🌺
🍃БЕЙИШ 🍃
Бейиш казыналары:
Хадистерде айтылган казыналар да бейиштеги кереметтүү байлыкка басым жасайт. Бул байлыкты ойлогондо, мунун өтө кудуреттүү, мүлкү чексиз Аллахтын жараткан нерсеси экенин, Раббибиздин кулдарынын каалаганына бул нематтарды берээрин унутпаш керек. Пайгамбар Мырзабыз (ﷺ) бул чындыкты төмөнкү сөздөрү менен эске салган:
Сага алтындан, бейиш казыналарынан бир сөздү айтайынбы? Мындай дейсиң: «Ла хавла вала куввата Илла Биллах» (Аллахтан башка тосо турган да, кыла турган да бир күч-кубат жок.) Ошондо Аллах айтат: «Кулум моюн сунду жана саламаттык тапты.»
Дүйнөдөгү байлык адамдын колундагы бүт нерселер сыяктуу убактылуу жана бир күнү түгөнөт. Бир адам канчалык бай болбосун, ал байлыгы бир канча он жыл менен чектелет. Мындан көбүрөөгүнө баарынан мурда адамдын өз өмүрү жетпейт. Ушул себептен ыймансыз кишилердин дүйнөдө эң негизги максаттарынын бирин түзгөн, алардын ач көз болушуна себеп болгон байлык эңсөөсү өтө кыска убакытка созулат. Инжилде да дүйнө байлыгынын убактылуу экени, туруктуу нерсенин болсо бейиштеги казыналар экендиги жана ушул себептен ыймандуулардын акырет үчүн аракет кылышы керектиги жазылган:
Жер жүзүндө өзүңөргө казыналар чогултпагыла. Бул жерде күбө (моль) менен дат аларды жеп түгөтөт, уурулар да кирип уурдап кетишет. Анын ордуна өзүңөргө асманда казыналар чогулткула. Ал жерде күбө менен дат да аларды жеп түгөтпөйт, уурулар да кирип уурдашпайт. Казынаңар каякта болсо, жүрөгүңөр да ошол жакта болот.
Ошондой эле, канчалык көп байлык болсо да, керек болгондо аны баа менен өлчөп, жыйындысын сан менен көрсөтүүгө болот. Бейиш нематтары болсо баа бычылгыс сулуулук менен сыпаттарда болот. Жана Аллах ыраазы болгон кулдарына эсепсиз тартууланат. Аллах Куранда «Күмөнсүз, бул Биздин ырыскыбыз, эч түгөнбөйт.» (Сад Сүрөсү, 54) аяты менен бейиш нематтарынын ушул өзгөчөлүгүн кабар берген. Башка бир аятта болсо Аллах «Токтоп-түгөнбөгөн жана тыюу салынбаган (мөмөлөр).» (Вакыа Сүрөсү, 33) деп бейиштеги тамактардын да ушундай өзгөчөлүктө болоорун кабар берет. Аллах билдиргендей, бейиш нематтарында түгөнүү, азайуу, жоголуу деген нерсе болбойт. Ал нематтар бейиш калкына тынымсыз берилет. Бейиш казыналары, албетте, Аллах ыймандуу кулдарына бейиште тартуулай турган нематтардан. Бүт мүлктүн ээси Аллах бейиш үчүн тандаган кулдарына ал казыналарды эсепсиз, түбөлүк берет.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев