11-күн
"АЛЛАХТЫН УЛУУЛУГУ"
Аят: (Аларга) айт: Силер ага кааласаңар ишенгиле; кааласаңар ишенбегиле! Ал (Куран) мурда илим алгандарга окулган кезде жүзү менен саждага жыгылышат. Алар: - Жараткан Эгебиз (ар кандай кемчилик-мүчүлүштүтөрдөн) Аруу! Жараткан Эгебиздин убадалары сөзсүз түрдө аткарылат,- дешет.
Хадис: Азирети Пайгамбарыбыз (с.а.в.):
-Улуулук деген эмне?-деп сураган адамга:
-Жакыр болсоң да, жакшылык кылууң жана күнөөлүүнү кечире билүүң-деп жооп берген. Ал эми:
-Бийиктик деген эмне?-деп сураган адамга:
-Жакшы иштерди кылууң жана жаман иштерден алыс болууң,- деп жооп кайтарган.
Маселе: Аллах улуу!
Улуулук Аллахка гана жарашат. Ал заты жагынан да, сыпаттары жагынан да теңдешсиз улуу Зат! Андыктан пенде Жараткан Аллахтын буйруктарына баш ийип, Анын буйругун бүт нерседен жогору көрүшү абзел. Аллах Таала бүтүндөй жандуу-жансыздын жападан жалгыз кожоюну жана ээси. Анын тигил же бул адамга жакшылык кылышына да, жамандык кылышына да эч ким, эч бир күн тоскоол боло албайт. Себеби, Ал чексиз Кудуреттүү Улуу Зат!
УММАТИ МУХАММАД тайпасы https://ok.ru/ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев