10-күн
"АЛЛАХТЫН ЖАЛГЫЗДЫГЫ"
Аят: Аллахка башка нерселерди теңеп, аларга сыйынба! Андан башка кудай жок. Анын өзүнөн башка жандуу-жансыздын баары жок болот. Өкүмдарлык Жалгыз Өзүнө гана таандык жана Жалгыз Өзүнө гана кайтып барасыңар (Касас: 88).
Хадис: Аллах Таала "Лаа илааха иллаллааху валлааху акбар" деген адамдын (эч болбогондо) төрттөн бир бөлүгүн тозоктон куткарат. Кимде-ким бул сөздү эки жолу айтса, анда (Аллах Таала аны) тозоктон толугу менен куткарат (Абу Дарда, Рамуз ал-Хадис:11, 384)
Окуя: Пайгамбарыбыздын жалгыз Аллахка ишенүүгө чакырган каты
Азирети Мухаммад (с.а.в.) Пайгамбарыбыз бутпарас коомдордун падышаларына жөнөткөн каттарында чексиз илимдин ээси болгон Аллахтын жалгыз экендигин, Андан башка кудай жок экенин жар салып, өзү Аллахтын элчиси болгондугу жөнүндө кабар берген. Бул каттардын Иудей жана Христиан коомчулуктарына жиберилген каттардан айырмасыАллах Тааланын барлыгы жана жалгыздыгы өзгөчө баса белгиленген. Маселен, ошол каттардын биринде мындай делет:
"Бисмиллахир рахмаанир рахиим,
Аллахтын кулу жана элчиси Мухаммаддан ирандыктардын башчысы Кисрага. Саламымды акыйкат (адал) жолдо жүргөн, Аллахка жана анын элчисине ишенген, Аллахтна башка кудайдын жок экенине, анын жалгыз жана теңдешсиз экендигине, Мухаммаддын анын кулу жана элчиси экендигине ишенгендерге жолдоймун. Сени Исламга чакырам. Анткени мен жандуунун баарына эскертүүчү катары, Аллахтын каапырларга болгон өкүмүн (жеткирип) толуктоо максатында бүтүндөй адамзатына жиберилген Аллах Тааланын элчисимин. Андыктан Исламды кабыл алып, түбөлүк бакытка жет! Эгер кабыл албай баш тарта турган болсоң, анда отко сыйынгандардын күнөөлөрү дагы сага жазылат".
УММАТИ МУХАММАД тайпасы. https://ok.ru/ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев