Конок тоскон адамдардын эсине.
Балким бул осуяттар анын кулагынан мурда жүрөгүнө жетээр:
• Бир тууганыңдын келүүсүнө жакшылап даярданып, айтылган убакытта аны даяр болуп күтүп ал. Эгер жетишпей
калсаң кечирим суроону да унутпа.
• Эшигиңе коңгуроо орнотууга шашыл. Анткени, келген адам сыртта көп күтүп калбасын.
• Конокторду жайдары, ачык маанай, жылмаюу менен жана жакшынакай кийинип тосуп ал.
• Конокторду жакшылап сыйла. Аллах Таала Кураанда конокту сыйлоо эң жакшы амал экенин билдирип өткөн:
«Ибрахимдин сыйлуу коноктору жөнүндө сага кабар келдиби? Алар Ибрахимге киришкенде: «Тынчтык болсун!» – деш-
ти. Ал (Ибрахим да): «Чоочун элге тынчтык болсун!» – деди. Ал аялына чыкты да, музоонун бышырылган этин алып келди». (Заарият: 24-26).
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар (ﷺ)«Ким Аллахка жана акырет күнүнө ишенсе коногун сыйласын, туугандык мамилени үзбөсүн, жакшы сөз сүйлөсүн же унчукпасын» – деп айткан. (Бухарий, Муслим).
• Сүйлөгөнгө караганда көбүрөөк угуу жакшыраак.
• Эгер конок көпкө чейин отуруп калса, иш аракеттериң же кылыктарың менен нараазычылыгыңды
билдирбегин. Эгер башка бирөөгө дагы убада берген болсоң,анда коноктордон жумшактык менен уруксат сура. Анын эч кандай айыбы жок.
• Эгерде сенин унааң болсо, конокторду жеткирип коюу сый-урмат болуп саналат.
• Конокторду эшикке чейин узатуу жана алар узап кеткенге чейин эшикти жаппай туруу да сый урматка жатат.
• Эгер конокторуңда же алардын балдарында жагымсыз адеп-ахлакты байкасаң, ылайыктуу убакытты жана ыкманы тандап ага кеңеш айтуу үй ээсинин милдети.
Ойлонуп көр:
“Аны көп жолу зыярат кылдым ал мени эч зыярат кылган жок. Канча жолу аны менен байланыштым ал мага бир да жолу чалган жок” – деген сыяктуу сөздөргө сенин оюң кандай.
Туугандарыңды жана жакшы көргөн адамдарыңды дайыма зыярат кылууга аракет кыласыңбы?Эгер бир тууганыңдын үйүндө таза эмес нерсени же ба-
шаламандыкты көрсөң эмне кыласың?
Эгер бир тууганыңдын үйүнөн сага керек болгон, бирок ал колдонбогон буюмду көрүп калсаң аны сатуусун сурайт
белең же жөн эле белек кылуусун суранат белең?Коногуңдун балдары ойноп жатып үйдөгү буюмдарды
бузуп салса, ата-энеси эч нерсе дебесе сен аларга кандай кеңеш айтасың?
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев