8-күн
"АЛЛАХКА БОЛГОН СҮЙҮҮ"
Аят: Айрым адамдар Аллахтан башка (адамды же нерсени) Аллахка теңеп, аны Аллахты сүйгөндөй сүйөт. Ыймандуулардын Аллахка болгон сүйүүсү өтө бекем. Залимдер азапты көргөн кезде гана бүткүл күч Аллахка таандык экенин жана чындыгында Аллахтын азабы оор экенин көрүшөт. Атаганат, алар муну мурда эле билишсечи (Бакара: 165).
Хадис: Арабыздан Аллахты эң катуу сүйгөн жана Андан эң корккон адам- менмин.
Маселе: Аллахка болгон сүйүү
Бардык нерсенин башаты Аллахка болгон сүйүүдөн башталат. Анткени ал- бардык сүйүүлөрдүн эң таза, эң тунук булагы. Ошол булактан жүрөгүбүзгө Аллахтын кең мээрими, тунук сүйүүсү агып келет. Адамдарга болгон мамиле ошол аруу сүйүүнүн берекеси менен бекем болот.
Аллахка болгон сүйүүбүз- бул биздин ыйманыбыз. Ал өмүр-жашообуздун көркүн чыгарып, ажарын ачкан баа жеткис байлыгыбыз. Ал бизди Аллахтын адал жолу менен түбөлүк бакытка жетелеп барчу чырагыбыз. Ал биздин демибизге дем, күчүбүзгө күч күч кошчу кайратыбыз. Ал бизди "адам" деген атка татыктуу жанга айланткан көөнөрбөс дөөлөтүбүз.
Жараткан Аллах Таала жандуу-жансыздын баарын эң бир аруу, эң бир улуу, эң бир тунук дал ушул сүйүү менен жараткан. Андыктан ар бир нерсени Жалгыз Жараткан Аллах үчүн сүйүп, ар бир кадамыбызды Аллах үчүн таштоого бар күчүбүз менен аракет кылышыбыз зарыл. Аллахка болгон сүйүүбүздү тилибиз менен да, дилибиз менен да билдирип, ар дайым Ага чексиз шүгүр келтирүү менен Анын чексиз сүйүүсүнө арзып, чексиз мээримине бөлөнүүгө жан үрөшүбүз керек. Ошондо гана арам жолдон алыстап, шайтандын түркүн түстүү азгырыктарынан оолак болобуз. Ошондо гана өмүрүн адал жолдо өткөргөн Аллахтын сүйүктүү пенделери сыяктуу азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын куттуу сүннөт жолу менен жуурулуша жашап, түбөлүк бакыттын камын көргөн болобуз.
УММАТИ МУХАММАД тайпасы. https://ok.ru/ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев