🌺
🍃БЕЙИШ 🍃
Бейиштеги мүлктүн көптүгү:
Мүлктүн, байлыктын эсепсиз көп болушу бейишке тиешелүү бир өзгөчөлүк. Пайгамбарыбыз (ﷺ) хадистеринде бейиштеги мүлктүн көптүгү жөнүндө мындай деген:
Бейиш калкынын эң төмөнкү даражадагысынын бейиштеги мүлкүн кыдырып көрүп чыгышы эки миң жылга созулат жана ал мүлктүн эң алыстагысын эң жакынындагыдай көрөт.
Эгер бейиштеги нерселерден бир тырмакчалыгы көрүнгөндө, жер менен асман арасын кооздукка бөлөмөк. Эгер бейиш калкынан бир адам көрүнүп билериктерин көрсөткөндө, күндүн жылдыздардын нурун басып салышы сыяктуу күндүн нурун басып салмак.
Хадисте да көңүл бурулгандай, бейиштеги немат-жакшылыктардын аз бир бөлүгү эле дүйнө критерийлери менен караганда укмуш көптүктү көрсөтүүдө. Жогорудагы хадистердин бирөөсүндө билериктердин жылдыздардан да жаркыраган нурдуу экени, көз жоосун алаары айтылса, башка бир хадисте болсо бейиш калкынын жасалгаларынын чыканакка чейин болоору айтылып, молчулукка басым жасалган:
Бейиш калкынын зыйнаттары даарат суусу жеткен даарат жерлерине чейин жетет.
Кымбат баалуу таштардын жана металлдардын молчулугу:
Аллах Курандагы «Кылдаттык менен жасалган зергердик тактылар үстүндө.» (Вакыа Сүрөсү, 15) жана «Адн бейиштери (алардыкы); ал жакка киришет, ал жерде алтындан билериктер менен жана берметтер менен жасанышат...» (Фатыр Сүрөсү, 33) аяттары аркылуу бейиште ар кандай зергердик буюмдар менен кымбат баалуу таштардын бар экенине көңүл бурат. Бейиш жөнүндө Куран менен хадистерде айтылган зергердик буюмдар адамзат тарыхында дайыма байлык менен даңазалуу сулуктун символдору болуп келген. Өтө кымбат баалуу бул зер буюмдары табиятта аз кездешкен кооздукка ээ. Алмаз, бермет, жакут, алтын, күмүш сыяктуу зыйнаттар – бүт адамдар жактырып, алар менен кооздолгон буюмдарды көрүүдөн ырахат алган кооздуктар.
Бейиш нематы катары берметтен сөз кылынган хадистердин бир канчасы төмөнкүдөй:
Бейиштиктердин баштарында таажылар бар. Таажыдагы бир бермет мешрик (чыгыш) менен магриб (батыш) арасын жарык кылат.
... Аялдын мойнундагы берметтердин бирөөсү гарб (батыш) менен шарк (чыгыш) арасын жарык кылат... Башындагы таажылардын эң кичинекей бермети да шарк менен гарб арасын жарык кылат.
Бермет бейиштеги нематтардын аз кездешкен баалуулугуна басым жасашы жагынан маанилүү бир мисал. Берметти чыгаруу үчүн деңиздерге көп жолу терең сүңгүш керек. Болгондо да көп санда чогултулган устрицалардын аз бөлүгүндө гана бул баалуу зыйнат кездешет. Бул кичинекей таштын сулуулугунан тышкары, аны баалуу кылган дагы бир өзгөчөлүк болсо – бул жерде айтылгандай, көп кыйынчылыктар менен алынышы.
Дүйнөдө аны алуу үчүн көп убакыт, эмгек жана каражат талап кылган бул баалуу таш акыретте мол санда болот. Өтө баалуу, аз кездешкен бир кооздуктун мол болушу, албетте, адамдын рухунда башкача бир толкундануу жаратат. Мындан тышкары, аяттарда айтылган бейиш нематтары биз элестеткенден алда канча сулуу болушу мүмкүн. Хадистерде «чыгыш менен батыштын арасын жарык кыла турган бир бермет» деп айтылганда, биз мындай берметтин жалтырак кооздугун толук элестете албашыбыз мүмкүн.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев