Унутпа!
1. Башкалардан жакшы жүрүм-турумду күтүүдөн алдын өзүңдүн жүрүм-турумуңду оңдо.
2. Башкалардын да сеникине окшош кыйынчылыктары бар.
3. Өз кадыр-баркыңды башкалар сезүүсү үчүн, алардын кадыр-баркын сезе бил.
4. Жакшы адеп-ахлак (кулк-мүнөз) жандуу-жансыздарга, адамдарга жана айбандарга, кыскасы баардык айланага пайда гана алып келет.
5. Жаман кулк мүнөздүү адамга эч кандай жакшылык жок.
6. Жакшы кулк-мүнөздүн ээси Кыямат күнгө чейин унутулбайт.
7. Жакшы мүнөз ээсинин сооптору өлгөндөн кийин
дагы жазыла берет.
8. Бул дүйнөдө жалгыз эмес экениңди бил. Башкалардын да сезимдери, үмүттөрү, акылары жана укуктары бар.
9. Жашооң бейпил жана берекелүү болуусун кааласаң,анда кулк-мүнөзүңдү оңдо.
10. Жүрүм-туруму жакшы адамды туураганга аракет кыл.
11. Үммөттүн өнүгүүсү үчүн жаштардын кулк-мүнөзүн оңдоого аракет кыл.
12. Дин душмандары биздеги эң жакшы адеп-ахлакты,тартипти алып, бизге алардагы эң жаман адаттарды, бузукулуктарды жөнөтүп жатканын билип жүр.
13. Эки дүйнөдө бактылуу болуунун ачкычы жакшы
кулк-мүнөз экенин эсиңе тут.
14. Бул дүйнөнү жакшы кулк-мүнөздүүлөр нурлантып турат. Мына ошолордон бол!
15. Жакшы кулк-мүнөз ыкластуулуктун жана таза ишенимдин белгиси.
Бүгүнкү биздин абалыбыз, өзүбүздүн кулк мүнөзүбүзгө байланыштуу. Хадисте, Пайгамбарыбыз ﷺ: “Мусулман мусулмандын бир тууганы. Ага зыян бербейт жана жардамсыз калтырбайт.Мусулмандын аброю,мал-мүлкү, каны арам болот. Такыбалык жүрөктө. Мусулман
бир тууганын жек көрүү, жамандык болуп эсептелет” – деп айткан. (Муслим).
Биз эскерген осуяттар керексиз эмес. Бул эскертмелер сиздин көңүл бурууңузга муктаж. Ата-энелерге, мугалимдерге, Аллахтын динине чакыруучуларга сый көрсөтүүгө үндөйбүз. Адамдардын бири-бирин сыйлоосу, алардын арасында сүйүүнү жана ынтымакты көбөйтүп, коомчулука кубаныч тартуулайт.
16. Башкаларды сыйлоо үчүн, ар бир адам алгач өзүн сыйлай билүүсү керек. Жаман кулк-мүнөздөн сактанып,
аны жакшы тарапка өзгөртүү зарыл. Башкалардын абийрин
төгүүдөн сактанабыз. Эгер сени башкалардын сыйлоосун кааласаң, сен да башкаларды сыйла.
АЯГЫ. nasaat.kg .
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев