Түрдүү китептерде мындай хадистер жазылган:
1. “Рахмат(ырайымдуулук) эшиктери төрт түндө ачылат.Ошол түндөрү кылынган дуба, тообо кабыл болот. Рамазан жана Курман Айт майрамынын алгачкы түндөрү, Шаабандын он бешинчи (Барат) түнү жана Арапа түнү”. (Кадыр түнү бир канча хадистерде билдирилгендиктен бул жерге жазылбады).
2. “Аллаху таала ибадаттардын ичинен Зул-хижжанын алгачкы он күнүндө кылынгандарды жакшы көрөт. Бул
күндөрдө бир күн кармалган орозого бир жылдык орозонун (нафил орозо) сообу берилет. Ошол түндөрү окулган на-
маз Кадыр түнүндө окулган намаз сыяктуу. Бул күндөрдө көп-көп тасбих, тахлил жана такбир айткыла”.
3. “Мусулман адам Тарвиа күнү орозо кармап, күнөө сөз сүйлөбөсө, Аллаху таала аны, албетте, Бейишке киргизет”.
4. “Арапа күнүн урматтагыла! Себеби, Арапа Аллаху таала кадырлаган күн”.
5. “Арапа түнү ибадат кылгандар Тозоктон бошотулат”.
6. “Арапа күнү орозо кармагандардын эки жылдык күнөөсү
кечирилет. Биринчиси - өткөн жылдын, экинчиси келерки жылдын күнөөлөрү (Арапа Зулхижжанын тогузунчу
күнү, башка күндөр Арапа эмес)”.
7. “Арапа күнү миң жолу “Ихлас” сүрөсүн окуган адамдын бардык күнөөлөрү кечирилет жана бардык дубалары кабыл болот. Бардыгын бисмиллах менен окуу
керек.
8. “Ражаб Аллаху тааланын айы, Ражаб айын урматтаган адамды Аллаху таала дүйнөдө жана акыретте урмат-
тайт”.
9. “Ражаб айынын алгачкы жумасынын түнүн ибадат менен өткөргөн адамга Аллаху таала кабыр азабын
тарткызбайт. Дубаларын кабыл кылат. Бир гана
жети түрдүү адамдарды кечирбейт жана дубаларын кабыл кылбайт.
Алар: пайызга акча берген же алган адам, мусалмандарды төмөнсүнткөн адам, ата-энесине азап чектирген, каршы чыккан бала, мусулман күйөөсүн тыңдабаган аял, ыр, музыканы тиричилик
куралы кылып алган адам, гомосексуалдык жана зина кылган адам, беш маал намазды окубай таштап койгон адам”. Бул күнөөлөрдөн баш тартып, тообо кылмайынча алардын дубалары кабыл болбойт. Эненин, атанын, жубайынын жана башка эч кимди Исламга
туура келбеген буйругун орундоого болбойт. Ал эми,ата-энеге жылуу сөз сүйлөп, аларды таарынтпоо керек.
(Каршы чыгуу менен харам болгон буйрукту орундабай калтыруу эки башка нерсе). Ата-энеси капыр болсо аларды чиркөөдөн, шарапканадан көтөрүп болсо дагы алып келүү керек. Бирок, андай жерлерге алып барууга
болбойт.
10. “Жабраил мага келип: “Тур, намаз оку, дуба кыл! Бул түн Шабандын он бешинчи түнү”, - деп айтты. Бул түндөрү ибадат кылгандарды Аллаху таала кечирет.Бир гана мушриктерди,төлгөчүлөр-дү, сыйкырчыларды,
адамдардын жакшылыгын көрө албагандарды, арак шарап ичкендерди, пайызга акча бергендерди жана зина кылгандарды кечирбейт”.
11. “Барат түнүн баа жеткис табылга жана мүмкүнчүлүк
деп билгиле. Себеби, ал белгилүү болгон түн. Шабандын он бешинчи түнү. Кадыр түнү кадырлуу болсо да кайсы түн экендиги белгилүү эмес. Бул түндө көп-көп ибадат кылгыла. Анткени, кыямат күнү өкүнүп
каласыңар.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев