Урматтуу биздин тайпанын мүчөлөрү, бүгүнкү күндөн баштап жаңы китепти сиздер менен чогуу окуп баштайбыз, ин шаа Аллах.))
1-күн
“БИСМИЛЛАХ”
АЯТ:
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен (Фатиха:1).
ХАДИС:
Ал (бисмиллах) – Аллахтын ысымдарынан бири болуп саналат. Анын Аллахтын эң улуу ысымдары менен жакындыгы көздүн агы менен карасы сыяктуу (Хаким, Ал-Мустадрак: 1/552).
ОКУЯ: Ар бир иштин башы – “БИСМИЛЛАХ”
Мындан бир топ жыл илгери Ислам динин бекем карманган Салиха аттуу бир такыба аял жашап өткөн экен. Анын жакшы бир адаты бар эле. Ал ар бир ишин ар дайым “Бисмиллах” – деп баштачу. Бирок анын жолдошу Исламга көп деле маани бербеген адам эле. Ал аялынын “Бисмиллах” – дегенин укканда эле: “Ар дайым эле “Бисмиллах” – деп айта бергендин эмне кереги бар?!” – деп өзүнчө кыжыры кайначу.
Бир күнү ал жубайына ар дайым “Бисмиллах”- деп айтуунун эч пайдасы жок экенин бир көргөзөйүн – деген максатта ага бир кисе (алтын-күмүш салынчу баштыкча) алтын берип, аны ишеничтүү жерге сактап коюусун эскертет. Жубайы кисени алаарда дагы “Бисмиллах”- деп төркү бөлмөнү көздөй жөнөйт. Күйөөсү артынан билгизбей ээрчип, тымызын аңдыйт. Жубайы төрдөгү сандыктын жанына келип, сандыктын оозун “Бисмиллах” – деп ачып, колундагы кисени салып коет.
Арадан бир-эки күн өткөңдөн кийин күйөөсү сандыкка жашыруун барып, андагы кисени алып, сыртты көздөй шашыла жөнөйт. Айылдын чет жакасында жайгашкан кудукка келип, кисени кудукка ыргытып жиберет. Үйүнө келип, жубайына: - Салиха, акча керек болуп жатат, кисени алып келчи- дейт. Жубайын кытмыр карап, эми кантээр экен деп ичинен кымыңдап отурат. Келинчеги төркү бөлмөгө кирип “Бисмиллах”- деп сандыкты ачат. Караса кисе сууланып калыптыр. “Кызык, бул кисе кайда жүрүп сууланып калган”-деп өзүнчө күбүрөнүп таң калат. Жолдошу төркү бөлмөдөн чыгып келаткан жубайынын колундагы кисени көрөөр замат мууну калчылдап, апкаара түшөт. Бир саамдан соң үнү дирилдеп:- Билесиңби, Салиха! Кисени кудукка мен өз колум менен ыргыткан болчумун. “Бисмиллах” сени уят кылган жок. Бисмиллахтын
кереметине эми ишендим! Кечир мени, күнөө менден кетти- деп көзүнөн жашы тегеренет.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1
Аят: Аяттарыбызга ишенбегендерди биз отко киргизебиз. Алардын терилери тозокто куйуп бутор замат, алар азапты татышы учун биз аны бащка териге алмаштырабыз. Чындыгында Аллах- ызаттуу, даанышман (Ниса;56).
Хадис: Тозоктун устуно кыл копуросу тартылат. Бул копуродон уммотум менен эн алгачкы Пайгамбарлардан болуп мен отом (Бухари).
Окуя: Тозок оту
Аббаси мамлекетинин белгилуу халифасы Харун Рашиддин убагында жашаган Бахлул Данаа кез-кезде башында мандеми бар адамдарга таандык муноз куто турган. Ушул себептен бардыгы аны келесоо деп ойлочу. Бирок ал муну бир максатта жасай турган. Бахлул Даанаа дайыма Харун Рашиддин жанында жандап журчу. Ар туркун масалелердин жыйынтыгы аркылуу ага эскертуу берчу. Кундордун биринде усту-башы чан- топурак басып, узун сапардан келе жаткандыгын билгизип Харун Рашиддин астынан чыгат. Харун Рашид сурады;
-Турун эмне болуп калган, кайдан келе жатасын?
-Эй, окумдар! Тозоктон келе жатам.
-Тозокто эмне ишин бар?
-От керек болуп. от алуу учун баргам.
-Ан...ЕщёТОЗОК

-Андай болсо, от алдынбы?
-Жок ала алган жокмун. Тозоктун сакчыларына жолуктум, алар: - Бул жакта сен ойлогондой от жок. Отту ар ким жалган дуйнодон озу менен бирге алып келет.
" Ар бир кунго бир аят, бир хадис. бир окуя" китебинен