2-күн
"АЛЛАХКА АШЫКТЫК"
Аят: Айрым адамдар Аллахтан башка (адамы же нерсени) Аллахка теңеп, аны Аллахты сүйгөндөй сүйөт. Ыймандуулардын Аллахка болгон сүйүүсү өтө бекем. Залимдер азапты көргөн кезде гана бүткүл күч Аллахка таандык экенин жана чындыгында Аллахтын азабы оор экенин көрүшөт. Атаганат, алар муну мурда эле билишсечи (Бакара:165).
Хадис: Ким Аллахка болгон сүйүүсүн башка сүйүүлөрүнөн артык көрсө, анда Аллах Таала адамдардын ар кандай машакаттарына карата ага кепил болот (Рамузул-Ахадис).
Окуя: Ал-Аллах!
Сырры Сакати күндөрдүн биринде Аллахтын сүйүктүү бир пендесине зыяратка барат. Олуя айылында жок болуп чыгат. Таанагандаржан сураштырса, анын тоого кеткенин айтышат. Сырры Сакати дароо тоону көздөй бет алат. Тоого барса, бир адам Аллахты даңктап зикир чалып олтурган болот.Ага жакын келип: "Ассаламу алейкум!"- деп салам берет. Олуя Сырры Сакатинин саламын алып учурашат. Андан соң Сырры Сакати менен олуянын ортосунда төмөнкү суроо-жооп ирээтиндеги маек башталат:
-Сен кимсиң?
-Ал-Аллах!
-Эмне менен алексиң?
-Ал-Аллах!
-Эмне жейсиң?
-Ал-Аллах!
-Эмне ичесиң?
-Ал-Аллах!
Анда Сырры Сакати:
-Күн-түн дебей, ушинтип Аллахты даңктап, эикир чаласыңбы?- деп сурайт.Олуя "АЛЛАХ"- деген ысымды угаар замат ошол жерден бакырып, жан берет.
УММАТИ МУХАММАД тайпасы. https://ok.ru/ummatimuhammadkg


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев