🌺
23- Х А Д И С ЖАКШЫЛЫККА ШАШЫЛУУ
Абу Маалик ал- Хаарис ибн Асим ал- Ашаринин (А.Ы.Б.) айтымында: Алланын Элчиси айтты: «Тазалык бул – ыймандын жармысы (теңи). Алхамду лилллах (Аллага мактоолор болсун) таразаны толтурат. Субхааналлах (Алла ар кандай кемчиликтерден алыс, таза) жана Алхамду лиллах (Аллага мактоолор болсун) мына ушулар көк менен жердин ортосун толтурат. Намаз бул – Нур, садака бул- далил, сабырдуулук жаркыраган жарык, а Куран болсо сенин пайдаңа же сенин зыяныңа – далил. Ар ким ар күнү өз напсисин соодага салат, анан аны куткарып алат же аны өлтүрөт. (Муслимден).
📚КЫРК ХАДИС китебинен алынды.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев