9-күн
"КЕЛИМЕ КЕЛТИРҮҮ"
Аят: Ал-Аллах. Андан башка Кудай жок. Бул дүйнөдө да, о дүйнөдө да бардык мактоолор жалгыз Өзүнө гана таандык! (Касас: 70).
Хадис: Ким Аллахтан башка кудай жок экенине жана Аллахка эч нерсени теңебей, Мухаммад Аллахтын кулу жана элчиси экендигине чын жүрөктөн ишенсе, анын кандай кемчилиги болсо да Аллах аны бейишке чыгарат (Убада Ибнус-Самит ал- Ансардан).
Окуя: Ишенбейт бекен?
Убайдуллах ибн Адий (р.а.) мындай дейт: Бир күнү Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен чогуу отурганбыз. Сырттан бейтааныш бир адам Пайгамбарыбыздын жанына келип, кулагына бир нерселерди шыбырады. Эмне жөнүдө шыбырашканын эч кимибиз уккан жокпуз. Акыры Пайгамбарыбыз (с.а.в) өзү аны айтып берди. Көрсө, ал адам ушакчылардын бирөөсүн өлтүрүү үчүн уруксат сурап келген экен. Ал адамдан Пайгамбарыбыз (с.а.в):
- Ал Аллахтан башка кудай жок экенине жана Мухаммад (с.а.в.) Аллахтын кулу жана элчиси экендигине ишенбейт бекен?- деп сурады.
Ал:
- Жок, ал ишенбейт -деп жооп берди.
- Намаз окуйт бекен?
- Жок, намаз да окубайт. Анда Пайгамбарыбыз:
- Аллах Таала мага дал ушундай адамдарды өлтүрүүгө тыюу салган- деди.
УММАТИ МУХАММАД тайпасы. https://ok.ru/ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев