7-күн
"АЛЛАХТЫН ЫРАЙЫМЫ"
Аят: Ал- Аллах. Андан башка кудай жок. Ал жашыруун жана ачык-айкын нерселердин баарын билет. Ал- Мээримдүү, Ырайымдуу. Ал-Аллах. Андан башка кудай жок. Ал- Падыша, Ыйык, тынчтык ээси, амандык ыроолоочу, Көзөмөлдөөчү, үстөмдү кылуучу, Каардуу жана Улуу. (Аллах Таала бутпарастар) шерик кошкон нерселерден таза. Ал- Аллах жаратуучу, түзүүчү, келбет берүүчү. Ал эң көркөм чсымдардын ээси. Аны асман-жердегилердин баары аруулап, даңазалайт. Ал- Үстөдү кылуучу, Даанышман (Хашр: 22,24)
Хадис: Аллах Тааланын токсон тогуз ысымы бар. Кимде-ким ал ысымдарды жаттап (маанисин түшүнүп, ошого жараша адал жолдо таза жашаса) бейишке кирет. Шек-күмөнсүз, Аллаз-жалгыз! Ал жалгыздыкты (б.а. Өзүнө тигил же бул адамдын же нерсенин ар тараптан теңелбешин, шерик кошулбашын) жакшы көрөт! (Бухари, Даават:68)
Маселе: Жараткандын улуу ысымы
"Аллах"- деген сөз өзгөчө ысым болуп, бүткүл ааламдын жаратуучусу, асман-жердегинин баарын көзөмөлдөп туруучу Чексиз Кудуреттүү Жаратканга таандык. Бул ысым эч нерсеге окшобогон, эч нерсеге муктаж болбогон жана эч бир кемчиликсиз Жараткан Аллазтан башка эч кимге ыйгарылбай турган ысым. Кээде "Аллах" ысымынын ордуна "Теңир, Эге"- деген сөздөр колдонулуп келет. "Теңир"- деген сөз араб тилиндеги "илах" (кудай)- деген сөзгө туура келет. "Илах"- бул сыйынылган, кулчулук кылынган нерсе- дегенди түшүндүрөт. Ырас, Аллах Таала бүтүндөй жандуу-жансыздын Кудайы. Бирок, "Теңир" сөзү "Аллах"- деген ысымды толук камтый албайт. Анткени, ал болгону кудайлык маанисин гана туюндурат. Биз "Лаа илааха иллаллаах" б.а. , "жалгыз Аллах Тааладан башка кудай жок"- деп айтуу менен Аллахтын жападан жалгыз Кудай болгондугуна басым жасайбыз. Бул жерде жакшылап көңүл бурсак, "Аллахтан башка кудай жок" дегенде биз "Аллах" ысымын да, ощол эле учурда "илаах"(кудай) деген сөздү да колдонуу менен Аллахтын теңдешсиз Кудай болгондугун айтып жатабыз. Мына ушундай өзгөчө ысымдын ээси болгон улуу Жараткан Аллах биздин жападан жалгыз Кудайыбыз жана Андан башка эч бир кудай жок.
УММАТИ МУХАММАД тайпасы. https://ok.ru/ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев