылык же капалык болсун,кыйынчылык же жеңилчилик болсун , турмуштун эч бир абалдары ага терс таасирин көрсөтүп өзгөртө албайт;
мусулман адам ал бактылуулукка зулумдук, душмандык,башкалардын укугун тебелеп жана арам жол менен эмес, балким, акыйкат, адилеттүүлүк жана адал жол менен жетет.
ислам дининде бактылуулукту инсан жеке өзүнө гана каалабастан, балким аны башкаларга да каалап , ага үндөйт. Пайгамбарыбыз (ﷺ) өз сөзүндө мындай дейт:
Мааниси: «Силердин бириңердин ыйманы, өзүнө жакшы көргөн нерсени башкаларга да жакшы көрмөйүнчө толук болбойт.» (риваят кылган Муслим)
ал инсандык табийгый бактылуулук болуп, напси талап кылган жана каалаган нерселерди таптакыр тыйбастан, аларды адал жана таза жол менен пайдаланууга уруксат берет;
ал бир калыптуу жана тең салмактуу бактылуулук. Тактап айтканда сөз болуп жаткан бактылуулукка ар түрдүү азгырыктарга берилип, напсинин артынан ээрчип, дененин жыргалчылыгынын артында руханий жааты ташталып коюлбайт. Ошондой эле руханий жакка чектен тышкары бир тараптуу көңүл бурулуп дененин акысы кордолуп калбайт;
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев