Муса алейхиссалам Тур тоосунан кайтып келгенде бир тууганы Харун алейхиссаламга аманат кылып калтырган коомунун туура жолдон тайганын, бир алтын музоонун айкелин жасап, ошого сыйынгандарын
көрөт. Муса алейхиссалам өтө сулуу, айбатуу, курч көздүү адам эле. Аны
көргөн адам анын күчтүү таасиринин астында калчу эле. Бир жашында Фараондун маржандар менен кооздолгон сакалын жулуп, аны ачуу-
ландырган эле. Жубайы Асиянын шапааты менен өлтүрүүдөн мурда аны
сыноодон өткөрөт.Ичинде алтын жана от салынган эки идишти алдына
койгон кезде ал колун алтынга созуп бара жатканда Жабраил алейхиссалам анын колун отко карай буруп жиберет. Отту оозуна алып барып,
тилинин учу күйүп, отту таштап жиберет. Ошол себептен алгачкы убак-
тарда жакшы сүйлөй алчу эмес. Ошондуктан, адамдарга насыят кылуу
талап кылынганда бул ишти бир тууганы Харун алейхиссаламга тапшырчу эле. Бирок, пайгамбарлыгы билдирилгенден кийин тили айыгып, Харун алейхиссаламдан да көркөм сүйлөй турган болгон. Ал Тури Синада жүргөндө Харун алейхиссаламдын көркөм сөздөрү коомунун туура
жолдон таюусуна тоскоол боло алган эмес эле. Муса алейхиссалам кайрадан Тур тоосуна барып, Аллаху тааладан үммөтүн кечирүүсү үчүн жалбарат. Үммөттү тообо кылат. Аларды ээрчитип, Аллаху таала тарабынан убада кылынган жер Арзи мавудду табуу үчүн чөлгө кетет. 40 жыл Тих
чөлүндө болду. Чөлдө Аллаху таала аларга “Селва” деп аталган куш этин жана “Мен” деп аталган кудурет азыгын тартуулайт. Муса алейхиссалам Арз-и мавуд көрүнө турган Ариха шаарынын тушундагы Ниба дөбөсүнө чейин барып, 120 жашында кайтыш болот. Тууганы Харун алейхиссалам андан 3 жыл мурда кайтыш болгон эле. Армандаган жери Арз-и мавудга кирүү өзүнөн кийин келген Юша пайгамбарга насип болду. Улуу Ислам тарыхчысы жана укукчусу Ахмед Жавдат Паша “Кисас-и
анбия” китебинде мындай дейт: “Ибрахим алейхиссаламдын уулу Исхак алейхиссалам, анын уулу Якуб алейхиссалам эле. Якуб алейхиссаламдын чыныгы аты Исраил
эле. Анын урпактары Бани Исраил (Исраил уулдары) деп аталды. Якуб
алейхиссаламдын он эки уулунун бири Юсуф да пайгамбар эле. Юсуф
алейхиссаламдан кийин Исраил уулдары Якуб жана Юсуфтун диндери
менен амал кылып, Мысырда жашашкан. Мысырдын байыркы эли болгон кыбтилер жылдыздарга, буттарга, ар кандай айкелдерге сыйынышчу эле. Исраил уулдарын кул катары колдонушчу эле. Исраил уулдары Фараондун зулумунан кутулуп, ата журту Кенанга кетүүнү каалашат.Бирок, Фараондор буга уруксат беришчү эмес. Анткени, Исраил уулдары оор жумуштарды кылышат жана жаңы шаарларды, имараттарды салышчу эле. Имран уулу Мусаны энеси сандыкка салып, Нил дарыясына агызып жиберет. Фараондун аялы Асия аны таап алып, бала кылып алат. Муса бир кыбтини каталык менен өлтүргөндөн кийин Мысырдан кетип,Мадиан шаарына барат. Ал жерде он жыл турат. Шуайб пайгамбардын кызына үйлөнүп, Мысырга кайра кайтып келет. Жолдо Тур тоосуна чыкты. Бул жерде Аллаху таала менен сүйлөштү жана ага пайгамбардык берилди. Фараонду динге чакыруу буйрук кылынат. Фараон ыйман келтирбейт. Муса алейхиссалам Исраил уулдарын жыйнап, баары Мысырдан чыгып кетишет. Кызыл деңизден өтүшүп, Ариха аймагына карай кетишет. Исраил уулдары ал жерге бара албай тургандыктарын жана Амалика менен согуша албай тургандыктарын айтышат. Муса алейхиссалам аларга каргыш дуба кылат. Өзүнөн үч жаш улуу тууганы Харун алейхиссаламды алардын жанында калтырып, Тури Синага барат.
Аллаху таала менен дагы сүйлөшөт. Ага Тоорат китеби берилет. Коому тообо кылып, Лут көлүнүн түштүгүнө келишет. Шариа дарыясынын чыгыш жагына Ариха шаарынын тушуна жайгашышат. Ордуна Юша пайгамбарды калтырып, дүйнөдөн кайтат”. “Мирати каинат”
китебинде мындай деп айтылган: “Муса алейхиссалам үч жолу Тур тоосуна барат. Биринчи барганда ага рисалат берилди (пайгамбар бол-
гондугу билдирилди). Экинчи жолу барганда “Тоорат-и шариф” жана
“Он буйрук” жиберилди. Тоорат 40 бөлүмдөн турат. Ар бөлүмдө миң сүрө, ар сүрөдө миң аят бар эле. Азыркы колдогу Тоораттарда анча аят
жок. Анткени, Тоорат менен Инжилдин кийин өзгөрүштөргө дуушар
болгонун, кайрадан жазылганын Курани карим көрсөтүп турат. Жа-
браил алейхиссаламдын Муса алейхиссаламга алып келген Тооратты
бир гана Муса, Харун, Юша, Узайр жана Иса алейхиссаламдар жатка
билишчү эле”.“Камус-ул-алам” китебинде мындай айтылат: “Ассирия
бийлөөчүсү Бахтуннасар (Навуходоносор) Кудусту алып, Акса мечитин талкалаган кезде Тоораттын нускаларын өрттөп салат. Жетимиш
миң яхуди аалымын туткунга түшүрүп, Вавилонго жиберет. Алардын арасында Даниял жана Узайр пайгамбарлар да бар эле. (Узайрды яхудилердин “Азра” деп аташкандыгы “Мунжид” китебинде билдирилет. Азыркы ыйык китептин “Эски осуят” бөлүмүндөгү “Азра” китебин жана башка да китептерди жазган адам Узайр алейхиссалам
эмес, ибрани дининдеги Азра деген адам эле). Яхудилер Тооратты
унутту. Насыят кылууга жиберилген пайгамбарларына ишенишпеди. Көбүнчөсүн шейит кылышты. Иран падышасы Бахман Кейхусрав ассириялыктарды кыргынга учуратты. Яхуди туткундар менен Даниял
алейхиссаламды бошотту. Масжиди Аксада кулчулук кылуучулар көбөйдү. Уулу Искендер Кудусту алгандан кийин яхудилердин арасынан Геродосту (Hirodes) башчы кылып дайындады. Бирок, бул кыянатчы яхуди Яхйа алейхиссаламды шейит кылат. Элге көп зулумдук кылды. Андан кийин Кудус Римдиктердин колуна өттү. Яхудилер көтөрүлүш кылгандан кийин 135-жылы Адриан Кудусту талкалап,яхудилерди кырып салат жана качкандар бүт жакка тарап кетишет. Барган жерлеринде христиандар тарабынан көп зулумдук көрүштү.Ислам дини келгенден кийин алар тынч жашоого ээ болушту. Кудус шаары Византия императорлору тарабынан оңдолуп, “Илия” деп атал-
ды. Шаар менен Масжиди Аксаны Эмевий халифаларынын бешинчи-си Абдулмалик кайрадан салдырган. Христиандар кресттүү жортуулдарында аны талкалап салышат. Салахиддин Аййуби мечитти кайра көтөргөн. Кийин Осмон халифалары аны оңдоп-түздөтүшкөн”.
Яхудилердин Тоораттан кийинки ыйык китеби “Талмуд”. Муса алейхиссалам Тури Синада Аллаху тааладан уккандарын Харун, Юша
жана Ал-Йазарга айтып берген. Алар кийин келген пайгамбарларга жана ыйык Яхудага айтып беришкен. Ал экинчи кылымда буларды
кырк жыл ичинде бир китепте жыйнаштырган. Бул китеп “Мишна”
деп аталган. Үчүнчү кылымда Кудуста жана алтынчы кылымда Вави-
лондо Мишнага бир бирден түшүндүрмө жазылган. Алар “Гамара”
деп аталган. Эки Гамаранын бири менен Мишнаны бир китеп кылып,аны “Талмуд” деп аташкан. Кудус Гамарасынан жасалганы “Кудус Талмуду”, Вавилон Гамарасынан жасалганы “Вавилон Талмуду” деп
аталган. Христиандар бул үч китептин душманы. Иса алейхиссаламды асуу үчүн даярдалган крестти көтөргөн жана крестке асуу окуясына катышкан Шамум “Мишна”ны рываят кылгандардын катарында деп эсептешет.
Христиандар “Ыйык китеп” деп эсептеп жүргөн китеп “Эски осуят”
(Ахди Атик) жана “Жаңы осуят” (Ахди Жадид) деген эки бөлүмдөн турат. Яхудилер анын “Эски осуят” деген бөлүмүнө гана ишенишет жана
аны “Китаби мукаддас” (ыйык китеп) деп эсептешет. Анын “Эски осуят” деп аталуусун кабыл кылышпайт. Аны “Танах” деп аташат. Танахты да үчкө бөлүшөт. Анын биринчи бөлүмүн “Тоорат” деп аташат. Алар-дын “Тоорат” деген китептери беш бөлүмдөн турат:
1. Таквин (Genеsis).
2. Хуруж (чыгуу, Exodus).
3. Левиликтер (Leviticus).
4. Адат (сандар, Numeri).
5. Тасния (Deuoronomium).
(Бул беш китептин жалпы аты Pentateuch).
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев