ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
❗Негизи бузулган диндер жана секталар
Яхудилик
Ыйык китептер, тарыхый маалыматтар жана азыркы учурга чейин жетип келген эмгектер изилдене турган болсо, бир Аллахка ыйман
келтирүүнү буйрук кылуучу дин болгон Исламдын Адам а.с. пайгамбардын доорунан бери бар экендиги белгилүү болот. Адам (алейхиссалам)пайгамбардан баштап Ибрахим алейхиссаламга чейинки убакыт ичинде көптөгөн пайгамбарлар келген. Аллаху таала аларга сухуфтарды (китепчелерди) жиберген. Атактуу жүз сухуфтун ону Ибрахим алейхиссаламга
жиберилген.Тарыхчылар-дын айтуулары боюнча, Ибрахим а.с.пайгамбар.
б.з.ч. 2122 жыл мурда Фырат (Ефрат) жана Дижла (Тигр) дарыялары арасындагы мекенде туулуп, 175 жыл жашап, Кудуска жакын болгон Халилуррахман делген жерде кайтыш болгон. Ибрахим алейхиссаламдын өгөй
атасы Азар. Өз атасы Тарух Ибрахим кичинекей кезинде дүйнөдөн кайтат. Азар буттарды жасай турган чебер болгон. Ибрахим бала кезинде эле буттарга ибадат жасоого болбой тургандыгын түшүнүп, өгөй агасынын
жасаган буттарын сындырып, ошол элдин, б.а., Вавилондун бийлөөчүсү Намрудду ыйманга чакыра баштайт. Намруд өтө заалым бийлөөчү эле.Легенда боюнча Намруд чыныгы аты эмес, (Фараон) сыяктуу наамы болчу. Бала кезинде мурдуна жыландын баласы кирип кетип, бети кыйшайып, түрү бузулуп кеткен болчу. Атасынын өзү деле анын түрүн көрүүгө чыдай албай өлтүрмөкчү болот. Бирок, энеси жалбарып, аны бир чабанга берет. Чабан да анын жагымсыз түрүн көрүүгө чыдай албай, бир тоонун башына алып барып таштайт. Тоодо Намруд деген ургаачы жолборс ал
баланы эмизип, анын аман калуусуна себеп болот. Намруд деген наам ушундан калган. Атасы кайтыш болгондон кийин бийликке келген Намруд өзүн теңир деп эсептеп, калктын өзүнө сыйынуусун каалайт. Ибрахим (алейхиссалам) ошол жүзү суук, каардуу адамды акыйкат динге ча-кырат. Калкты буттар менен Намруддан баш тартууга чакырат. Бирок,
алар ыйман келтиришпейт. Ошол кездеги Калдани коомунун адаты боюнча жылда бир жолу бир жерге жыйналышып, майрамдашчу эле. Анан
бутканага барышып, буттарга сажда кылып сыйынышып, үйлөрүнө
кайтышчу эле. Ушундай бир майрам күнү Ибрахим алейхиссалам бутканага кирип, балта менен бардык кичи буттарды талкалап, балтаны эң
чоң буттун моюнуна илип коюп, кетип калат. Калданилер бүткүл буттарын талкаланып жатканын көрүп, бул ишти кылган адамды жазала-макчы болушат. Ибрахим алейхиссаламды алып келишип: “Муну сен кылдыңбы?” - деп сурашат. Ибрахим алейхиссалам: “Муну өзү турганда кичи буттарга сыйынууңарды каалабаган мойнунда балта илинип турган
чоң бут кылды. Ишенбесеңер өзүнөн сурагыла”, - дейт.Адамдар: “Андан сурагыла дейсиң, буттар сүйлөбөйт го”, - деп айтышат. Ошондо Ибрахим
алейхиссалам: “Андай болсо сүйлөй албаган, өздөрүн кыйроодон куткара албай турган буттарга эмнеге сыйынасыңар?” - деп коомун буттарга сыйынуудан кайтарууга аракет кылса да пайдасы болбойт. Бул жагдай
тууралуу Курани каримде “Анбия” сүрөсүнүн 52-аятынын аягында айтылган. Бул иш тууралуу Намрудга кабар берилет. Намруд Ибрахим
алейхиссаламды чакыртат. Хазрети Ибрахим алейхиссалам Намруддун сарайына барганда ага сажда кылбайт. Намруд эмнеге сажда кылбаганын
сураганда: “Мени жараткан Аллаху тааладан башкага сажда кылбайм”, дейт. Намруд Ибрахим алейхиссаламдын далилдерине жооп бере албай,каршы чыгып, кабылдабайт. Ибрахим алейхиссалам Аллаху тааланын бар, бир, түбөлүк экендигин, бүт нерсенин жаратуучусу, ээси экендигин жана бүт нерсеге күчү жете тургандыгын, ал эми Намруддун алсыз бир
пенде экендигин айтат. Буга катуу ачууланган Намруд жанындагылардын да колдоолору менен аны отто күйгүзүүнү чечет. Курани каримде
Ибрахим алейхиссаламдын Намруд менен сүйлөшкөндүгү тууралуу маалымат келтирилген. “Бакара” сүрөсүнүн 258-аятында: “(Эй, Хабибим) Аллах өзүнө мүлк, султандык бергендиктен азгындап Ибрахим менен анын Рабби жөнүндө талашкан адамдын (Намруддун) кабарын укпадыңбы? Ибрахим: “Менин Раббим өлтүрөт жана тирилтет”, -дегенде, (Намруд): “Мен да өлтүрүп, тирилте аламын”, -деди. Ибрахим:
“Аллах Күндү чыгыштан чыгарат, сен аны батыштан чыгарчы?!”
дегенде, капыр (Намруд) далбастап калат. Аллаху таала зулумдук кылган адамдарды туура жолго түшүрбөйт”, - деп айтылган. Ибрахим алейхиссаламдын отко ыргытылуусу тууралуу Курани каримдин “Саффат” жана “Анбия” сүрөлөрүндө кабар берилет. “Саффат”
сүрөсүнүн 97-аятында: “Капырлар атайын бир имараттын ичинде от
жагышып, Ибрахимди отко ыргыткыла деп айтышты”, - делген. Бирок, ал отко ыргытылган маалда от гүл бакчага айланат. Башка маалыматтарда айтылуусу боюнча, от жагылган имараттын ичи көлмөгө айланат.
Отундар да балыктарга айланган. Курани каримде “Анбия” сүрөсүнүн
68, 69 жана 70аяттарында: “Капырлар: “Эгер бир нерсе кыла турган
болсоңор Ибрахимди отко күйгүзгүлө. Ушундайча кудайларыңарга көмөктөшкүлө”, деди. Биз: “Эй, от! Ибрахимге салкын бол!” дедик. Алар Ибрахимге ушундайча тузак курмакчы болду. Бирок, биз алардын өздөрүн андан да оор зыянга учураттык”, деп билдирилген.Курани каримде Намруд деген ат кездешпейт. Бирок, бул ысым Тооратта (Ыйык китептин “Эски Осуят” бөлүмүндө) бар. Азыркы Туркиянын Урфа шаарына жакын жерде “Айн-и залика” же болбосо “Халилуррахман” деп аталган 50 x 30 метр чоңдуктагы бир көлмө бар. Бул жердин
Ибрахим алейхиссаламдын отко ыргытылган жер экендиги жана отундардын балыкка айлангандыгы айтылат. Бул жердеги балыктарга эч ким
тийбейт.Ибрахим алейхиссалам эки жолу үйлөнгөн. Биринчи жубайы Саара жетимиш жашка чейин балалуу боло албайт. Ошондуктан, Ибрахим алейхиссалам Мысырда (Египет) Фараон белек кылган Хажар де-
ген күңдү экинчи жубайы кылып алат. Андан Исмаил (алейхиссалам)
дүйнөгө келет. Сара да Аллаху тааладан бала тилейт. Аллаху таала ага
да бир бала берет. Ал Исхак алейхиссалам эле. Исмаил алейхиссалам
арабдардын, Исхак алейхиссалам болсо ибранилердин атасы болду. Б.а.,арабдар менен ибранилер (еврейлер) атасы бир, энеси башка болгон туугандар. Ибрахим пайгамбар Мухаммед ﷺ дын аталарынын бири болуп саналат.Ибрахим алейхиссаламга токсон жашында пайгамбар болгондугу билдирилген. Анын дини Аллаху тааланын бир экендигин билдирчү эле.Курани каримде “Али-Имран” сүрөсүнүн 67-аятында: “Ибрахим (алейхиссалам) яхуди да, христиан да эмес. Ал Аллаху таалага ишенген(ханиф) жана нагыз мусулман болчу”, деп айтылган.
Яхуди дининин негизи тууралуу үгүттөгөн адам Муса алейхиссалам болжол менен б.з.ч 1705-жылы Мысырда Мемфис шаарында туулган. Фараон түшүндө ошол жылы туула турган бир эркек баланын өзүн
өлтүрө тургандагын көрүп, ошол жылы туулган эркек балдардын баарын
өлтүрүүгө буйрук берет. Муну угуп, Мусанын энеси баласын жыгач сандыкка салып, Нил дарыясына ыргытат. Аны Аллаху таалага аманат кылат. Бул сандыкты Фараондун аялы таап алат. Фараон да баланы көрөт.Бирок, сандыкты суу бетинде көргөн кезде аялынын: “Сандыкта байлык болсо сеники, жандык болсо меники”, - деген тилегин кабылдап, балага эч нерсе кыла албайт.
“Муса” сөзү “суудан куткарылган” деген маанини билдирет. Христиандар “Моше” жана “Моис” (Моисей) дешет. Мусанын энеси өзүн сүт эне катары көрсөтүп, Фараондун сарайына алдыртып баласын чоңойтот.Кырк жашка толгондо Муса туугандарынын жанына кетип калат. Өзүнөн
үч жаш улуу болгон Харун пайгамбар менен жолугушат. Муса алей-
хиссалам ибранилерге каршы жасалган зулумдуктарга каршы чыгат.Аларды коргойт. Бир күнү бир Мысырлык капырдын бани Исраилдин бирине зулумдук кылып жаткандыгын көрөт. Аны куткарайын дегенде
кокустан капыр өлүп калат. Муса алейхиссалам жабырлануучуну капырдын зулумунан куткарууну гана ойлогон эле. Ошондуктан, Мысырдан чыгып кетүүгө аргасыз болот. Мадиан шаарына көчүп келет. Ал жерде Шуайб алейхиссалам менен жолугуп, аны менен он жыл чогуу жашап,
кызы Сафурага (Tsippore) менен үйлөнөт. Он жылдан кийин кайра Мы-
сырга кайтып келет. Тур тоосуна келгенде мезгилсиз Аллаху таала менен сүйлөшөт. Ошондо ага пайгамбарлык берилет. Ага Аллаху тааланын бир экендиги, Фараондун теңир эместиги жана көптөгөн нерселер тууралуу билдирилет. Мысырдагы Фараонго барып, аны динге чакырат. Ага
бир Жаратуучуга ыйман келтирүүнү насыят кылат. Исраил уулдарын
боштондукка чыгаруусун суранат. Фараон буларды кабылдабайт. “Муса
чоң сыйкырчы. Бизди алдап, элибизди колубуздан алууну каалайт”, -дейт. Жанындагы жардамчыларынан сурайт. Алар:“Сыйкырчыларды
чакыр, аны жеңсин”, - деп айтышат. Сыйкырчылар чакыртылат. Ошол
жыйында шаардын белгилүү сыйкырчылары топтолуп, колдорундагы
жиптерин жерге ташташат, жиптер жыланга айланып Муса алейхиссаламга карай сойлошот. Ошондо Муса алейхиссалам аса таягын жерге урган кезде ал чоң жыланга айланып жиптерди жутат. Ошондо сыйкырчылар таңданып: “Бул адам чындыкты айтууда”, деп, ага ишенишет. Бул окуя Курани каримде “Аъраф” сүрөсүнүн 111-123-аяттарында билдирил-
ген. Муну көргөн Фараон катуу ачууланат. “Ал силердин устазыңар экен, колу-буттарыңды кесип, силерди курма дарагына асамын”, - дейт. Алар:
“Биз Мусага ишендик. Анын Раббисине сыйынабыз. Бир гана ошол Жаратуучунун мээримдүүлүгүн каалайбыз”, - дешет. Фараон Исраил уулда-
рынын Мысырдан чыгып кетүүлөрүнө уруксат бербейт. Себеби, Исраил
уулдары Мысырдан чыгып кете турган болсо, ал кызматчыларынан жана кулдарынан айрылып калат эле. Ушундай зулумдуктардын натыйжасында Кудайдын жазасы иретинде капырлардын суулары канга айланат. Асмандан курбака жаайт. Тери оорулары тарайт. Үч күн караңгылык басат. Фараон бул мужизаларды көрүп коркконунан айласыз уруксат берет.
Муса алейхиссалам Исраил уулдарын менен Мысырдан чыгып Кудуска
бара жатканда Фараон ниетин бузуп, аскерлери менен алардын аркасы-
нан кууйт. Суец кысымында деңиз экиге бөлүнүп момундар аркы бетке өтүп кетишет. Фараон аскерлери менен бирге өтүп бара жатканда деңиз кайтадан жабылып, баары сууга чөгүшөт. Муса алейхиссалам ушул көч
кезинде Тур тоосунда Аллаху таалага көп жалбарат. Аллаху тааланын өзүн көргүсү келет. Аллаху таала анын бул тилегин кабылдабады. Бирок, аны менен Тури Синада дагы сүйлөштү. Муса алейхиссалам Тури
Синада 40 күн жана 40 түн калып орозо кармайт. Аллаху таала Жабраил
алейхиссалам аркылуу Тооратты лавхалардын бетинде жазылган абалда жиберди. Өзүнө ыйман кылгандардын моюн сунуу үчүн он лавхага
жазылган он буйрук берди. Ошол замандан бери яхудилердин китепте-ринде жана Тоораттын (Тасния китебинин) 5-чи бабынын 6-чы аятында
жана “Хуруж” (чыгуунун) 20-чы бөлүмүнүн башында берилген “Авамири Ашара” деп аталган он буйрук мына булар:
1. Сени Мысыр аймагынан, кулдук үйүнөн чыгарган Аллах Менмин.
2. Менден башка Кудайың жок. Асмандагы, жердеги, жердин астындагы нерселердин эч кайсысынын сүрөтүнө,
көрүнүшүнө сыйынбайсың.
3. Аллахтын ысымын боштон бош оозуна албайсың.
4. Жуманын алты күнүндө эмгектенип, жетинчи күнү дем аласың. Ишемби күнүн ыйык деп эсептейсиң.
5. Ата-энеңди сыйлап-урматтап, алардын айткандарын кыласың.
6. Адам өлтүрбөйсүң.
7. Зина кылбайсың.
8. Эч бирөөнүн акысын жеп, уурулук кылбайсың.
9. Кошунаңа каршы жалган күбөдө болбойсуң.
10. Кошунаңдын аялына, үйүнө, эгинине, кулуна, күңүнө, малына, эч бир нерсесине көз тикпейсиң.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы.
ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев