Мал мүлк менен болгон адеп.
Менин унаам мени бейишке алып баруучу себептерден.
→ Аллахтын мага берген нээматтарын барктаймын.
→ Айдоо бул чеберчилик, кызыгуу жана адеп.
→ Канаат кылам. Анткени, мени Аллах гана байытат.
→ Ар бир абалда Аллахка мактоо айтамын.
→ Унаа айдоодо эрежелерди бузуудан алыс боломун.
Көпчүлүгүбүзгө Аллах Таала башкаларга бербеген нематтар жана жакшылыктарын тартуулады. Бул нематтардын
көптөгөн түрлөрү бар. Мисалы: акылга жана денеге тийиштүү жөндөмдүүлүктөр. Ошондой эле материалдык байлыктар. Бул нематтарды Аллахка баш ийүү менен пайдалануу жана башка-
ларга садака кылуу, шүгүр кылуу болуп эсептелет.
Аалымга, адамдарга илим үйрөтүүдө сараңдык кылууга болбойт. Тескерисинче илим талап кылуучуларга пайдасын тийгизүү жана илимин жайылтуу үчүн конференциялар,лекция-лар, зыяраттар, тасмалар жана массалык маалымат каражаттары аркылуу
илим жеткирүү жолун жеңилдетүү ага милдет болуп эептелет.Коомдук орунга ээ болгон киши, ошол орду менен баш-
ка адамдарга текеберчи-лик кылбасын, балким муктаж болгон адамдарга жардам берсин, жана кол астында иштеген
жумушчуларга жумшак мамиле кылсын. Ийаад Ибну Хумар риваят кылган хадисте, Пайгамбар ﷺ айткан: «Yч түрдүү адамдар бейиш ээлеринен: адилеттүү па-
дыша, баардык жакындарына жана мусулмандарга жакшы
мамиле кылган боорукер адам, үй-бүлөлүү таза, пакиза адам». (Муслим).
Байлыкка ээ болгон адам Аллахтын акысын чыгарып садака берсин жана муктаж болгон адамдарга кам көрүп ку-
пуя садакасын көбөйтсүн.
Унаа ээлерине насыят:
Унаа дагы Аллахтын нээматы. Башка нээматтар сыяктуу эле Аллахка шүгүр кылуу керек. Унаа менен башкаларга жакшылык кылуусун улантып туруусу зарыл. Себеби башкаларга жакшылык кылса, ал жакшылык ээсине кайтат. Бул нээмат жөнүндө Аллах Таала Кураанда: «(Аллах) жылкыларды, ка-чырларды, эшектерди минишиңер жана кооздук үчүн жаратты. Ошондой эле Ал силер билбеген нерселерди да жаратат»
– деп айтылган. (Нахл: 8). Бул аяттагы «Ал силер билбеген нерселерди да жаратат» деген сөз, жаңы транспорттук каражаттардын баарына тиешелүү деп чечмелешкен аалымдар.
Улуу Аллах Тааланын берген нээматтарын колдонууда Аллахты эстөө жана Ага шүгүр айтуу адептүүлүк болот. Умар-
дын уулу риваят кылган хадисте, Пайгамбар ﷺ эгер сапарга чыгуу үчүн төөгө минсе, үч жолу такбир айтып, анан
бул дубаны айтканы жөнүндө айтылган. “Оо, Аллахым! Бул сапарыбызда жакшылык жана такыбалыкты, Сен ыраазы болгон ишти жасоону суранабыз. Оо, Аллахым! Бул сапары-
бызды бизге жеңил кыл жана анын алыстыгын биз үчүн кыскарт. Оо, Аллахым! Сен сапарыбызда бизге шериктешсиң жана үй-бүлөбүзгө Көзөмөлдөөчүсүң! Оо, Аллахым! Чындыгында мен жолдо менин башыма түшө турган кыйынчылык-тардан жана малыма, үй-бүлөмө, балдарыма тийиштүү балээлерден сактоону суранамын”! Ал эми, сапардан кайтып
жатканда бул сөздөр кошулуп айтылат: “Кайтып жатабыз,тообо кылабыз, сыйынабыз жана Раббибизге мактоо айта-
быз”. (Муслим).
Айдоочу бир тууганым!
Унаага тумар, сүрөттөрдү
илүүдөн, шарият тыйган ырларды угуудан унаа менен көңүл ачуучу жана бузуку жайларга баруудан сактан! Ошондой эле
сенин жана башкалардын коопсуздугун эске алып катуу ылдамдык менен айдоо сага да, башкаларга да коркунучтуу!
Анас риваят кылган хадисте, Пайгамбар ﷺ айткан: “Эттият болуу Аллахтан, шашылуу шайтандан”. (Байхакий).
“Этият болууда саламатчылык,шашылуу-да өкүнүч бар” – деп айтышат. Унааны ылдам айдоо менен убактымды
үнөмдөп жатам деп ойлошуң мүмкүн. Бирок, ылдамдыктын
айынан кабылган бир эле кырсык, бүтүндөй убактыңдын баарын алып кетүүсү мүмкүн экендигин да эсиңден чыгарба.Өзүңө да өзгөгө да зыян бербе!
Унаа айдоодо башкаларга ар түрдүү зыяндарды
көрсөтүүдөн сак бол. Жөнөкөй турмушта канчалаган жол кырсыктары болот. Андан көптөгөн адамдар зыян тартышат. Бирок, алардын көбү жашыруун боюнча калып калат.Ал эми, Ислам мыйзамдарында ар бир зыян, күнөө болуп саналат. Ар бир күнөөкөр күнөөсүнө жараша жазага татыктуу болот. Аллах Талаа айткан: «Ошентип, момун эркектерди,
момун аялдарды жазыксыз ызаланткандар албетте өздөрүнө
жалааны жана ачык күнөөнү жүктөп алышты». (Ахзаб:58).
Ошондой эле хадисте да айтылган:
– «Бир мусулманга башка бир мусулманды коркутуу адал болбойт».
Канчалаган жаш балдар унаа кырсыктарынан улам жетим калышкан. Канчалаган адамдар унаа кырсыгына учурап, оорукчан болуп калышкан. Алар азыр да түн уйкусунан чочуп ойгонушат. Ушунун баарына кимдир бирөөлөр себепкер болушкан. Ушундай абалга дуушар болуп калбооң үчүн,
ар дайым этият бол. Өзүңө да, өзгөгө да зыян көрсөтпө.
Абу Саид Аль Худрий риваят кылган хадисте, Пайгамбар (ﷺ) «Өзүңө да өзгөгө да зыян берүүгө болбойт» – деп айткан.
Зыян:
Бир адам унаасы менен баратып, булганыч сууну жол жээгинде турган адамдын таза кийимне чачыратып өтүп кетти. Ал айдоочуга кыжырдана кыйкырып кала берди. Көп өтпөй айдоочу кайра келип, ал адамдан кечирим сурай баштады. Ал киши да айдоочунун кечиримин кабыл кылып, ага ыраазылыгын билдирди. Айдоочудан: «эмне үчүн кайтып
келдиң? – деп сурашты. Ал: – Кыямат күнүндө менин жакшы амалдарым ал адамга берилип, өзүм куру кол калып калуу-
дан корктум – деп жооп берди.
Пайда:
Унаа Аллахтын берген нээматы деп айттык. Анткени, аны менен көптөгөн жакшылактарга жете алабыз. Ушуну
менен гана чектелбестен муктаждыктарды чечүүгө, илим алууга, ырыскы талап кылууга, жакшылык-жамандыктарга
жардам берүүгө себеп болот. Бара турган жерине мээ кайнаткан ысык күндө автобус күтүп турган адамдын абалын бир элестетип көрчү. Кокустан, өтүп бара жаткан машина анын жанына токтоп, аны өзү менен бирге ала кетти. Бул кандай кубаныч!
Баласын ооруканага алып баруу үчүн түн ичинде арыбери чуркап жүргөн адамга, машинасы менен келип калган досу кандай сүйкүмдүү көрүнөрүн билесиңби? Булардын
баары Аллах тарабынан берилген жакшылык эмеспи? Мусулман бир тууганынын муктаждыгы үчүн кадам койгон
адамга Аллах көптөгөн жакшылыктарды даярдап койгон.Пайгамбар (ﷺ) айткан: «Аллахка эң сүйүктүү адам,башкаларга пайдасы тийген адам. Аллахка эң сүйүктүү иш, бир мусулманга кубаныч
тартуулоо, же кайгысын бөлүшүү, же карызын төлөө, же курсагын тойгузуу. Бир мусулмандын муктаждыгын бүтүрүү
үчүн басуу, менин мечитимде бир ай этикафка олтуруудан
жакшыраак. Ким ачуусун басса, Аллах анын уяттуу иштерин жашырып коет. Кимде-ким мусулман бир тууганынын муктаждыгын бүтүрүү үчүн кадам шилтесе, Кыяматта, кадамдар тайып кетүүчү күндө, Аллах анын кадамын бекем кылат.
Балды уксус бузган сыяктуу, жаман кулк-мүнөз жакшы амалды бузуп коёт». (Тирмизий).
Булардан сактан!
• Тез жүрүүдөн.
• Жол чырактын эрежелерин бузуудан.
• Эскертүү белгисин баспай эле жолдун четине чыгуудан.
• Айдап бара жатканда телефон менен сүйлөшүүдөн.
• Жол боюна унааны токтотуп коюудан.
• Сатып алуучуга айыбын жашырып унааны сатуудан.
• Айдоо күбөлүгүнө ээ болуудан алдын унаа айдоодон.
• МАИ кызматында иштеген тууганыңа ишенип жол эрежелерин одоно бузуудан.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев