Курани каримдин “Исра” сүрөсүнүн 2-аятында: “Биз Мусага китеп бердик”, - делген. Азыркы колубуздагы Тооратта кийин өзгөртүлгөн жана
бирөөлөр тарабынан киргизилген көптөгөн сөздөр бар. Алардын Муса алейхиссаламга түшкөн чыныгы Тооратка эч кандай тийешеси жок. ЧыныгыТооратта Аллаху тааланын“Мухаммед” (алейхиссалам) аттуу акыркы пайгамбар жибере тургандыгы тууралуу жазылган. Муса алейхиссаламдын
экинчи жолу Аллаху таалага кылган мунажатында (дуба менен кайрылуу)жолдон адашкан коому үчүн кечирим сурагандыгы “Араф” сүрөсүнүн
155-157-аяттарында мындай билдирет: “Муса: “Раббим, эгер кааласаң
мени да алар менен кошо жок кылар элең.Арабыздагы начар адамдардын жаман аракеттерине байланыштуу бизди жок кыласыңбы? Бул сенин сынагыңдан башка эч нерсе эмес. Аны менен Сен каалаганыңды
адаштырып,каалаганың-ды туура жолго саларсың. Биздин досубуз Сенсиң. Бизди кечире көр! Бизге ырайым кыл! Сен кечирүүчүлөрдүн эң жакшысысың. Биз үчүн бул дүйнөдө жакшы моюн сунуу менен өмүр, акыретте Жаннатты бере көр! Биз күмөнсүз Сага тообо кылдык, Сага
жүзүбүздү бурдук”, деди. Аллаху таала ага : “Каалаган адамымды азапка учуратамын. Мээримим чексиз. Ал такыбаалууларга (куфурлук менен күнөөдөн сактангандар), зекетин бергендерге жана биздин аяттарыбызга ыйман кылгандарга буюрат. Алар сабатсыз пайгамбар болгон Расулга моюн сунат. Ал Расулдун (ысымы менен сыпаттарын) жандарындагы Тоорат менен Инжилде жазылганын көрөт. Ал Пайгамбар жакшылыкты, ыймандуулукту буюруп, жамандык менен куфурлукка тыйым салат. Таза нерселерди адал, жаман нерселерди харам кылат. Алардын жүктөрүн түшүрөт жана оор кыйындыктарын жеңилдетет. Ушу Пайгамбарга ишенгендер, ага таазим кылгандар, ага көмөктөшкөндөр, ага жиберилген нурга (Курани каримге) багынгандар, мына ошолор түбөлүк бакытка жете тургандар”, деп билдирилет.Яхудилердин акыркы Пайгамбарга ишенгендиги жана анын
келүүсүн күткөндүгү чындык. Кээ бир тафсирлерде яхудилердин согушта: “Эй, Рабби! Келе тургандыгы тууралуу бизге кабар берген акыркы
Пайгамбарыңдын урматына бизге жардам бер”, - деп дуба кылгандыгы жана ошол согуштарда жеңишке жеткендиктери тууралуу жазылган.Муса алейхиссаламдан кийин ибранилерге келген пайгамбарлардын ичинде Давуд жана Сулайман (алейхимуссалам) хак динди таратты.
Яхуди дининин негиздери
Ыйман: Бир гана Аллах бар. Ал өздүгүнөн бар. Туулбаган жана туул-
байт. Бадык нерсени көрөт жана билет. Кечирүү же болбосо жазалоо бир
гана Анын кудуретинде.
Ахлак: Негизи он касиеттүү буйруктардан (авамири-и ашарадан)
турат. Адам ушул он буйрукка багынышы керек. Адамдын руху менен денеси эки башка нерсе жана рух кыяматка чейин өлбөйт. Акырет жашоосуна ишенүү кажет.
Дин негиздери: Яхуди эмес улуттар бутпарасттар деп эсептелет.Алардан мүмкүн болушунча алыс болуу керек. Алар менен байланышты үзүү керек. Кандуу же кансыз курмандык чалууга тийиш. (Яхудилер бүт жаныбарларды, жада калса, көгүчкөндү, көбүнчө кой, эчки, уйду курмандык чалышчу. Кийин тузсуз нандан жасала турган “камырсыз” аттуу пиццалар курмандыктын ордуна колдонула турган болду. Аларды таратуу “кансыз курмандык” деп аталды). “Канга кан,жанга жан” эрежеси колдонулат. Эркек балдар хахам (раввин) тарабынан сүннөт кылынат. Этин жегенге боло турган малдардан союлуусу керек. Башка жолдор
менен өлтүрүлгөн мал этин жегенге болбойт. (Азыркы мезгилде Евро-
па менен Америкада Яхуди касапчыларынын дүкөндөрүндө “кашер” деп аталган белги коюлат. Анын мааниси ошол дүкөндө сатыла турган эттин хахамдар билдирген эрежелердин негизинде союлган эт экендигин билдирет. Яхудилер бир гана ушул жол менен союлган этти жешет. Мусулмандар да бир гана Аллаху тааланын ысымы менен союлган малдын этин жешет. Чочко этин такыр жешпейт.) Яхуди аялдары никеси кыйылгандан кийин башын жаап жүрүүгө мажбур. Азыр яхуди аялдар бул ишти Европада баштарына парик кийүү аркылуу жүзөгө ашырышат. Чочко эти
яхудилер үчүн харам.
Яхудилердин ибадат адистери бир нече топко бөлүнөт. Ишенби ыйык күн, бул күнү алар иш кылышпайт, от жагышпайт. Яхудилер бул
күндү майрам кылып өткөрүшөт. Ал “шабат” деп аталат. Яхудилердин
дагы бир канча майрамдары бар. Пасх яхудилердин Мысырдагы кулчулуктан кутулуу майрамы. Шаввот гүл майрамы, бул Тоорат менен он буйруктун берилүү майрамы. Кипур улуу орозо күнү, яхудилер тообо кылып, кечирүлүү майрамы. Сухкот камыш майрамы, бул чөлдөгү жа-
шоону эске түшүрөт.
Хахамдардын христиан поптору сыяктуу күнөө кечирүү укугу жок.Алар бир гана ибадаттарды башкарышат. Аллаху тааланын алдында
бардык яхудилер тең, араларында эч кандай айырмачылык жок. Диний салтанаттар жана хахамдардын ибадаттарды башкаруу эрежелери Муса
алейхиссаламдан кийин келген пайгамбарлар тарабынан көбөйтүлгөн,
б.а., жаңы негиздер кошулган. Давуд алейхиссаламдан кийин ага жиберилген Забурдун диний ырым жырымдарында окулуусу же болбосо инструменттер менен ойнолуусу ибадатка киргизилген.Давуд пайгамбар болжол менен б.з.ч. 1000-жылы дүйнөгө келген. (Европалык тарыхчылар Давуд алейхиссаламдын бийликте болгон убактысын б.з.ч. 1015-975 жыл деп билдиришет, бирок, бул так эмес). Мурда чабан болгон Давуддун үнү өтө асем болгондуктан аны мамлекет башчысы Талут чакырып алып, аны рубабда (музыкалык инструментте) ойноочу кылып коёт. Мурдатан араларында достук мамилелер болгону менен Талут аны өзүнө жакын дос кылып алгандан кийин Давуддун атагы
күн сайын артып, отуз жашында бир согушта алп Жалутту таш менен
уруп өлтүрүүсү, калктын ага таң калуусу Талутту сестендирип, Давудду
өзүнөн алыстатат. Бирок, Талут кайтыш болгондон кийин Давуд алейхиссалам калктын каалоосу менен анын ордун ээлеп, алгачкы жолу Кудусту исраилдиктердин борбору кылат. Давуд алейхиссалам 40 жыл бийликте болду. Ага “Забур” деп аталган китептин берилгендиги тууралуу Курани каримдин “Ниса” сүрөсүнүн 163-аятында жана “Исра” сүрөсүнүн
55-аятында жазылган. Анда Давуд алейхиссаламдын Аллаху таалага жалбаргандыгы, Андан кечирим сурагандыгы бар экендигине шек жок.
Бирок, азыркы Касиеттүү китептеги Забурда ушулар менен бирге башка
адамдар тарабынан жазылып кошулган бөлүмдөр да кездешкендиктен Аллаху таала жиберген калыбынан толугу менен өзгөргөн. Аллаху таала
Давуд алейхиссаламды көптөгөн жакшылыктар менен сыйлаган. Курани каримде “Саба” сүрөсүнүн 10-аятында: “Биз Давудга жакшылык(пайгамбарлык, китеп, султандык, асем үн, темирди колу менен каалаган формага салуу усталыгын сыяктуу) артыкчылыктарды бердик. “Эй, тоолор менен куштар, силер да аны менен бирге таспих кылгыла”,дедик. Ал үчүн темирди жумшак кылдык”, деп айтылган. “Сад”
сүрөсүнүн 17-19-аяттарында: “Эй, Мухаммед! Капырлардын айткан сөзүнө сабыр кыл. Кулубуз, күч ээси Дувудду эсиңе түшүр! Ал ар дайым Аллахка тообо кыла турган. Биз эртеден кечке чейин аны менен бирге таспих кыла турган тоолор менен куштарды анын бийлигине берген элек” жана “Сад” сүрөсүнүн 25-аятында: “Биздин алдыбызда анын жогору орду жана жаркын болочогу бар”, - деп айтылган. Азыркы кездеги Тоорат менен Инжилде Давуд алейхиссаламдын карамагындагы Урия деген жоокердин Батшаба аттуу аял менен болгон окуясы катары “Экинчи Самуилдин” 11-бабында жазылган уятсыз аңгеме чындыкка жатпайт. Бул - улуу Пайгамбарга жабылган жалаа.Курани каримде бул тууралуу так маалымат кездешпейт. Тескерисинче, Давуд алейхиссаламдын ар дайым Аллаху тааладан катуу корккондугу, ага илим жана чындыкты жалгандан айыра турган күч берилгендиги
тууралуу жазылган. “Сад” сүрөсүндө (24-аят) бир кой маселесинде адилетсиздик кылып коюудан коркуп, сажда кылгандыгы, Аллахтан кечирим сурап, көп дуба кылгандыгы тууралуу жазылган. Бул Урия легендасынын Тоорат менен Инжилге кийин киргизилгенин Ислам аалымдары бир добуштан тастыкташат.“Исраилийат” деп аталган мындай ойдон чыгарылган аңгемелерди яхудилер сабатсыз мусулмандардын арасына да таратууну каалаганы менен Ислам аалымдары алардын жалган экендигин билдиришкен.
Давуд алейхиссаламдын уулу Сулайман пайгамбар. Ал атасынын ордуна Исраил уулдарына пайгамбар жана жетекчи болду. Жин, жырткыч айбандар жана куштар менен сүйлөшчү. Сулайман алейхиссаламдын
доору исраилдиктердин эң жаркын доору болгон. Сулайман алейхиссаламдын дооруна чейинки Исраил бийлөөчүлөрү сарайдын эмне экенин билишчү эмес. Жогоруда аты аталган Талуттун үйү эң жаман дыйкандын
үйү менен бирдей эле болгон. Сулайман алейхиссалам эң алгач Кудус шаарын жана бир сарай салдырат. Бир канча имараттарды, сарайларды,бакчаларды, курмандык чала турган орундарды,ибадатканаларды салдырат. Кудуста салдырган эң чоң ибадаткана Масжиди Акса Байти Мукаддас(касиеттүү үй) деп аталат. Финикиялык усталарга салдырган бул имараттын курулушунда жиндер дагы кызмат кылган. Бул мечиттин курулуусунда өтө баалуу заттар колдонулган. Аны алыстан караганда
алтындай жаркырап турган. Анын курулуусу жети жылга созулган. Бул
мечит Ассирия бийлөөчүсү Экинчи Бахтуннасар(Навухадо-носор) Кудусту басып алган кезде өртөлгөн. Тоораттын нускаларынын баары күйүп кеткен. Масжиди Аксаны Кейхусрав оңдотот. Бирок, кийин аны Римдиктер өрттөп салган. Кийин Константинополь Грек-Византия императорлору Масжиди Аксаны оңдоп, Кудусту “Илия” деп аташат. Пайгамбарыбыз
Мухаммед алейхиссалам Масжиди Аксада намаз окуган. Кудус хижрий 16-жылы Умар радиаллаху анхтын доорунда мусулмандардын колуна
өтөт. Абдулмалик рахимахуллахтын доорунда азыркы мечит салынган.Жаңы курулуштун аймагына кирбей, сыртта калып кеткен мурдагы дубалдарды азыркы яхудилер “ыйлоо дубалы” деп атап, ушул жерде дуба окушат. Сулайман алейхиссаламдын доорунда Кудус дүйнөнүн эң бай, эң кооз шаары болгон. Сулайман алейхиссалам салдырган керемет сарайлар, андагы баалуу заттар тууралуу көптөгөн аңгемелер бар. Дүйнөдө эч бир падыша Сулайман алейхиссалам сыяктуу жакшы өмүр сүргөн эмес десек жаңылыш болбойт. Сулайман алейхиссаламдын бир нече жубайы жана күңдөрү болгон. Сулайман алейхиссалам соодага көп көңүл бургандыктан байлыгы күн сайын артып барган. Ал сарайын жаңы жана баалуу нерселер менен кооздоткон. Бир нече кымбат баалуу жылкы, куштар жана башка жаныбарларды бакчу эле. Сарайда күнүнө 30 уй, 100 кой жана кийиктер союлчу эле. Сулайман алейхиссалам ар дайым тынчтыкты каалап, кошуна мамлекеттер менен достук мамилелерин бекемдеген.Кошуна мамлекет болгон Мысыр фараонунун кызына үйлөнгөн. Ошондой эле Саба ханышасы Билкисти да акыйкат динге чакырып, аны менен
достук мамиледе болгон. Ислам тарыхчыларынын айтуулары боюнча ага
да үйлөнгөн. Билкистин Сулайман алейхиссаламдан чакыруу алгандыгы Курани каримдин “Намл”сүрөсүнүн 29-39-аяттарында айтылат.
Сулайман алейхиссалам да бардык пайгамбарлар (алейхимуссалава-
ту ваттаслимат) сыяктуу өтө адилеттүү башчы болгон. “Сулаймандын
адилеттүүлүгү”, Умардын (радиаллаху анх)адилеттүүлүгү сыяктуу бүткүл ааламда адилеттүүлүктүн үлгүсү деп кабыл кылынган. Ал атасы Давуд пайгамбардын динин уланткан.Сулайман алейхиссаламдын жагдайы тууралуу Курани каримде“Саба” сүрөсүнүн 12-аятында: “Сулайманга күндүз эскенде бир айлык жолду ала турган, кеч кайра эскенде бир айлык жол ала турган шамалды багындырдык. Ал үчүн ээриген жезден булак агыздык. Раббисинин буйругу менен ага кызмат кыла турган жиндерди да багынырдык. Алардан ким эмирибизден тайса ага жалындаган азаптан
таттырдык”, делинген.
Курани каримдин “Сад” сүрөсү, 30-39-аяттарында: “Давудга Сулайманды бердик, ал кандай гана жакшы кул эле. Анткени, ал (зикир жана тообо менен) Аллаху таалага багына турган, көп таспих айта турган.Ага бир кечте өтө баалуу күлүктөр алып келинди. Сулайман: “Мен бул жакшы аттар менен алектенип Раббимдин зикиринен куру калдым,
кеч болду”, деп катуу кайгырды. “Аны мага кайра бергиле!” деп бут-
тарын, моюндарын кести (этин кедейлерге таратты). Кийин мурунку
абалына кайтты. “Раббим! Мени кечир! Мага менден кийин эч кимге насип болбой турган падышалык бер. Албетте, Сен өтө жоомартсың!”деди. Ошол тилеги боюнча биз каалаган жерге жетүүгө анын буйругу менен оңой жүрө турган желди, ар түрдүү курулуш жасай турган жана деңизде чумкугуч шайтандар менен чынжырларга байланган макулуктарды ага багындырдык. Биздин ихсаныбыз (сыйлыгыбыз) мына ушу. Кааласаң аларды башкаларга да бер, же бербей кармап тур, эрк өзүңдө.Биздин сыйлыктарыбыз чексиз, эсепсиз”, дедик. Чынында, дүнүйөдө
берген ушул ниматтар сыяктуу акыретте да бийик мартабалары менен көркөм келечеги бар”, деп айтылган.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев