🌺
🍃БЕЙИШ 🍃
КУРАН АЯТТАРЫНДА БЕЙИШ.(уландысы)
Күмөнсүз, ыйман келтирип жакшы иштерди кылгандар болсо; Биз чынында эң жакшы иштерди жасагандардын сыйлыгын жоготууга учуратпайбыз. Алар; астынан дарыялар аккан Адн бейиштери алардыкы, ал жерде алтын билериктер менен жасанышат, жеңил жибектен жана өтө кылдат жасалган атластан жашыл көйнөктөр кийишет жана тактылар үстүндө орноп-таянышат. (Бул) Кандай сонун сооп жана кандай сонун колдоо. (Кахф Сүрөсү, 30-31)
Ыйман келтирип чын ыкластуу иштерди кылгандар... Фирдаус бейиштери алар үчүн бир «конок мекени». Ал жерде түбөлүк жашашат, ал жерден чыккылары келбейт. (Кахф Сүрөсү, 107-108)
Бирок тообо кылган, ыйман кылган жана чын ыкластуу иштерди кылгандар (башка); мына ошолор бейишке киришет жана эч бир зулумдукка туш болушпайт. Адн бейиштери (аларга болот), Рахман (Аллах аны) Өз кулдарына кайыптан убада кылган. Күмөнсүз, Анын убадасы орундалат. Анда «бош бир сөз» угушпайт; саламды гана (угушат). Эрте менен, кечинде алардын ырыскылары ал жерде (турат). Ал бейиш; Биз кулдарыбыздан такыбалууларды (Аллахтан корккондорду) (ага) мураскор кылабыз. (Мариям Сүрөсү, 60-63)
«Ким Ага ыйман кылып (ишенип) чын ыкластуу иштерди кылып Ага келсе, мына ошолор үчүн болсо жогорку даражалар бар. Ичтеринде түбөлүк жашай турган астынан дарыялар аккан Адн бейиштери да (алардыкы). Жана мына ушул тазалангандын сыйлыгы.» (Тоха Сүрөсү, 75-76)
Анын уңулдаган добушун да угушпайт. Алар напсилери (көңүлдөрү) каалаган (сансыз немат-жакшылыктар) ичинде түбөлүк жашашат. (Анбия Сүрөсү, 102)
Күмөнсүз Аллах ыйман кылып чын ыкластуу иштерди кылгандарды астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Чындап Аллах бүт каалаганын жасайт. (Хаж Сүрөсү, 14)
Эч күмөнсүз Аллах ыймандууларды жана чын ыкластуу иштерди кылгандарды астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет, ал жерде алтындан билериктер менен жана берметтер менен жасанышат; ал жердеги кийимдери жибек(тен). Алар сөздүн эң сонунуна жеткирилишкен жана макталган туура жолго жеткирилишкен. (Хаж Сүрөсү, 23-24)
Ал күнү мүлк бир гана Аллахка тиешелүү. Ал араларында өкүм берет. Эми ыйман кылып чын ыкластуу иштерди кылгандар; немат-жакшылыктарга толо бейиштердин ичинде. (Хаж Сүрөсү, 56)
(Жер жүзүнүн өкүмдарлыгына жана акыреттин немат-жакшылыктарына) мураскор боло турган мына ошолор. Алар Фирдаус (бейиштери)не мураскор болушат; ичинде түбөлүк жашашат. (Мүминун Сүрөсү, 10-11)
Кааласа, сага мындан жакшыраак болгон астынан дарыялар аккан бейиштер берген жана сен үчүн сарайлар жасаган (Аллах) кандай Улук. (Фуркан Сүрөсү, 10)
Айткын: «Ушул жакшыраакпы, же такыбалууларга убада кылынган түбөлүк бейишпи? Алар үчүн бир сыйлык жана акыркы мекен. Ичинде түбөлүк жашай тургандар катары ал жерде каалагандарынын баары алардыкы; бул Раббиңдин бир убадасы.» (Фуркан Сүрөсү, 15-16)
Ал күнү бейиш калкы жашай турган жер мындан жакшы, эс ала турган жери мындан кооз. (Фуркан Сүрөсү, 24)
Мына ошолор сабыр кылганы үчүн (бейиштин эң сонун жеринде) бөлмөлөр менен сыйланышат жана ал жерде амандык тилеги жана салам менен тосуп алынышат. Ал жерде түбөлүк жашашат; жайгашкан орундары, түшкөн мекендери кандай сонун. (Фуркан Сүрөсү, 75-76)
«Мени немат-жакшылыктарга толтурулган бейиштин мураскорлорунан кыл,» (Шуара Сүрөсү, 85)
(Ал күнү) Бейиш такыбалууларга жакындатылат. (Шуара Сүрөсү, 90)
Ыйман кылып чын ыкластуу иштерди кылгандар; аларды ичинде түбөлүк жашоочулар кылып, астынан дарыялар аккан бейиштин бийик сарайларына сөзсүз жайгаштырабыз. (Чын ыкластуу) Иштерди кылгандардын сыйлыгы кандай сонун. (Анкабут Сүрөсү, 58)
Ошентип ыйман кылып, чын ыкластуу иштерди жасагандар; эми алар «бир бейиш бакчасында» «кубаныч ичинде коноктолушат». (Рум Сүрөсү, 15)
Ким чындыкты танса, эми анын каапырдыгы өз зыянына; ким чын ыкластуу бир ишти жасаса, эми алар өздөрү үчүн (бейиштеги жерлерин) төшөп даярдашууда. (Бул Аллахтын) Өз берешендигинен ыйман кылып чын ыкластуу иштерди кылгандарга сыйлык бериши үчүн. Күмөнсүз, Ал каапырларды сүйбөйт. (Рум Сүрөсү, 44-45)
(Бирок) Чындап ыйман кылып чын ыкластуу иштерди жасагандар болсо; алар үчүн немат-жакшылыктарга толо бейиштер бар. Ал жерде түбөлүк жашашат. Аллахтын убадасы чындык. Ал улуу жана кудуреттүү, өкүмдар жана даанышман. (Лукман Сүрөсү, 8-9)
Андай болсо, ыймандуу адам фасыкка (бузукуга) окшош болобу? Алар бирдей болушпайт. Ыйман кылган жана чын ыкластуу иштерди кылгандар болсо, эми алар үчүн кылгандарыңарга сыйлык катары бир коноктолуу жери катары жашай турган бейиштери бар. (Сажда Сүрөсү, 18-19)
2
Анан Китепти кулдарыбыздан тандагандарыбызга мураска бердик. Эми алардын кээ бири өз напсисине (өзүнө) зулумдук кылат, кээ бири орто бир жолдо, кээ бирлери болсо Аллахтын уруксаты менен жакшылыктарда жарышып алдыга чыгат. Мына ушул улуу берешендиктин өзү. Адн бейиштери (алардыкы); ал жерге киришет, ал жерде алтындан билериктер менен жана берметтер менен жасанышат. Жана ал жерде алардын кийимдери жибек(тен). «Бизден кайгыны кетирип жок кылган Аллахка мактоолор болсун; күмөнсүз Раббибиз чындыгында кечиримдүү, шүгүрлөрдү кабыл кылуучу. Ал бизди Өз берешендигинен (түбөлүк) жашай турган бир мекенге жайгаштырды; бул жерде бизге бир чарчоо келбейт жана бул жерде бизге бир тажоо да келбейт» дешет. (Фатыр Сүрөсү, 32-35)
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев