🌺
🍃БЕЙИШ 🍃
КУРАН АЯТТАРЫНДА БЕЙИШ
(Эй Мухаммед) ыйман келтирип салих (чын ыкластуу) иштерди кылгандарды сүйүнчүлө. Чындыгында алар үчүн астыларынан дарыялар аккан бейиштер бар. Аларга ырыскы катары ал түшүмдөрдөн ар жедирилгенде: «муну мурда да жегенбиз» дешет. Бул аларга (дүйнөдөгүгө) окшош кылып тартылат. Ал жерде алар үчүн таптаза жубайлар бар жана алар ал жерде түбөлүк жашашат. (Бакара Сүрөсү, 25)
Жана: «Эй Адам, сен жана жубайың бейиште жайгаш. Экөөңөр тең андан, кайсы жеринен кааласаңар, көп-көп жегиле; бирок мобул даракка жакындабагыла, болбосо заалымдардан болосуңар» дедик. (Бакара Сүрөсү, 35)
Ыйман келтирип, чын ыкластуу иштерди кылгандар болсо (алар) бейиш калкы, ал жерде түбөлүк болушат. (Бакара Сүрөсү, 82)
... Алар отко чакырышат, Аллах болсо Өзүнүн уруксаты менен бейишке жана кечиримге чакырат. Ал адамдарга аяттарын түшүндүрөт. Сабак алып, ойлонушаар. (Бакара Сүрөсү, 221)
Айткын: «Силерге мындан жакшысын кабар берейинби? Коркуп-тартынгандар үчүн Раббилеринин Кабатында ичинде түптүү жашай турган, астынан дарыялар агып турган бейиштер, таптаза жубайлар жана Аллахтын ыраазылыгы бар. Аллах кулдарды толугу менен көрүп туруучу.» (Али Имран Сүрөсү, 15)
Раббиңерден болгон кечиримге жана туурасы асмандар менен жердей болгон бейишке (жетүү үчүн) жарышкыла; ал муттакилер (Аллахтан корккондор) үчүн даярдалган. (Али Имран Сүрөсү, 133)
Мына ушулардын сыйлыгы – Раббилеринен кечирим жана ичинде түбөлүк жашай турган, астынан дарыялар аккан бейиштер. (Мындай) Кылгандарга кандай сонун бир жооп (сыйлык бар). (Али Имран Сүрөсү, 136)
Же силер Аллах араңардан жихад кылгандарды (аракет кылгандарды) аныктап-айырмалабастан жана сабыр кылгандарды да аныктап-айырмалабастан бейишке киребиз деп ойлодуңарбы? (Али Имран Сүрөсү, 142)
Ар бир напси (жан) өлүмдү татат. Кыямат күнү, албетте, сыйлыктарыңар кемчиликсиз берилет. Ким оттон алыстатылып жана бейишке киргизилсе, эми ал чындап кутулууга жеткен болот. Дүйнө жашоосу алдамчы мета (пайдалануу) гана. (Али Имран Сүрөсү, 185)
Раббилери аларга (дубаларын кабыл алып) жооп берди: «Күмөнсүз, Мен эркек болсун, аял болсун, силерден бир (сооптуу) иш кылгандын ишин текке кетирбейм. Силер бири-бириңерденсиңер. Хижрат кылгандардын, мекендеринин сүрүлүп-чыгарылгандардын жана (Менин) жолумда кыйноого кабылгандардын, согушуп өлтүрүлгөндөрдүн сөзсүз жамандыктарын жашырам жана аларды астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизем. (Бул) Аллах Кабатынан бир акы (сооп). (Ал) Аллах, акынын (сооптун) эң сонуну – Анын Кабатында.» (Али Имран Сүрөсү, 195)
... Раббилеринен коркуп-тартынгандар; алар үчүн Аллах Кабатында, бир майрам катары, астыларынан дарыялар аккан, ичинде түбөлүк жашай турган, бейиштер бар. Жакшылык кылгандар үчүн Аллахтын Кабатындагылар жакшыраак. (Али Имран Сүрөсү, 198)
... Ким Аллахка жана элчисине моюн сунса, аны астынан дарыялар аккан, ичинде түбөлүк жашай турган бейиштерге киргизет. Улуу кутулуу жана бакыт мына ушул. (Ниса Сүрөсү, 13)
Ыйман келтирип, чын ыкластуу иштерди кылгандарды астынан дарыялар аккан, ичинде түбөлүк жашай турган бейиштерге киргизебиз. Анда алар үчүн таптаза жубайлар бар. Жана аларды «ысык да эмес, суук да эмес, дал көңүлдөгүдөй көлөкөгө» киргизебиз. (Ниса Сүрөсү, 57)
Ыймандуулардан шылтоосу жок (мүмкүнчүлүгү болуп туруп) отургандар менен Аллах жолунда мал-мүлктөрү менен жана жандары менен жихад кылгандар (аракет кылгандар) тең эмес. Аллах мал-мүлктөрү менен жана жандары менен жихад кылгандарды (аракет кылгандарды) отургандарга караганда даражасы жактан жогору кылган. Баарына жакшылыкты (бейишти) убада кылган; бирок Аллах жихад кылгандарды (аракет кылгандарды) отургандарга караганда улуу бир сыйлык менен жогору кылган. (Ниса Сүрөсү, 95)
Ыйман кылып, чын ыкластуу иштерди кылгандар, Биз аларды астынан дарыялар аккан, ичинде түбөлүк жашай турган бейиштерге киргизебиз. Бул Аллахтын чыныгы убадасы. Аллахтан да убадага бекемирээк ким бар? (Ниса Сүрөсү, 122)
Эркек болсун, аял болсун ишенүү (ыйман) менен ким ыкластуу бир иш жасаса, алар бейишке киришет жана алар бир “уруктун сыртындагы бүчүрчөлүк” да адилетсиздикке туш болушпайт. (Ниса Сүрөсү, 124)
Ант болсун, Аллах Исраил урпактарынан сөз (убада) алган эле. Алардан он эки ишенимдүү-көзөмөлчү жиберген элек. Жана Аллах аларга: «Чынында Мен силер менен биргемин. Эгер намазды кылып, зекетти берип, элчилериме ишенип, аларды жактап-колдосоңор жана Аллахка сонун бир карыз берсеңер, шексиз силердин жамандыктарыңарды жаап, силерди чындап астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизем. Мындан кийин силерден ким каапырдык кылса, чынында түптүз жолдон адашыптыр.» (Маида Сүрөсү, 12)
Эгер Ахли китап (китеп берилгендер) ыйман кылып тартынышканда, албетте, алардын жамандыктарын жашырмакпыз жана аларды «нематтарга толо» бейиштерге киргизмекпиз. (Маида Сүрөсү, 65)
Ант болсун «Күмөнсүз, Аллах – Мариям уулу Месих» дегендер каапыр болушту. Чындыгында болсо Месихтин айтканы (мындай:) «Эй Исраил урпактары, менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка ибадат кылгыла. Себеби Ал Өзүнө шерик кошконго бейишти арам кылган, анын бара турган жери от. Зулумдук кылгандарга жардамчы жок.» (Маида Сүрөсү, 72)
Ошентип Аллах айткандарына сый катары ичинде түбөлүк жашай турган, астынан дарыялар аккан бейиштерди берди. Бул жакшылык кылуучулардын акысы. (Маида Сүрөсү, 85)
Аллах айтты: «Бул чынчылдарга чындыкты айтуулары пайда алып келүүчү күн. Алар үчүн ал жерде түбөлүк жашай турган, астынан дарыялар аккан бейиштер бар. Аллах алардан ыраазы болду, алар да Андан ыраазы болушту. Улуу кутулуу жана бакыт – мына ушул.» (Маида Сүрөсү, 119)
Ыйман келтирип, чын ыкластуу иштерди жасагандар бейиштин калкы. Биз эч кимге күчү жеткенден ашыкчасын жүктөбөйбүз. Ал жерде (бейиште) түбөлүк жашашат. Биз алардын көкүрөктөрүндөгү жаман көрүүлөрдүн баарын алып салганбыз. Астыларынан дарыялар агат. «Бизди буга жеткирген Аллахка мактоолор болсун. Эгер Аллах бизге хидаят бербегенде (туура жолго салбаганда), биз туурага жетмек эмеспиз. Ант болсун, Раббибиздин элчилери акыйкатты айтып келишкен» дешет. Аларга: «Мына ушул кылган иштериңер үчүн сыйлык катары мураскор кылынган бейишиңер» деп айтылат. Бейиш калкы от калкына (мындай) дешет: «Бизге Раббибиздин убада кылганынын акыйкат экенин көрдүңөрбү?» Алар болсо: «Ооба» дешет. Андан соң араларынан жар салган бирөө (мындай) дейт: «Аллахтын каргышы заалымдарга болсун.» Эки тарап арасында бир тосмо жана Аьраф үстүндө баарын жүздөрүнөн тааныган адамдар бар. Бейишке кире тургандарга: «Салам силерге» дешет, алар али кирбеген бирок (кирүүнү) абдан каалап үмүт кылгандар. Көздөрү тозок калкы тарапка бурулганда болсо: «Раббибиз бизди заалымдар коому менен бирге кылба» дешет. (Аьраф Сүрөсү, 42-47)
«Аларга Аллах мээрим бербейт деп ант ичкендериңер ушул адамдар беле? (Бейиштегилерге болсо) Киргиле бейишке. Силер үчүн коркуу жок жана кайгырбайсыңар.» От калкы бейиш калкына кайрылат: «Бизге бир аз суудан же Аллах силерге берген ырыскыдан бергиле.» Мындай дешет: «Чындыгында Аллах буларды чындыкты тануучуларга арам кылган (тыюу салган).» (Аьраф Сүрөсү, 49-50)
Раббилери аларга Өз Кабатынан бир мээримди, бир ыраазычылыкты жана алар үчүн тынымсыз бир немат-жакшылык болгон бейиштерди сүйүнчүлөйт. Ал жерде түбөлүк жашашат. Күмөнсүз Аллах Кабатында чоң сыйлык бар. (Тообо Сүрөсү, 21-22)
Аллах ыймандуу эркектерге жана ыймандуу аялдарга ичинде түбөлүк жашай турган, астынан дарыялар аккан бейиштерди жана Адн бейиштеринде сонун үйлөрдү убада кылган. Аллахтан болгон ыраазылык болсо баарынан өйдө. Улуу кутулуу жана бакыт мына ушул. (Тообо Сүрөсү, 72)
Аллах алар үчүн чексиз жашай турган, астынан дарыялар аккан бейиштер даярдады. Улуу «кутулуу жана бакыт» мына ушул. (Тообо Сүрөсү, 89)
Алга чыккан мухажирлер менен ансар жана аларды жакшылап ээрчигендер; Аллах алардан ыраазы болду, алар да Андан ыраазы болушту жана (Аллах) аларга ичинде түбөлүк жашай турган, астынан дарыялар аккан бейиштер даярдады. Улуу «кутулуу жана бакыт» мына ушул. (Тообо Сүрөсү, 100)
Эч күмөнсүз, Аллах момундардан жандарын жана мал-мүлктөрүн акысына аларга бейишти берүү үчүн сатып алган. Алар Аллах жолунда согушушат, өлтүрүшөт жана өлтүрүлүшөт; бул Тооротто, Инжилде жана Куранда Анын үстүндөгү чыныгы убада. Аллахтан да убадасына бекемирээк ким бар? Демек кылган бул соодаңардан улам сүйүнүп-сүйүнчүлөшкүлө. Улуу «кутулуу жана бакыт» мына ушул. (Тообо Сүрөсү, 111)
Ыйман кылгандар жана чын ыкластуу иштерди жасагандар болсо, Раббилери аларды ыймандары үчүн астынан дарыялар аккан, нематтарга толо бейиштерге багыттайт (туура жолго салат). Ал жердеги дубалары: «Аллахым, Сен кандай Улуксуң» жана ал жердеги каалоо-тилектери: «Салам»; дубаларынын аягы болсо: «Чындыгында, мактоолор ааламдардын Рабби Аллахка тиешелүү.» (Йунус Сүрөсү, 9-10)
Жакшылык кылгандарга андан да жакшысы жана көбү бар. Алардын жүзүн каралык да, басмырлануу да оробойт, мына ошолор бейиш калкы; ал жерде түбөлүк жашашат. (Йунус Сүрөсү, 26)
Ыйман келтирип, салих (чын жүрөктөн жакшы) иштерди кылгандар жана «Раббилерине жүрөктөрү ыраазы болуу менен байлангандар», мына ушулар болсо бейиш калкы. Ал жерде түбөлүк болушат. (Худ Сүрөсү, 23)
Бактылуулар болсо, эми алар бейиште. Раббиңдин каалоосунан тышкары, асмандар менен жер турганда, ал жерде түбөлүк болушат. (Бул) эч түгөнбөгөн бир берешендик. (Худ Сүрөсү, 108)
Алар Адн бейиштерине киришет. Аталарынан, жубайларынан жана урпактарынан «ыкластуу иштерди» кылгандар да (Адн бейиштерине кирет). Периштелер аларга ар бир эшиктен кирип (мындай дешет:) «Сабыр кылганыңар үчүн салам силерге. (Дүйнө) Мекени(нин) аягы кандай сонун.» (Рад Сүрөсү, 23-24)
Такыба (Аллахтан корккон) адамдарга убада кылынган бейиш; анын астынан дарыялар агат, жемиштери менен көлөкөлөрү түбөлүктүү. Бул коркуп-тартынгандардын (бактылуу) натыйжасы, каапырлардын аягы болсо от. (Рад Сүрөсү, 35)
Ыйман кылып чын ыкластуу иштерди кылгандар Раббилеринин уруксаты менен астынан дарыялар аккан, ичинде түбөлүк жашай турган бейиштерге киргизилишти. Ал жерде бир-бирлерине болгон тилек-каалоолору: «Салам». (Ибрахим Сүрөсү, 23)
Чындап такыбалуулар (Аллахтан корккондор) бейиштерде жана булак баштарында. Ал жерге тынчтыкта жана коопсуздукта киргиле. Алардын көкүрөктөрүндө кекенүүнүн (баарын) алып салдык, бир туугандар болуп тактылар үстүндө маңдай-тескей (отурушат). Ал жерде аларга эч чарчоо келбейт жана алар ал жерден чыгарылышпайт. (Хижр Сүрөсү, 45-48)
(Аллахтан) Тартынгандарга: «Раббиңер эмне түшүрдү?» деп айтылганда, «жакшылык» дешти. Бул дүйнөдө жакшы мамилелер кылгандарга жакшылык бар; акырет мекени болсо жакшыраак. Такыбалуулардын (Аллахтан корккондордун) мекени кандай сонун. Адн бейиштери; ага киришет, анын астынан дарыялар агат, ичинде алар каалаган нерселердин баары бар. Аллах такыбалууларга мына ушундай сыйлык берет. Периштелер жакшы мамиле менен жандарын алышканда: «Салам силерге» дешет. «Кылгандарыңардын сыйлыгы катары бейишке киргиле.» (Нахл Сүрөсү, 30-32)
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев