Адамдарды урматтоо адептери.
→ Элдер мага муктаж, мен аларга муктажмын.
→ Жакшы кесип урмат сыйга татыктуу.
→ Ар бир адамдын өзүнө жараша урмат сыйы бар.
→ Адамдар такыбалыгы менен айырмаланып турушат.
Адамдардын баарын алардын жашына,иштеген ордуна карабай сыйлайбыз. Кедейлерди жек көрбөйбүз жана алар-
дын аброюна, кесибине, билимине карабастан сыйлайбыз.Исламда адамдар такыбалыгында жана жакшы амалдар-
ды жасоодо гана айырмаланышат. Бирок, азыркы убакта бул нерселерди жаштарыбыз жакшы билишпейт. Мугалимин, аалымдарын сыйлашпайт, алардын кадыр баркын билишпейт. Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар ﷺ:“Мусулман мусулмандын бир тууганы. (Бир тууганына) чыккынчылык кылбайт жана ага жалган айтпайт” деген. Пайгамбарбыздын (ﷺ) төмөнкү осуятын да эсибизден чыгарбайлы:
“Жашы улууларды урматтабагандар, кичүүлөрдү сыйлабагандар, аалымдарды кадырлабагандар бизден эмес”.(Тирмизий).
Кесиптештерди сыйлайлы.
Ар бир адамга өзүнө ылайыктуу кесиптин болуусу, бул Аллахтын пендесине болгон нээматтарынын бири. Ошондуктан, ал кесип менен эмгектенип, ошол себептүү Аллахка
ибаадат да кылат.Ар бир адамдын өзүнө ылайыктуу болгон кесип менен алактенүүсү ал үчүн пайдалуу болот. Ар бир эмгек ээси коомду жана экономиканы өнүктүрүүгө салым кошооруна шек
жок. Коом дарыгерге муктаж болгондой эле, дарыгер да санитарга муктаж, ар бири кесип ээсинин коомдо өз орду бар.Демек, ар бир кесиптин ээсин урматтап, сыйлоо маанилүү.Ошондой эле, келечекте коомду түзүүчү балдарды жакшы
кулк-мүнөзгө тарбиялоо зарыл.Коомдо өзүңдү куруучуларсыз элестете аласыңбы?Ар бир адистин кесиби маанилүү экендигине жана ал
адиске муктаж экенибизге күмөн жок. Эгер кайсы бир кесиптин ээлерине жаман мамиле жасалса, алар ал кесибин таштап коюусу мүмкүн же таптакыр эле ал жерден кетип калуусу да мүмкүн. Бул ошол коом үчүн чоң жоготуу болот.Анткени, бул кесиптер ошол кесипке ылайыктуу адистердин болуусу менен калыбына келет. Ошондуктан, динибизде
адамдарга материалдык абалына карап мамиле кылуу туура эмес болуп эсептелет.
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (ﷺ) айткан: “Мусулман мусулмандын бир тууганы. (Бир тууганына) чыккынчылык кылбайт, калп айтпайт, жардамсыз калтырбайт.Мусулмандын аброю, мал-мүлкү, каны арам болот.Такыбалык жүрөктө. Мусулманга бир тууганын жек көрүү
жамандык болуп эсептелет” .
Бакчалар, көчөлөр жана жолдор.
Бак-дарактар Аллахтын адам баласына берген улуу нээматы. Инсан ошол кооздуктарды кароо менен чарчаган нафсисин эс алдырат. Ар түрдүү гүлдөр жана өсүмдүктөр
абанын тазалыгын сактап, айланага көрк берип турат.Бул нээматтарды кээде оңой эле бузуп алабыз: балдарды
көзөмөлсүз калтырып коёбуз, алар гүлдөрдү үзүшүп, бакдарактарга зыян келтиришет. Кээде өзүбүз баш болуп таш-
тандыларды өз ордуна таштабай бак ичин булгайбыз. Анан аны тазалоочу жумушчуларга шылтап коёбуз. Сахабалар
айткан экен:
“Жакшыны ошол абалында сактоо жакшылык болуп эсептелет”. Адам баласы жаратылышка болгон жаман мамилесин өзгөртпөстөн жашоосун уланта берсе, бир күнү
кооз бактардан ажырап куру кол калуусу толук мүмкүн.Ошол бактарда көптөгөн адамдардын ырахаттанбай калуусуна себеп болот. Мусулман кайсы жерде болбосун пайда жеткирүүчү иштерди аткаруусу керек. Бактарда, көчөлөрдө,
көзөмөлдөөчү жайларда ырахаттануу менен жашоо үчүн жеке адам, коом, өкмөттүк мекемелер аларды сактоочу каражаттар менен камсыздандырып, “Тазалык ыймандан” деп
эскертип туруусу керек.
Анас риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (ﷺ)айткан: “Өзүнө жакшы көргөн нерсесин башка мусулман бир тууганына жакшы көрмөйүнчө эч кимдин ыйманы толук
болбойт”. (Бухарий,Муслим).
Жогорудагы айтылгандарга байланыштуу болгон
төмөнкү хадистерди окуп, аларга амал кыл.
Абу Хурайра риваят кылган хадисте,Пайгамбар (ﷺ) : “ Эки түрдүү каргышка калуучу амалдан сактангыла” деди. Сахабалар: “Алар кайсы амалдар” – деп сурашты.
“Адамдардын жолдоруна жана эс алуучу жайларына даарат ушатуу” – деп жооп берди Пайгамбар ﷺ .Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар ﷺ
айткан: «Ыймандын жетимиштен ашуун бутагы бар. Анын эң жакшысы “Лаа илааха илла-Лооху” деп айтуу, эң төмөнү
жолдогу зыяндуу нерсени алып салуу. Уяттуулук да ыймандын бир бутагы». (Бухарий, Муслим).
Абу Хурайра риваят кылган хадисте,Пайгамбар (ﷺ)
– “Жолдогу адамдарга зыяны тийип жаткан бутакты алып салганы үчүн бейишке кирген адамды көрдүм” – деп
айткан. (Муслим).
Абу Саьид Алхудрий риваят кылган хадисте, Пайгамбар ﷺ: «Жол боюнда отуруудан сактангыла» – деди.
“Оо, Аллахтын элчиси. Эгерде бизге зарыл болуп кал-
сачы” – деп сурашты сахабалар. Пайгамбар (ﷺ): «Эгер зарыл болсо, анда жолдун акысын берип отургула» – деди.
“Жолдун акысы эмне” – дешти алар. «Көздү арам нерселерди кароодон сактоо, зыяндуу
нерселерди алып салуу, саламга жооп берүү, жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтаруу» – деп жооп берди Пайгамбар ﷺ (Бухарий, Муслим).
Унааларда жана жолдо жүргөндөргө укмуштуудай зыян берген жаштарды көрөбүз. Аларга үңүлүп да карагың келбейт. Аларга тарбия берүүчү ата-энелери жокпу деп
ойлойсуң кээде. Динибиздин баалуулугун, эсибизден чыгарып койдукпу? Жер бетинде Ислам шариятынан өткөн туура жол барбы? Эй, батышты туураган бир туугандарым,акылыңарга келгиле! Биз Улуу, Жаратуучуга баш ийген мусулман эмес белек?
Абу Зарр риваят кылган хадисте, Аллахтын элчиси (ﷺ) айткан: “Мага үммөтүмдүн жакшы жана жаман амалдары
көрсөтүлдү. Алардын жакшы амалдарынан: жолдон зыян берген нерсени алып салуусун көрдүм. Ал эми, жаман амалдарынан: мечитте көмүлбөгөн какырыгын көрдүм». (Муслим).
Адамдарга зыян берип, ырахатын бузуп тамеки чеккендерге эмне дейсиң?
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев