Аталар
Биз өз милдеттерин жакшы түшүнгөн,аялынын жана балдарынын кадыр-баркын жакшы билген көптөгөн аталар
жана күйөөлөр бар экенин көрүп-билип жүрөбүз. Бирок, кээ бирөөлөрдүн аялдарын үн чыгартпастан каардуулук менен башкарууну туура деп эсептешкени бизди аябай кайгыртат.Алардын оюу боюнча, аял кандай абал, кандай себеп, кай-
сы убакта болбосун күйөөсүнүн талабын тезинен аткаруусу керек. Башкаруу деген сөздүн маанисин туура түшүнүүчү эр жүрөктөрдүн кулагына шыбырап, аялдары жана балдары менен Пайгамбардын ﷺ өмүр баянына кайрылып, ал
жөнүндө ой жүгүртүүсүн сунуш кылабыз.
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар ﷺ айткан:
«Силердин ыйманыңардын толугураагы кулк-мүнөзү
жакшыңар. Ал эми, эң жакшыңар аялдарына жакшы мамиле кылганыңар». (Тирмизий).
Аял күйөөсүнүн жашоодогу шериги, кыйынчылыктагы
таянычы. Анын да өзүнө жараша сезимдери, каалоолору,муктаждыкта-ры бар. Ошондой эле анын иштерине күйөөсү
да жооптуу болот. Анан кантип ортолорундагы урмат-сыйды унутушат. Урматтуу күйөө болгон бир тууганым! Өзүңдүн
кулк-мүнөзүңө, андан кийин сүйүктүү Пайгамбардын ﷺ кулк-мүнөзүнө карап көрчү.
Аиша (р.а.) энебиз айтат:
– “Аллахтын элчиси ﷺ эч качан кызматчысына да аялына да кол көтөргөн эмес. Аллах жолунда согушка чыкканда гана
душманга кол көтөргөн. Эки ишти бири-биринен артык көргөн эмес. Бирок, жеңил жана оор иш болсо эгер күнөө иш болбосо жеңилин тандаган. Эгерде ал иште күнөө бар болсо
андан өтө алыс болгон. Өзү үчүн эч качан өч алган эмес. Бирок, Аллахтын мыйзамдарын бузуучудан Аллах ыраазылыгы
үчүн өч алган». (Имам Ахмад).
Сүйүктүү бир тууганым! Сүйүү ордуна жек көрүүнү орнотуп албооң үчүн, балдарыңа жана аялыңа кубаныч тартуулоону унутпа.
Аиша (р.а.) энебиз айтат:
– “Аллахтын элчиси сахабалары менен отурган. Мен ага тамак жасасам, Хафса да тамак жасаптыр. Хафса менден биринчи жасап, Пайгамбарга ﷺ алып барып берди. Мен кызмат-чы аялга: – барып, Хафсанын тамагын көңтөрүп сал!– дедим.
Тамакты Пайгамбарыбыздын ﷺ астына узатканда, кызматчы аял табакты көңтөрүп жиберди. Тамак жерге төгүлүп, жайылып кетти. Пайгамбарыбыз жерде жаткан тамакты чогултуп, тазалап жеди. Анан мен тамагымды бердим. Пайгамбарыбыз ﷺ аны Хафсага берип: “сынган идиштин ордуна муну алгыла да,ичиндегисин жегиле” – деп айтты.
Үйдү тартиптөө.
Кээ бир аталар үйлөрүн унутуп коюшуп, башка иш-
терге көп алагды болушат. Ар бир буюм өз ордунда турган, таза жана тартиптелген үйдү көрүү кандай жакшы.
Үйдүн кооздугун толуктоо үчүн аракет кылуу керек. Кээ бир үйлөргө кирсең ашкана буюмдары уктоо бөлмөсүндө, уктоо бөлмөсүндө керектелүүчү буюмдар, конок үйүндө жатат.Бут кийим, окуу китептери жана башка буюмдар кичинекей балдарга оюнчук болуп керебеттин үстүндө жатканын көрөсүң. Бул көрүнүштөр, балдардын эртеден кечке урушуп,
талашып-тартышуусунан жана эненин чарчоосунан кийин пайда болгон. Биз үйдү жыйноодо жана тартиптөөдө, бактылуулук жана кубанычтын бар экенин унуттук. Балдардын тартиптүү болуп чоңоюусу үчүн, атасы аларга сыйлык берип, үй жыйноодо апасына жардам берүүгө көндүрүүсү зарыл.
Атанын бул жерде өтө чоң орду бар, анткени ал балдарына үлгү. Атанын үй жыйноосу жана тартипке келтирүүсү айып эмес. Эң жакшы инсан жана акыйкатты жакшы көрүүчү Аллахтын сүйүктүүсү Пайгамбарыбыз (ﷺ) үй-бүлөсүнө кызмат кылган, бут кийимин өзү жамаган, төөнү да өзү саап келчү. Инсандын кадыр-баркы үй буюмдарын тазалоо
менен кемибейт. Бардык жүктү аялга таштап коюу бул чоң жаңылыштык.
Эркектин үй иштерине аралашуусу балдарынын жакшы тарбиялануусуна чоң таасир тийгизет.
Ой жүгүртүп көрчү:
• Балдарың менен акыркы жолу качан ойногонуңду
качан тамашалашканыңды жана кубандырганыңды эстей
аласыңбы?
• Балдардын түйшүктөрү, сабактары,жөндөмдүүлүгү жөнүндө акыркы жолу качан сурадың?
• Балдарың менен тамактануунун адеби жөнүндө олтуруп сүйлөштүң беле?
• Үйдө нафил намаздарын окуйсуңбу?
• Сен үйүңө келгенде аялың, балдарың сени кубанып тосуп алышабы?
• Акыркы жолу качан аялыңа белек бергениңди эстей аласыңбы?
• Аялың менен акыркы жолу качан кеңешип, сүйлөшүп олтурдуң эле?
• Аялың менен болгон маселелерди балдарыңа угузбай чечүүгө аракет кыласыңбы?
• Аялыңдын укугун өзүңдүн укугуңдай ойлойсуңбу?
• Үйдү жыйноодо, тазалоодо аялыңа жардам берүүнү ойлондуң беле?
• Эгер үйгө ачка келсең, даяр тамак таппасаң
ачууланбайсыңбы?
• Эгер дүйнөлөк бир иште сени менен аялыңдын ортосунда келишпестик күчөп кетсе, эмне кыласың?
• Дин илиминде аялың билбеген нерселерди үйрөтүүгө умтуласыңбы?
• Аялың үй жумуштарын берилип жасаганы үчүн ага сөз же иш-аракет менен ыраазычылык айтасыңбы?
Энелер
Эмки сөз аялдар жөнүндө болсун. Жогоруда күйөөгө, үй жумуштарын жана балдарды тарбиялоону жалгыз гана аялга таштап койбоосу керектигин айттык. Тескерисинче, аялга жардам берүүгө чакырдык. Аялдын убактысы канча тар бол-
босун жана балдары канча көп болбосун, ал үйдү тартипке келтирип турса гана үйдө тазалык болот. Күйөөсү жумуштан
келгенде, жагымсыз (пияз, сарымсак, май ж.б.у.с.) жыттанып
же тамак жасаган кийими менен тосуп алуусу туура эмес.Ал күйөөсүнүн кайсы убакта жумушунан кайтарын билет. Ошондуктан, жарашыктуу кийинип, жакшы тосуп алууга аракеттенүүсү зарыл. Аялдын ашкана үчүн атайын кийими
болуусу керек. Ашканага киргенде ошол кийимин кийип, ал эми башка учурда башка кийимин кийгени жагымдуу болот.
Терезе-текчелердеги, эшиктин туткаларындагы,
үстөлдөрдөгү, жада калса ашканадагы идиш аяктарда көзгө көрүнүп турган чаңдар кандай жаман көрүнүш. Ал үйдө аял жокпу деп ойлоп кетесиң.
Үйгө кирген кезде дубалдагы, устундардагы, олтургучтардын аркасында жана башка көптөгөн жерлерде
жөргөмүштүн желеси самсаалап турган үйлөр да жок эмес.Шыпка дагы бир жолу карасаң, желе баскан шамалдаткыч-
ты көрөсүң. Бир күнү килемден жагымсыз жыт чыгып жатканын сезесиң. Бул үйдүн аялына кандай баа беребиз?
Талабы көп, дайыма нараазы, тили заар, кабагы ачылбаган, күйөөсү үчүн кооздонбогон,балдары-нын тарбиясына көңүл бурбаган, убактысынын көбүн телефондо сүйлөшүү менен жана сыналгы көрүү менен өткөргөн аялга кандай баа беребиз?
Күйөөсүн уйкудан ойгонгон кезде жылмайып тосуп алган, кулагына жагымдуу сөздөрдү сүйлөгөн, жарашыктуу кийинген, тамак берип узаткан, үйүнө жана балдарына жакшы көңүл бурган аял кандай жакшы аял. Анын сыйлыгын Аллах Таала гана берет.
Ата-эне менен болгон адеп
Ата-энеге жакшылык кылууда бар күчүбүздү жумшасак да, ал экөөнүн акысын актай албайбыз. Биз аларга жакшылык кылуу менен өзүбүзгө пайда алабыз. Балдарыбыздын бизге болгон жакшылыктарына жана Аллахтын ыраазылыгына жетебиз.
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар ﷺ айткан:
– «Бала, өз атасынын кул экенин көрсө, акысын төлөп сатып алып азаттыка чыгарат». (Муслим)
Ошону менен бирге эле ата-энесинин кадырына жетпеген адамдарды да көрөбүз. Кудум эле өзүн атадай, ал эми ата-энесин баладай кылып үнүн жогору көтөрүп орой мамиле кылгандардарды учуратабыз. Биз, Аллах Тааланын Курандагы эскертмесин унутуп койдукпу? Аллах Таала:
«Биз инсанга өз ата-энесине жакшылык кылууну буйрудук. Энеси аны алсыздыктын үстүнө алсыз болуп көтөрөт.
Аны эмизүү мөөнөтү эки жыл. Биз буйруганбыз: «Мага жана ата-энеңе шүгүр кыл. Кайтуу Мага гана» – деп эскерткен
эмес беле. (Лукман: 14).
Кээ бир балдар, ата-энеси менен маектешип олтуруу, Аллах жолунда согушка чыккандан да артыгыраак экенин билишпейт. Амир бин Ааьс риваят кылган хадисте, мынтип айтылган:
– «Бир күнү Пайгамбарыбызга (ﷺ) бир киши келип:
«Аллахтын жакшылыгын үмүт кылып, сиз менен согушка чыгууга келишим түзгөнү келдим» – деди. Пайгамбар: (ﷺ)
– «Ата-энең тирүүбү?» – деп сурады. Ал:
– «Ооба, экөө тең тирүү» – деп жооп берди. Пайгамбар (ﷺ): «Аллахтын жакшылыгын каалайсыңбы?» – деп сурады
кайрадан.
– «Ооба» – деди тиги.
– «Баргын да ал экөөнө жакшы мамиле кыл» – деди Пайгамбарыбыз (ﷺ) ага карап. (Бухарий, Муслим).
Бир жолу Абдулла Ибну Масуьд Пайгамбарга (ﷺ)
кайрылып:
– «Аллага жаккан эң жакшы амалдар кайсылар?» – деп
сурады. Пайгамбар (ﷺ):
– «Өз убагында окулган намаз» – деди.
– “Андан кийин кайсы” – деп сурады.
– «Ата-энеге жакшылык кылуу» – деди.
– “Андан кийинчи” – деп сурады.
– «Аллах жолунда согушка чыгуу» – деп жооп берди Пайгамбарыбыз. (ﷺ) ( Бухарий, Муслим).
Амир бин Ааьс риваят кылган хадисте,Пайгамбар (ﷺ) айткан:
“Аллахка шерик кошуу, ата-энеге жаман мамиле кылуу жана адам өлтүрүү чоң күнөөлөрдөн”. (Муслим).
Урматтуу жаштар! Силер ата-энеңерге иш аракетиңер же сөзүңөр менен жамандык кылсаңар, аларды жаман
көзүңөр менен карасаңар, аларга аяр мамиле жасабасаңар анын кайрымжысын жакында эле өз балдарыңардан кайтарып аласыңар. Же алардан ата-энеңерди сыйлагандай сый
көрөсүңөр. Ошондуктан силерге ажал келе электен мурда тооба кылууга шашылгыла. Берешен, Кечиримдүү Аллах күнөөңөрдү кечирет. Ата-эненин көзү тирүүсүндө урматтап-
сыйлап, алардын батасын, ыраазылыгын алууга шашылгыла! Анткени, ким ата-энесинин ыраазылыгына жетсе, ал
бактылуу адам. Себеби, ата-энеси ыраазы болгон адамдан Аллах да ыраазы болот.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев