ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Мазхаб, мужтахид, фикх
Бир мужтахид тарабынан чыгарылган өкүмдөрдүн жыйынтыгы “мазхаб” деп аталат. Ахли сүннөттүн жүздөгөн мазхабдарынын ичинде азыркы кезде төрт имамдын мазхабы гана китептерге толук жазылып, калгандары унутулуп кеткен. Мужтахид болбогондор бардык аракет жана
ибадаттарында ушул төрт мазхабдын бирин кармануусу керек. Демек,
Пайгамбарыбыздын ﷺ жолу Курани карим менен хадистер аркылуу, б.а.,
сүннөт менен мужтахиддердин ижтихады аркылуу билдирилген жол болуп саналат. Бул үч далилден башка ошондой эле “ижма-и уммат” деп
аталган төртүнчү далил да бар. Ал сахабалар менен табииндердин добуш
бирдиги (бир добуштан макулдугу), б.а., көргөн, уккан кезде эч биринин
каршылык көрсөтпөгөн, жокко чыгарбаган нерселери болуп эсептелет. Ислам дини бизге ушул төрт далил жолу менен жетип келген. Динибиздин бул төрт далили “адиллаи шария” (шарияттын далилдери)деп аталат. Ушул төрт нерсеге негизделбеген нерселер бидат, ыймансыздык жана динсиздик болот. Сопулук, б.а., тасаввуф улууларынын жүрөгүнө келүүчү илхам, кашифтер (жүрөккө аян болгон илим) Ислам өкүмдөрү үчүн далил боло албайт. Кашифтер менен илхамдын тууралыгы анын Исламга ылайык болушу жана болбошуна карап өлчөнөт. Тасаввуфтун, олуялыктын жогорку даражаларына чыккан олуялар да илимсиз болгон төмөндөгү мусулмандар сыяктуу бир мужтахиддин
жолунда болууга милдетүү. Баязид Бистами, Жунайди Багдади, Жалалиддин Руми жана Мухиддин Араби сыяктуу олуялар калган бардык
мусулмандардын катарында бир мазхабды кармануу аркылуу жогору
даражага көтөрүлүп, кемелге жетишкен. Ислам буйруктарына моюн
сунуу бир дарак тигүүгө окшойт. Олуяларда пайда болгон илим, марифат (Жаратканды тануу илими), тажаллилер (көрүнүүлөр) Аллахты
сүйүү жана Анын затына болгон махабат ошол дарактын мөмөлөрүнө
окшойт. Албетте, дарак тигүүдөн максат андан мөмө жемиш алуу.Бирок, жемиш алуу үчүн дарак тигүү - шарт. Б.а., ыйман жок болсо жана Исламдын буйруктары аткарылбаса сопулук менен олуялыкка
жетүү такыр мүмкүн эмес. Ибадатсыз, мазхаб өкүмдөрүнө моюн сунбай, харам-адалга көңүл бурбай бир гана зикир чалуу аркылуу жеттим
деп айткандар зындык (динден кайткан) жана динсиз болушат. Мындай адамдардан арстандан качкандай качып, алыс болуу керек. Арстан кармаган адамдын бир гана жанын алат. Ал эми жогоруда аталган
динсиздер болсо адамдын динин жана ыйманын уурдайт.
Рукнеддин Чашти “Маражул бахрейн” деп аталган китебинде
Ахмад Зарруктан накыл кылып мындай дейт: төрт мазхаб имамдарынын бири болгон Имам Малик бин Анас (рахметуллахи алейх) айтты:
“Фикхти үйрөнбөй, сопулук менен, тасаввуф менен алектенген адам динден чыгып “зындык” болот. Фикхти үйрөнүп, сопулуктан, тасаввуфтан кабары жок адам “бидатчы” болот. Экөөнө да ээ болгон адам акыйкатка жетет”. Фикхти туура үйрөнүп, тасаввуфтун (сопулуктун)
даамын сезген адам кемел адам болот. Тасаввуф өкүлдөрүнүн бардыгы кемелдик даражага жетүүдөн мурда бир фикх аалымынын мазхабын карманып, ошол мазхаб өкүмдөрүн орундап, такыбаа болушкан. Мисалы, белгилүү олуялардын бири болгон Жунайди Багдади Суфйан
Севринин мазхабында эле (бул мазхаб кийин унутулган). Абдулкадир Гейлани Ханбали мазхабында, Абу Бакр Шибли Малики мазхабында, Имами Раббани, Жарири, Ахмед Йассави Ханафи мазхабында, Харис Мухасиби болсо Шафии мазхабында эле (каддасаллаху
таала асрарахум).
Мужтахид
Сеййид Абдулхаким Арваси “Асхабы кирам” аттуу китебинде мындай дейт: “Ижтихад деп адамдын күчү жеткенче кыйланып, тер төгүп,
эмгектенүүсүн айтат. Б.а., Курани карим жана хадиси шарифтерде мааниси ачык айкын болбогон өкүмдөрдү жана маселелерди ачык жана толук түшүндүрүлгөн маселелер менен салыштыруу аркылуу, өкүм чыкарууга аракет кылуу “ижтихад” деп аталат. Бул ишти бир гана пайгамбарыбыз Мухаммед (алейхиссалам) жана аны бардык сахабалары менен мусул-
мандар ичинде ижтихад даражасына көтөрүлгөндөр гана аткара алат. Бул жогорку даражалуу аалымдар “мужтахид” деп аталат. Аллаху таала Курани каримдин бир канча жеринде ижтихад кылууну буюрат. Андай болсо, мааниси айкын билинбеген аяттар жана хадистердин ичиндеги диний өкүмдөр жана маселелерди жети өлчөп бир кескен жогорку таланты менен түшүнө алган улуу адамдар, б.а., мутлак мужтахиддердин ижтихид жасоолору фарз болуп эсептелет.
Мужтахид болуу үчүн араб тилине тийиштүү жогорку илимдерди билүү,Курани каримди жатка билүү, ар бир аяттын түрдүү маанилерин билүү жана
аяттардын келген убакыттары менен келүү себептерин, кандай түрдө экендигин, насихби же мансухбу, мукаййад же мутлакбы, кыраати саба, кыраати ашара (жети жана он түрдүү окуу ыкмасы) жана кыраати шазза менен (Курандын анча таанымал болбогон окуу түрү) кандайча окула тургандыгын билүү, Кутуби ситтадагы (атактуу алты Хадис жыйнагы) жана башка хадис китептериндеги жүз миңдеген хадисти жатка билүү жана ар бир хадистин качан, эмне үчүн айтылганын, маанилерин канчалык көлөмдүүлүгүн, кайсынысы кайсынысынан мурда же кийин айтылганын, ага тийиштүү окуялардын, кандай жагдай жана кандай окуянын үстүндө айтылгандыгын,кимдер тарабынан накыл жана риваят кылынгандыгын (жеткизилген, бил- дирилген), жеткизген адамдардын кандай адамдар экендигин, өмүр баяндарын, кулк-мүнөзүн билүү, фикх аалымдарынын адистиктерин жана эрежелерин билүү, он эки илимди жана Кураны карим менен хадиси шарифтердин ишараттарын, румуздарын (белгилерин), ачык жана каймана маанилерин
түшүнүү, ошол маанилердин рухуна бекем сиңген болуусу, күчтүү ыйман ээси болуу, итминанга (толугу менен тарбияланган, тазарган, ишенимге бөлөнгөн) толгон таза жүрөк менен ар-намыска ээ болуу керек.
Ошол өзгөчөлүктөрдүн бардыгы бир гана сахабаларда жана андан
кийинки эки жүз жыл ичинде чыккан кээ бир ахли сүннөт аалымдарын-
да бар эле. Кийин башкача көз караштар, ойлор пайда болуп, бидаттар
тарады. Мындай улуу адамдар азайып барып, төрт жүз жылдан кийин
жогоруда айтылган шарттарга жооп бере алуучу, ошолор сыяктуу мутлак мужтахид болуп таанылган эч ким чыккан жок”.
Хижраттан 400 жыл кийин мужтахиддерге муктаждык да сезилген
жок. Себеби, Аллаху таала жана Расулу Мухаммед пайгамбар (алейхиссалам) кыяматка чейинки жашоо салттарында жана техникада боло турган өзгөрүүлөрдүн баарын камтыган бүт өкүмдөрдү адамзатка билдирген. Мужтахиддер да алардын баарын түшүнүп,түшүндүрмө
жасашкан. Кийин келген аалымдар бул өкүмдөрдүн жана окуяларда кандайча колдоно тургандыгын тафсир жана фикх китептеринде жазышат. “Мужаддид” деп аталган мындай аалымдар кыяматка чейинболуп турат.
“Техникалык инструменттер өзгөрүүдө, жаңы кубулуштарга жолугуудабыз”, - деп аяттарга жана хадистерге өзгөртүүлөр киргизүү керек деп айтуучу кишилердин Ислам дининин душманы зындыктар экендиги
маалым болот.
Ислам өкүмдөрүн үйрөткөн илим “фикх” деп аталат. Фикх илимин билген аалымдар “факих” деп аталат. Фикх илими адамдардын кылууга тийиш жана сактанууга тийиш болгон нерселерди үйрөтөт.Фикх илими Курани каримден, хадиси шарифтерден, ижмаи уммат(үммөт аалымдарынын бир добуштан макулдугу) жана кыястан турат. Фикх илиминин ушул төрт негизи “адиллаи шария” деп аталат.Мужтахиддер ушул төрт негизден өкүм чыгарган кезде мазхабдарга бөлүнгөн. Сахабалар менен алардан кийинки кылымда келген мужтахиддер “салаф-ус-салихин” (салих,ишенич-түү кишилер) деп аталат.
Алардын бир добуштан айткан маселелери “ижма-и уммат” деп аталат. Курани каримден же хадиси шарифтерден же болбосо ижмаи умматтан салыштыруу жолу менен чыгарылган Ислам өкүмдөрү “кыяси фукаха” деп аталат.Бир иштин халал же харам экенин кыяс аркылуу билүү үчүн халал же харам экендиги ачык айкын белгилүү болгон башка иш менен салыштырылат. Ал үчүн ошол ишти харам же халал кылган себеп биринчи иште да болушу керек. Мужтахиддердин жалгыз төрт мазхабы гана китептерде толук жазылып, калгандары унутулган. Ошондуктан, азыркы кезде ахли сүннөттүн амалдагы төрт мазхабы бар: Ханафи, Малики, Шафии,
Ханбали мазхабдары.
Фикх илимин негиздеген, алгач калыпташтырган адам Имам Азам Абу Ханифа (рахметуллахи таала алейх).
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев