Кубанычты кайгыга айландырба!
Сүйүнүү жана кубануу да Аллахтын пендесине бер-
ген жакшылыктарынын бири. Кураанда минтип айтылган: «Качан адамдарга бир ырайым таттырсак, ошондо алар ага абдан кубанат. А эгер өздөрү колдору менен жасагандарынын жазасы (кайгысы) келсе, алар (Аллахтан) үмүт үзүшөт».
(Рум: 36).
Адамдар кубанычты ар кандай кабыл алышат. Кубаныч-
ка бөлөнгөндө Аллахка такбир, мактоо айткандар, Аллахка шүгүр кылып сажда кылгандар бар. Аллахтын бергенине
ыраазы болуп, жакшы сөздөрдү сүйлөгөндөр бар. Булардын баары кандай жакшы, кандай мактанаарлык амалдар. Кээде булардын тескерисин да көрөсүң. Үнүн бийик көтөрүп,
көчөлөрдү айланып кыйкырып, үналгылардын үнүн бийик көтөрүп айлананын тынчын алган жаштар да жок эмес.
Анан да ар түрдүү жардыргычтар менен көчөнү тарсылдатып ойногондорго эмне дейсиң? А болор-болбос кубанычты шылтоолоп арак ичкендерди кантип түшүнөбүз? Булар ушул
кубануунун артында кандай оор кайгы бар экенин билишпесе керек.
Адамдарга кубаныч келгенде бири-бирине шериктеш болгону кандай жакшы. Аллахка шүгүр кылып, сажда кылган абалда:
– “Жакшылыктарга толгон нээматтарды берген Затка мактоолор болсун” – деп айтабыз.
Дубалдардагы жазуулар.
Мусулмандарга тиешеси болбогон жаман кылыктардын бири, дубалдарга эстелик калтыруу. Кээде үйлөрдүн дубалдарына, бактардын тосмолоруна жазылып калган жазууларды көрөбүз. Алар дубалдарды булгаганы аз келгенсип, адепсиз сөздөр менен жазылганы өкүндүрбөй койбойт. Бул жазуучуларга өз сезимдерин билдирүү үчүн башка орун табылбай калганбы деп да ойлойсуң. Же аларга гезит-журналдар аздык кылабы? Мындан да жаманы алардын калтырган “эстеликтери” ушунчалык чоң тамгалар менен жазылган, аны
көрмөксөн болуп коюу мүмкүн эмес. Баарынан өкүнүчтүсү ушунун баарын ата-энеси мусулман балдар жасап жаткандыгында.Бир акылман айтат: “Оң жагыңа да сол жагыңа да сызба, аны кыямат күнү Амал дептериңден көрөсүң”.Дубал бетин кооздогон бир туугандарыбызга тооба
кылуунун жолдорун айтабыз. Аракет кылуучуларга тооба
эшиктери ачык. Аллах пендесинин тообасын кабыл кылат,жаман сөздөрдү жакшы сөздөргө алмаштырып жазууңа
мүмкүнчүлүк берет. Сен адамдарга пайда берүүчү гана иштерди жаса. Анын пайдасын эки дүйнөдө көрөсүң.Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар ﷺ :
«Жакшы жолду көрсөтүүчү адам, ал жакшылыкты жасоочулар алган соопту алат жана алардын сооптору кемип
калбайт. Жаман жолду көрсөткөн адам, ал жамандыкты жасаган адамдар алган жазаны алат жана алардын жазалары кемип калбайт”деп айткан.
Зыярат кылуу адептери.
Зыяратта:
→ Оорулуу сенин зыяратыңа кубанат.
→ Зыяратты ыңгайлуу убакытка белгиле.
→ Зыяратка бараардан мурда жетиштүү убакыт бөл.
→ Конок тосуп алууга жана аларды сыйлоого даярдан.
→ Зыярат учурунда көзүңдү сакта.
→ Зыярат адамдар менен болгон мамилени бекем-
дейт.
Адамдардын арасындагы өз ара сүйүү жакшы иш. Ислам дини адамдардын жакшы мамиледе болуусуна өзгөчө көңүл бурат.Пайгамбар (ﷺ) Аллах тарабынан айтылган хадисул кудсийде минтип айткан:
«Менин эң сүйүктүү пенделерим, зыярат кылган жана
зыярат кылынган адамдар. Аллах үчүн сүйгөн жана сүйүүгө
ээ болгон адамдарга, эч кандай көлөкө жок күндө нурдан болгон минбар жана Арштын көлөкөсүн убада кылам».Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар ﷺайткан:
«Аллах жолунда оорулууну зыярат кылган адамга,
жакшы жолго бардың жана бейиштен үй алдың – деп айтылынат». (Тирмизий).
Эсиңде болсун:
• Зыяратты Аллахтын ыраазычылыгы үчүн гана аткар.
• Зыярат кылынуучу адамдын убактысын эске ал жана зыяратка баруучу убакытты туура танда.
• Убада кылынган убакыттан кечикпей бар. Эгер кечигип калсаң кечирим суроону унутпа.
• Эшикти какканда жана коңгуроону басканда Пай-
гамбар (ﷺ) үйрөткөн адептерди сакта.
• Сооп алуу жана Пайгамбардын (ﷺ) сүннөтүн тирилтүү үчүн Ислам саламы менен саламдаш.
• Бут кийимиңди чечип, өз ордуна кой.
• Үй ээси көргөзгөн орунга отур.
• Сунулган тамакты же суусундукту жакшы кабыл ал.
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (ﷺ) “Чакырган жерге баргыла жана оозуңар ачык болсо тамактангыла” – деп айткан. (Абу Дауд).
• Yй ичине көз жүгүртүп, текшербегин.
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар ﷺ айткан:
«Өзүңөрдөн төмөнгө карагыла, өзүңөрдөн жогоруга карабагыла». (Муслим).
• Орундун тардыгына же жарыктын күчсүздүгүнө жана бөлмөнүн жылуулугуна нааразылык көрсөтпө.
• Үйдүн ээсинен буюмдарын суроодон жана ага жакпаган суроолорду берүүдөн өзүңдү тый.
• Эгер балдарың менен барсаң, аларды жакшылап көзөмөлдө.
• Эгер кайсы бир буюмду бузуп койсо, кечирим суроого шашыл жана аны оңдоп бер же ордуна алып келип бер.
• Эгер сени коноктогон адамдын үйүндө туура эмес адептерге көзүң түшсө, ага жакшы ыкма менен, кичи пейилдүүлүк менен насаатыңды айт.
• Зыяратты көп узартпай, мүмкүнчүлүккө жараша зарыл болгон убакта аткар.
• Зыярат убактысында гыйбат жана башкалардын айыптарын айтуудан алыс бол. Аллах Таала айтат: «Кайыр-са-
дака кылуу, же жакшылык иштерди жасоо, же адамдарды элдештирүү жөнүндө сүйлөшүп жаткандардан башка алардын арасындагы жашыруун сүйлөшүүлөрдө жакшылык жок.Ал эми, ким бул иштерди Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн аткарса, ага Биз чоң сыйлык тартуулайбыз». (Ниса:
114).
• Аллахты жана Анын элчисини эскерип сүйлөшүүнү унутпа. Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбары-
быз (ﷺ) айткан: «Кайсы бир коом чогулуп отуруп Аллахты эскербесе,
алардын отуруусу өлүк эшекке окшош болуп, зыянга учурайт». (Абу Дауд).
• Отурган жерден туруп жөнөгөндө бул дубаны айтууну унутпа. Субхаанака Аллоохумма ва бихамдика ашхаду ал лаа илааха илла анта астагфирука ва атуубу илайка.
Мааниси: Аллахым Сен баардык кемчиликтерден тазасың,Сага мактоо болсун. Сенден башка кудай жок деп күбөлүк
беремин. Сенден кечирим сурап, Сага тооба кыламын”. Ким бул дубаны айтса, анын ошол жерде кетирген кемчиликтери кечирилет.
Унутпа:
• Оорулууну зыярат кылууга туура убакытты танда.
• Үнүңдү катуу чыгарба.
• Зыярат убактысын кыска кыл.
• Аллахтын, кулдарына берген нээматын эскерт.
• Оорулуунун муктаждыгын аткар.
• Абалына жараша белек бер.
• Зыяраттын пайдасын сез.
• Ооруп жаткан адамга Пайгамбар (ﷺ) үйрөткөн
дубаны жети жолу оку. “Асалул-Лооха Робил-аршил азиим ай яшфияка». Же кыргызча манисин айт: «Арштын ээси болгон Улуу Аллахтан сага шыпаа берүүсүн сурайм».
• Орулуудан сага дуба кылуусун суран. Анткени, ооруп жаткан адам Аллахка жакын болот жана анын дубасы кабыл
болот.Зыярат кылуучу бир тууганым! Эгер сен зыярат учурунда мен көргөн кээ бир көрүнүштөрдү көрсөң, сөзүмдү көбөйтүп сени тажатпайт элем. Сени менен бул маселелерге
токтолуума, адамдардын зыярат кылууда сооп ордуна күнөө алып калуулары түрткү болду. Ошол үчүн жогорудагы осуяттарга жакшылап көңүл буруп, аларды аткарып жүрүүңдү үмүт кыламын. Булардын сага да, бизге да пайдалуу болуу-сун Аллах Тааладан тилейм.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев