Тобокел кылуу жөнүндө.
Илим алууда илим алуучунун тобокел кылуусу милдет. Ырыскысы үчүн кам жеп жүрөгү ырыскы менен алек болбосун. Абу Ханифа (Алла аны рахмат кылсын) Абдилла ибн Хасан Аз-забидийден (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылды:
قال عليه الصاة والسلم: "من تفقه في دين الله كفاه الله تعالى همه ورزقه من حيث ا يحتسب".
Пайгамбар алайхис салам айтты: "Кимде-ким Алла ыраазылыгы үчүн Алланын дининде аалым болсо Алла аны максатына жеткирет жана ойлобогон жерден ырыскы берет".
Чындыгында кимдин жүрөгү ырыскы түйшүгү (тамак аш, кийим) менен алек болсо, жакшы мүнөзгө, көнүгүүгө жана жакшы жумуштарды үйрөнүүгө ал азыраак бошойт. Бир киши Мансурул Халлаж деген аалымга мага насаат кылыңыз деп айтты. Мансур "насаат сенин нафсиң" деп жооп берди (нафсиңди оңдоо бул насаат). Нафсиң сени жаман амалдар менен алек кылат. Ар бир инсан жаман амалдарга кириптер болбос үчүн нафсисин жакшы амалдар менен алек кылуусу
милдет.Акылдуу инсан дүйнө жумуштарына кам санабайт, анткени дүйнө үчүн кам саноо, кайгыруу, мусийбатты (кейиштүү ишти) тосуп, пайда да бербейт, тескерисинче жүрөккө, акылга, денеге зыян берет. Жакшы амалдарга залакасын тийгизет. Акырет үчүн кам саноо пайдалуу.
Пайгамбар алайхис салам айткан: "Чындыгында күнөөлөр тообосуз кечирилбейт, бирок жашоо үчүн кам санаган күнөө тообосуз кечирилет". Жогорку хадистен максат, күнүмдүк же муктаждык көлөмүнчө дүнүйө үчүн кам саноонун жакшы амалдарга зыяны тийбейт. Жүрөктү алек кылып, намазда намаз амалдарын пикир кылуудан тоспойт. Турмуш өткөрүү үчүн башкаларга муктаж болбогондой өлчөмдөгү дүнүйөгө кам саноо бул акырет иши болуп саналат. Мүмкүнчүлүк болушунча адамдар менен дүйнөлүк мамилени азайтсын. Ошондуктан аалымдар карыптыкты ыктыяр кылышты. Илим алуучу илим сапарында Муса алайхис салам көтөргөндөй кыйынчылыкты, машакатты көтөрүүсү милдет. Муса алайхис саламдан башка сапарларда илим сапарында кыйналгандай кыйналган жокмун деп айтылган.Илим сапары татаал. Себеби илим деген кыйын, чоң жумуш. Кээ бир аалымдардын оюнда согуштан да кыйыныраак. Машакаттын көлөмүнчө сооп табат. Ким ошол машакатка сабыр кылса, дүйнө таттуулугунан да артыгыраак лаззатты табат. Ошондуктан Мухаммад ибн Хасан (Алла аны рахмат кылсын)түн ичинде уктабаган мезгилинде бардык кыйынчылыгы
чечилген. "Мындай таттуулукту таткан падышалардын балдары
барбы?!" деп айткан экен. Илим алуучунун илимден жүз кайтарып, башка жумуш менен кармалбасы да зарыл. Мухаммад
ибн Хасан (Алла аны рахмат кылсын) "Биздин бул жумушубуз
бешиктен өлгөнгө чейин, ким бул илимди бир аз убак таштоону
кааласа ал көпкө таштасын" (Мындан максат илимди таштаса
түбөлүк калып калат) деп каргаган. Абу Юсуф (Алла аны рахмат кылсын) өлүм төшөгүндө жатып жаны чыгууга жакын калганда,
андан кабар алганы Ибрахим ибн Жаррах кирди. Абу Юсуф
(Алла аны рахмат кылсын) Ибрахимден ажылыкта минген абалда
таш атуу артыкпы же жөө абалда таш атуу артыкпы? деп сураганда ал жооп бере албады. Өзү жообун айтты. Абу Юсуф
сыяктуу бардык убакта илим менен алек болсо илимден чоң таттуулук татат. (Ал өлүм алдында да илим менен алектенди).
Имам Мухаммад (Алла аны рахмат кылсын) кайтыш болгондон
кийин бир киши түшүндө андан жан берген мезгилде кандай
абалда болдуңуз " деп сураса, "Мукатаб (кожоюн менен азаттык үчүн келишим түзгөн кул) маселеси менен алек болуп жатып жанымдын чыкканын сезбептирмин". Ал өмүрүнүн акырында
"мени мукатаб маселеси ушул күнгө (өлүмгө) даярдануудан кармап койду" деп айткан экен. Кичи пейилдигинен ушундай деп
жооп берген.
Илим алуу убагы жөнүндө
Илим алуу убактысы бешиктен кабырга чейин деп айтылат. Илим алуу убагынын эң артыгы жаш убак жана таңкы мезгил жана шам намазы менен куптан намазынын ортосу. Хасан ибн Зияд (Алла аны рахмат кылсын) сексен жашка келгенде сабак баштаган. Кырк жыл төшөккө жатпай илим алды. андан соң кырк жыл фатва берди. Жүз алтымыш жашында кайтыш болду. Мындан максат, жаш курагына карабай илим алуу зарыл. Илим алуу өмүр бою милдет. Эгерде бир илимден чарчаса, башкасын баштасын. Ибн Аббас (Алла андан ыраазы болсун)
калам (сүйлөм ) илиминен чарчаса, ыр жазылган барактарды алып келгиле деп айтчу. Мухаммад ибн Хасан (Алла аны рахмат
кылсын) түн ичинде уктабастан, алдына китептерди коюп,
илимдин бир түпүнөн чарчаса башка түрүн окуйт эле. Уйкусу келген мезгилде алдына суу коюп алып суу менен уйкусун ачкан.
Күйүмдүүлүк жана насыят жөнүндө
Илим ээси сараң болбой күйүмдүү, насаатчы болуусу зарыл. Көрө албастыктын зыяндан башка пайдасы жок. Устазыбыз Шайхул Ислам Бурханиддин (Алла аны рахмат кылсын) минтип айтчы эле: "Мугалимдин баласы аалым болгоннунун себеби, ал шакиртинин аалым болуусун каалап, ишенип күйгөнүнүн берекесинен баласы аалым болот". Икая кылынат: Садирил Ажал Бурханил Аимма (Алла аны рахмат кылсын) уулдары Садири Шахид Хисамидин менен Садири Сайид Тажиддинге (Алла ал экөөнү рахмат кылсын) сабакты бардык сабактардан кийин, чак түштө берчү. Ал экөө, бул убакта табиятыбыз сабакты каалабай чарчап калат, деп айтышчу экен. Атасы: "Карыптардын, улуулардын балдары алыстан келишет, аларга биринчи сабак берүү зарыл", деп айткан. Ошентип, башкаларга күйүмдүү боорукер болгондугунун себебинен эки уулу ошол замандын алдыңкы аалымдарынан болушту.
Илим жолундагы киши башкалар менен талашып-тартышпаганы жакшы, себеби (тартышуу) убакытты текке
кетирет.
Жакшы киши жакшылыгы менен жазаланат. Жаман киши жамандыгынан кармалат. Шайхул Имам Рукнул Ислам Мухаммад
ибн Абу Бакр Маруф Имам Хавахарзада Муфти (Алла аны рахмат кылсын) минтип ырдап берди:
Мүнөзү деп жазалаба адамды
Жетиштүү го өзү кылган жаманы
Кимде-ким душманым жеңилсин десе төмөнкүнү
кайталасын:
Салгың келсе душманыңды кайгыга
Өкүнүчтүн күйүттөрдүн айлына
Илим арттыр бийиктикти максат кыл
Артса илимиң артат жоого кайгы да
Алек болбо душманыңды кордоо менен
Алек болгун нафисиңди оңдоо менен
Турсаң эгер нафисиңди оңдоого сен
Мына ошол душманыңды кордоо деген
Илим алуучу башкаларга душман болуудан сактансын, себеби душмандык илим алуучуну уят кылат жана илим алууга убакыт таппай калат. Негизинен акмактардын жапасын (зулумун)сабыр кылып көтөрсүн. Иса алейхис салам: "Акылсыз
акмактардын бирөөсүнүн капа кылганын көтөрүү алардын онунун жамандыгынан кутулуу" деп айткан. Бул негизде кээ
бирлерине ырдадым:
بلوت الناس قرنا بعد قرن فلم أَر غير ختال وق الى
ولم أَر في الخطوب أشد وقعا وأصعب من معاداة الرجال
وذقت مرارة اأشياء طراً فما شيء أمر من السؤال
Адамдарды көп сынадым көрбөдүм
Жек көрүүчү, алдамчыдан бөлөгүн
Жана алардын жаңжалынан татаал да
Таасирдүүрөк ишти таппай келемин
Баардык ачуу даамдарды татканмын
Тиленүүдөн ачуураагын таппадым.
Момундарга жаман күмөн саноодон сактангын, себеби жаман күмөн бул арамдыгы үчүн душмандыкты алып келет. Пайгамбар алайхис салам айтты:"Момундарга жакшы ойдо болгула". Жаман күмөн ниеттин жана ички сырдын жамандыгынан келип чыгат. Абу Тыйб төмөндө айткандай:
مهوت نم هداتعي ام قدصو هنونظ تءاس ِءرملا لعف ءاس اذإ
ملظم كشلا نم ليل يف حبصأو هتادع لوقب هيبحم ىداعو
Мүнөзү жаман адамдын ою жаман
Ишке ашат ойлору адат кылган
Досу да жоо болот жоосунун сөзү менен
Таң атырат көз жумбай шектенүүдөн
Кээ бирлерине да ырдалды:
Жамандыкты биротоло таштагын
Жакшылыкты көбөйтүүнү баштагын
Жоо жабыры өз башына жетиштүү
Жооп бербе тиксе дагы кастарын.
Шейх Хамид Аби Фатх Албусти (Алла аны рахмат кылсын) үчүн ырдалдым:
Акылдууну тынч койбойт наадан адам
Кемсинтүү, кордоолордон, жапаалардан
Тандоо шарт согушуна жарашууну
Унчукпоосу үнүнө акылдуу жан.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев