✏Экинчи бөлүм.
Адептер:
1. Адамдын өзү менен болгон адеби.
2. Үй бүлөсү менен болгон адеби.
3. Достору менен болгон адеби.
4. Тазалык адеби.
5. Мечиттин адептери.
6. Аалымдар менен болгон адептер.
7. Кураан менен болгон адептер.
8. Ажылыктын адептери.
9. Базар адептери.
10. Мекеме-ишканаларда сакталуучу адептер.
11. Адамдарды урматтоо адеби.
12. Бакча жана коомдук жайларда сакталуучу адептер.
13. Конокко баруу адеби.
✏Адамдын өзү менен болгон адептери:
• Чачымдын тазалыгына жана тырмагымды жума сайын кыскартып турууга көңүл бурамын.
• Жүзүмө көңүл бурамын.
• Кийим кийүүдө ысырап кылбаймын.
• Тилимди сактап, ойлонуп сүйлөймүн.
• Жагымдуу атыр колдономун.
• Тишимди мисвак же тиш пастасы менен тазалаймын.
✏Чач жана тырмактар.
Ислам дини мусулманды жагымдуу көрүнүштө болуусуна чакырат. Пайгамбар ﷺ ушуга өтө көп көңүл бурат эле.
Пайгамбар: (ﷺ) – «Кимдин чачы болсо, аны кадырласын» – деп айткан. (Абу Дауд).
Анас айтат: “Пайгамбар ﷺ чачын майлап тарайт
эле”. (Тирмизий).
Жаабир айтат: бир жолу Пайгамбар ﷺ бир киши-
нин чачы үксүйүп калганын көрүп: – “Бул адам чачыны тараганга эч нерсе таппадыбы” – деп айтты.
Абу Хурайрадан риваят болгон хадисте, Пайгамбар ﷺ айтты: – “Беш нерсе табияттан: сүннөткө отургузуу,аврат жерлердеги жана колтуктагы түктөрдү тазалоо, тырмактарды алуу, мурутту кыскартуу”. (Бухарий).
Ислам дини ар дайым тазалыкка чакырат. Тазалык ден-соолукту чындоого, рухту тазалоого жана Аллахка жакындоо-
го шарт түзөт. Ошондой эле, өздүк гигиенанын жоопкерчилигин сезе билүү да исламдагы негизги милдет болуп эсептелет.Бирок, кээ бир адамдар тамеки тартуу, спирт ичимдиктерин
ичүү жана башка ушул сыяктуулар менен өздөрүн зыянга учуратышат. Мектеп жашындагы эле кыз-балдардын тамеки тартып бара жатканын көрүп жаның кейийт. Аганы көрүп ини өсөт дегендей агаларын көргөн жаштарга мындай нерселер кызыктуу көрүнсө керек. Алар өз жандарын өлүмгө түртүп
жатышкандарын кайдан билишсин.
Колтуктагы түктөрдү тазалабай коюу гигиеналык коркунучтарга алып келет. Мындан сырткары жагымсыз жыт-тар чыгып айланасындагыларга зыян тийгизет.Азыркы кезде биздин татынакай эле кыздарыбыз тырмактарын ороктой кылып өстүрүп алгандары аз келгенсип,кызыл-тазылга боёп да алышат. Сырттагы адамга бул өтө
жийиркеничтүү көрүнгөнү менен аларга мода болуп жатпайбы. Менимче төмөндөгү далилдер аларга сабак болоор.
Тырмакты албай коюу бактериялардын көбөйүүсүнө жана тырмактын алдындагы назик теринин ичине кирип кетүүсүнө себеп болот. Бул көптөгөн ооруларды алып келет. Анан да узун тырмактуу жаныбарларга окшогон бул көрүнүш эч кимге жакшы таасир калтырбайт.
Ислам дини кандай сонун, ал бизди сырткы кооздугу-бузду сактоого чакырат. Сырткы көрүнүшүбүздү жакшы сактообуз ибаадат болуп да эсептелинет.
✏Тиштер
Тиш Аллах Тааланын бизге берген белеги. Тиш менен денеге пайда берүүчү тамактар чайналат. Тишти тазалоо ден-соолукту сактоонун эң маанилүү каражаттарынан.
Анын оорусу өтө катуу. Ошол себептен, аны дарылоо милдет. Пайгамбар ﷺ инсандын ден соолугун сактаганды-
гы үчүн жана башкаларды ооздон чыккан жагымсыз жыт менен жийиркентпөө үчүн тиштерди тазалоого көп көңүл бурган. Пайгамбар ﷺ:
– «Мисвак колдонгула, ал тишти тазалайт жана Аллахтын ыраазылыгына жеткирет. Жабраил мага мисвак колдонууну өтө көп осуят кылгандыктан, мисвак мага жана менин
үммөтүмө парз болуп калат го деп ойлоп калдым” – деп айткан. (Ибну Маажа).
Абу Айюб Ал-ансарий риваят кылган хадисте, Пайгамбар ﷺ айткан:
– «Эки периште үчүн, намаз окуп жаткан кишинин тишинин арасындагы тамактын калдыгын көрүүдөн өткөн жагымсыз нерсе жок”.
Мисвак тишти сактайт, тиштин бүйлөсүн бекемдейт жана шилекей бездерин жакшы иштетет. Тиштин таза жана
жакшы жыттануусу үчүн тиш пастасын, тиш щеткасын колдонууга да болот. Булардын баары адамдын чың ден соолукта, жакшы жашоо сүрүүсүүнө шарт түзөт.
Пайгамбарыбыз ﷺ сарымсак же пияз жеген адамдын мечитке келүүсүснө эмне үчүн тыюу салганын эми
түшүндүңбү?
✏Кийимдер.
Кийим уяттуу жерлерди жабат, намаз үчүн адамды кооздойт.Аллах Таала: “Эй, адам балдары! Ибаадатка эң мыкты
кийиминерди кийгиле. Жегиле, ичкиле, бирок ысырапкорлук кылбагыла! Анткени, Аллах ысырапкорлорду жакшы көрбөйт” – деп айткан. (Аараф:31). Ошондой эле: “Эй, адам
балдары! Уяттуу жерлериңерди жана сулуулугуңарды жабуу үчүн кийим түшүрдүк. Бирок, такыбалыктын кийими -эң жакшы (кийим). Бул – Аллахтын белгилеринен. Балким
түшүнөөрсүңөр” – деген. (Аараф: 26).
Инсан өзү жашап жаткан чөйрөсүнө көрүнүшү, тазалыгы жагынан ылайыктуу кийинүүсү керек.Абдулла ибну Масуьд риваят кылган хадисте, Пайгамбар ﷺ :
– «Кимдин жүрөгүндө кыпынчалык текеберлик болсо бейишке кирбейт» – деп айтты. Ошондо бир адам:– «Эгерде кооз кийимдерди кийүүнү кааласак, бул дагы
текеберлик болобу” – деп сурады.
– “Аллах Таала сулуу жана сулуулукту жакшы көрөт. Ал эми, текеберлик ал акыйкатты кабыл кылбоо жана адамдарды кемсинтүү» – деп жооп берди Аллахтын элчиси(ﷺ)(Муслим).
Инсан кандай жумуш менен алектенбесин, жумушун да өз убагында аткарып, сырткы көрүнөшүнө да көңүл буруп жүрүүсү керек. Бул ысырапкордук же текеберлик эмес.
✏Жыттуу атырлар
Пайгамбарыбыз ﷺ жыттуу атыр себинип, адамдарды да атыр себинүүгө кызыктырат эле. Ар бир инсан өзү жа-
шаган чөйрөсүнө жараша атырдын түрүн тандайт. Сүйүктүү Пайгамбарыбызга (ﷺ) атыр белек кылышса, аны кайтарчу эмес. Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбары-
быз (ﷺ) айткан: – «Кимге райхан сунушталса, аны кайтарбасын. Себеби ал сонун жыттуу суюктук”.
Ибн Кыйам айтат: «Жыпар жыттардан рух азыктанып кубаттанат. Ал эми, кубаттуулук жыпар жыт менен күчөйөт”.Атыр себинүү мээге, жүрөккө, жада калса ички орган-
дарга да таасирин тийгизет. Жүрөгү жана нафси кубанып,руху жыргайт. Дүйнөдөгү адамдардын эң жыпар жыттуусу сүйүктүү Пайгамбарыбыз (ﷺ)эле.
✏Шамдагайлык жана жылмайуу.
Абу Зарр риват кылган хадисте, Пайгамбар ﷺ айтты: – “Бир тууганыңды жылмайып тосуп алууну «жеңил нерсе» – деп кош көңүлдүк кылба!” ( Муслим).
Аллах ыраазычылыгы үчүн жүрөктөн чыккан чыныгы жылмаю кандай сонун! Жылмаюу, кыйынчылыктарга дуушар болгон адамга колдоо көрсөтүп, сабыр кылуусуна демберет. Башкалардын кыйынчылыгын бөлүшүп, жүрөктөрүн сүйүүгө толтурат. Жылмаюу, ички дүйнөсүндөгү сезимдерди ойготуп, толкундануу жана кубануу чагылгандай жаркырап жүзүнө чыгат. Жада калса рухтар жана жүрөктөр эс алат. Абу
Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (ﷺ)
– «Чындыгында силер адамдарга мал дүйнөңөр менен эмес, жылмаюу жана жакшы кулк-мүнөз менен гана жардам
бере аласыңар” – деп айткан. (Тирмизий).
Сага бир тууганың дайыма жылмайып караганын
эстейсиңби? Аны жакшы дубанда унутпа.
✏Тил
Аллах Таала инсанды кадырлап тил нээматын берди. Аллах Таала Кураанда: “Анан да тили менен эки эриндеринчи?
Аны эки жолго багыт алдырдык” – деп, тилди немат кылып бергендиги жөнүндө айткан. (Балад: 9-10). Ошондой эле:
“Мээримдүү (Аллах) Ага сүйлөөнү үйрөткөн”деген да аяттар бар. (Аррохман: 1-4).Тил Улуу Аллахтын пендесине берген жакшылыгы. Аны адамдар өз эркин билдирүүчү, түшүндүрүүчү булак катары пайдаланышат. Тилдин баркыны сүйлөй албаган дудуктар гана билишет.
Тил, жакшылыкты же жамандыкты айтып билдирүүчү мүчө. Ошол себептен Аллахка эсеп берүүнү же азапты ой-
лобой, тилди бош коюп, каалаганын сүйлөй бербөө керектигин эскертип, Аллах Таала: “Эмне сөз сүйлөсө да, анын алдында көзөмөлдөгөн (периште) даяр турат” – деп айткан.
(Коф: 18). Ошондой эле: “Ар бир чоң жана майда иштер (жазылган)” – деп да эскерткен. (Комар: 53).
– Бир сөздү айтуу менен Исламга киребиз, бир сөздү айтуу менен Исламдан чыгабыз.
– Бейишке кирүү өлүмдөн мурда айтылчу шахаадат келмесине байланыштуу эмеспи?
– Эки жашты бакытка бөлөөчү нике да тил менен болот эмеспи?
– Үй-бүлөнү бузуучу талак да тил менен болбойбу?
– Жакшы сөздөрдү сүйлөөгө кызыктырган жана уятсыз сөздөрдөн сактанууну эскерткен да тил эмеспи.
– Адамдардын соода-сатыктагы мамилелери тил менен болбойбу?
– Далил жана күнөөдөн баш тартуу тил менен эмеспи?
– Баардык мүчөлөдүн күн сайын тилге кайрылышаарын уккан эмес белең? Алар эртең менен тилге кайрылып: “ Биз үчүн Аллахтан корк. Эгер сен туура жолго барсаң биз да туура жолго барабыз, эгер сен туура эмес сүйлөсөң, анда биз
азап тартабыз” – деп суранышат го.Жакшы жагымдуу сөзгө элдер тартылат. Жаман жагым-
сыз сөздөрдөн элдер качышат. Тилдин заарын айбандардын да билгени (сезгени) таң калыштуу. Жакшы жана жаман
сөздүн натыйжасын салыштыр. Жалаа жана чагымчылык кылуу тил менен эмеспи? Жана ал экөөнү Аллах Таала арам
кылган эмес беле?Күндүзү орозо тутуп, түнкүсүн намаз окуп бирок, тили менен кошунасына тынчтык бербегендиги үчүн тозокко кирген аял жөнүндө билбейсиңби?
“Аллах жакшы сөздү бекем тамырдуу, бутагы көктү тиреп өскөн мыкты даракка салыштырып мисал кылганын
көрдүңбү” – деген аятты уккан белең.
Пайгамбардын (ﷺ) хадистерине кунт коюп окуп көрчү. Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар (ﷺ):
– « Ким Аллахка жана акырет күнүнө ишенсе жакшы сөз сүйлөсүн же унчукпасын» – деп айткан. (Бухарий).
Бир жолу Абу Муса Пайгамбарга (ﷺ) кайрылып:– «Оо,Аллахтын элчиси! Кандай мусулман жакшыраак»? – деп сурады. Пайгамбар(ﷺ):
– «Башка мусулмандар анын тилинен жана колунан зыян тартпаган адам» – деп жооп берди. (Бухарий).
Ибн Умар риваят кылган хадисте, Пайгамбар (ﷺ):
– «Аллахты эскерүүсүз сөздү көбөйтпөгүлө. Чындыгында Аллахты эскербей көп сүйлөө жүрөктү карартат. Эгер
адамдар Аллахтан алыстаса жүрөгү таш боор болуп калат»– деген. (Тирмизий).
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар (ﷺ):
– «Кимде-ким, эки жаагынын жана эки бутунун ортосундагы мүчөлөрүн Аллах ыраазылыгы үчүн күнөөдөн сактаса, ал бейишке кирет» – деген. (Тирмизий).
Ошондой эле Пайгамбарыбыз (ﷺ) айткан:
– «Эгерде пенде Аллахты ыраазы кылуучу сөздөрдү сүйлөсө, Аллах анын даражасын көтөрүп, балээден сактайт.
Эгерде Аллахты каарданткан сөздөрдү сүйлөсө, анда балээге
кабылып, тозокко түшүрүлөт». (Бухарий).
Мусулман пенде, эч кимге каргыш айтпайт жана доомат кылбайт. Ибну Масьуд риваят кылган хадисте, Пайгамбар (ﷺ):
– «Аллага ыйман келтирген адам каралоочу болбойт,каргыш айтпайт, адепсиздик жана уятсыздык кылбайт» – деген. (Тирмизий).
Абу Дарда риваят кылган хадисте, Пайгамбар (ﷺ):
– “Ким башка бирөөнү каргаса, ошол каргышы асманга көтөрүлөт, ага асман эшиктери жабылат да кайра жерге түшөт. Жердин да эшиктери жабылат. Оңго карайт, солго карайт жана наалат кылынган кишиге барат. Эгер ал ошого татыктуу эмес болсо, айткан кишинин өзүнө кайтат» – деген. (Абу Дауд).
Мусулман пенде жалган сүйлөбөйт, керексиз талашыптартышпайт.
Абу Умама Аль-Баахилий риваят кылган хадисте, Пайгамбар (ﷺ):
– “Сөзү акыйкат болсо да талашып-тартышууну таштаган адамга бейиштин четинен үй курулат. Тамаша болсо дагы жалган сүйлөбөгөн адамга бейиштин ортосунан үй курулат. Ал эми, жакшы кулк-мүнөз ээсине бейиштин төрүңөн
үй курулат» – деп айткан. (Абу Дауд).
Биз дагы мусулманбыз. Аллахтын китеби жана Пайгамбардын (ﷺ) сүннөтү сыяктуу байлыктар бизге да тиешелүү. Бирок, эң өкүнүчтүүсү, кыйбат-ушак, талаш-тартыш, каргыш жана тилдөө, жалган айтуу жана уятсыз сөздөрдү сүйлөөдөн өзүбүздү тыя албай келебиз. Адамдардын бүгүнкү абалына көз жүгүртсөк каргыш сөзүнүн көп жайылганына таң калабыз. Каргыш айтуучу
адам каргышы менен өзүнүн мүмкүнчүлүгүн чечип алам деп ойлойт. Ошондой эле башкаларды күлдүрүү үчүн жалган та-
машаларды ойлоп чыгаргандар да бар.
Бахз Ибну Хакимдин чоң атасы риваят кылган хадисте, Пайгамбар (ﷺ) айткан:
– “Адамдарды күлдүрүү үчүн жалган айткан адамга тозок болсун”!
Кээ бир адамдар үйүндө, чогулуштарда, ишинде бирөөлөрдү жамандап же мактап бекер олтурушат.
Сүйлөшүүдө Аллах Тааланы эстөө, Кураан окуу, Пайгамбардын (ﷺ) сүннөттөрүн үйрөнүү, жакшы адамдардын өмүр баянын окуу болсо гана дүйнөдө жана акыретте пайда берет. Ошондуктан пайдасыз ашыкча сөздөрдөн алыс болуп, пайдалуу иштер менен алек болуу керек. Пайгамбарыбыз (ﷺ) унчукпаса ойлонуп, сүйлөсө зикир кылчу.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев